Түркияда кооптуу үйлөр дагы эле көп

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин иштеп жаткан куткаруучулар.

30-октябрда Түркиянын Измир аймагындагы зилзаладан каза болгондордун саны 83 кишиге жетти. Миңге жакын жаран жарадар болгону кабарланды. Жергиликтүү бийлик үйсүз калган тургундарды убактылуу батирлерге жайгаштырып, президент Режеп Тайып Эрдоган аларга тез арада жаңы үй салып берүүгө буйрук берди.

Түркиянын туш тарабынан Измир аймагына келген эки миңден ашык куткаруучу зилзаладан кийинки урандылардын алдынан аман-эсен калгандарды чыгарып жатат. 65 сааттан кийин табылган үч жаштагы Элифтин куткарылышын жергиликтүү маалымат каражаттары «керемет окуя» деп аташты.

Измир аймагына караштуу Урла районунда көп жылдардан бери үй кызматында иштеген мекендешибиз Жылдыз зилзаладагы үрөй учурган кырдаалды айтып берди:

«Бул жер титирөө баарыбызды коркутту. Мен үйдүн ичинде болчумун, кожоюндарым сыртта жүргөн. Бир маалда эле жер титирей баштаганда кожоюндарым «Сыртка чык!» деп кыйкыра баштады. Мен коркконумдан нес болуп, эч нерсе кыла албай, баса да албай калдым. Жер силкинип бүткөндө сыртка качтым. Измирдеги кыргыз тааныштарыма чала баштадым. Айрымдары «жакшыбыз» дешти. Бир таанышым болсо «Кыргызстандагы балдарыма аман-эсен жетсем экен» деп аябай ыйлап алыптыр. Азыр эми телевизордон эле «канча киши өлдү, канча киши жабыркаптыр» деп карап отурабыз. Кудайым чет жерде жүргөн бардык кыргыздарга күч-кубат берсин. Мекенибизге аман-эсен кайтсак экен. Бул жакта түрк эли менен катар биз деле коркуп отуруп калдык».

Измир шаарында үйсүз калган жарандарга тигилген чатырлар.

30-октябрдагы зилзаладан кийин түрк өкмөтү жана жергиликтүү бийлик Измир аймагында 500дөн ашык чатыр тигип, элге ысык тамак жана дары-дармек таратып жатат. Түркиянын айлана-чөйрө жана шаарлаштыруу министри Мурат Курум үйсүз калган тургундарга убактылуу батир берилерин кабарлады. Ошондой эле түркиялык жеке менчик фирмалар, белгилүү инсандар жана ыктыярчылар зилзаладан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү акциясын башташты.

Мындай ыктыярчылардын арасында кыргызстандык Нурай Изги да бар. Ал жолдошу менен чатырда баш калкалап тургандарга жардам берип жүрөт.

«Азыр Измир калкынын маанайы, албетте, жаман. Баарыбыз эле коркуп отурабыз. Биз жолдошум менен атайын чатырлар курулган жерге барып, кыргыздардын атынан кичинекей балдарга памперс, кол аарчы, алгач керектелчү нерселердин баарын тапшырып келдик. Ошол жердеги эки чатырда жайгашкандардан жана куткаруучулардан сурадым, «кыргыздар барбы» деп. Кыргызстандыктар катталбаганын айтышты. Бирок үч өзбекстандык жаран жабыркаганын кабарлашты», - деди ал.

Измир шаарына караштуу Байраклы районунда зилзаладан алты үй толугу менен урады. Ондогон имараттар менен үйлөргө жарака кетип, андагы жашагандар башка жерлерге көчүрүлдү. Жергиликтүү элдин сөзүнө караганда, серепчилер зилзалада ураган үйлөрдүн эскилиги жетип, күчтүү жер титирөөгө туруштук бере албай турганын эбактан бери айтып келишкен.

Ушундай эле ойду Түркияда көп жылдардан бери курулуш фирмасын жетектеп келген кыргызстандык Шерикбек Акимов да баса белгиледи:

«Измирде кулаган үйлөрдүн сапаты чын эле начар болчу. Алар Түркияда 1999-жылы болгон жер титирөөдөн мурун курулган экен. Түрк өкмөтү президент Режеп Тайып Эрдогандын көзөмөлүндө «реновация долбоору» менен алты миллионго жакын үйдү баштан кайра курууну караган. Бирок аны аткаруу иши жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Бул долбоор өз убагында жасалышы керек болчу. Эгер биз Интернеттен Түркиянын сейсмологиялык коопсуздук картасын карасак, Измир, Стамбул жана Анкара шаарлары жер жаракасы өткөн тилкеде турат. Ал эми азыркы курулуп жаткан үйлөргө коюлган талаптар күчтүү. Мисалы, көз каранды эмес атайын топ үйдүн курулушунда колдонулган темирдин жана цементтин сапатын текшермейинче курулушка уруксат берилбейт».

Түркиянын Айлана-чөйрө жана шаарлаштыруу министрлигинин расмий статистикасы боюнча өлкөдө жалпысынан жети миллионго жакын көп кабаттуу үй сейсмологиялык талаптарга ылайык жараксыз. Башкача айтканда өлкөдөгү турак жайдын 30% жараксыз. Ал эми түрк өкмөтүнүн атайын программасына ылайык алдыдагы беш жыл ичинде бул үйлөр толугу менен жаңыланышы керек.

Түркияда акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Бул кырсыкта 644 киши набыт болгон.