Эрдогандын атаандашы түрмөдөн кайрылды

Абактагы Салахиттин Демирташтын жактоочулары. Стамбул, 17-июнь, 2018-жыл.

Түркияда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызып, акыркы аптасына келди. Президент Режеп Тайып Эрдоган 24-июндагы мөөнөтсүз шайлоону биринчи айлампада эле утууга умтулса, анын атаандаштарынын бири элге абактан кайрылды. Эрдоганга бул шайлоодо беш, анын ичинде аял саясатчы да атаандаш болуп атат.

Абактагы саясатчы, күрттөрдүн таламын талашкан жана парламентте орду бар Элдик-демократиялык партиянын лидери Салахиттин Демирташтын 10 минуттук кайрылуусун мамлекеттик ТРТ телеканалы шайлоо мыйзамынын талабына ылайык, 17-июнда обого чыгарды.

Түркиянын шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерлердин ар бири мамлекеттик же коомдук телеканалдын обосун 20 мүнөт бекер пайдаланууга укуктуу.

"Күрт согушкерлерине байланышы бар" деген айып менен акыркы 20 айдан бери абакта олтурган Демирташ өз кайрылуусунда Эрдогандын бийлигин “репрессиялык режим” деп айыптап, өлкөдөгү кырдаалдын оң же тескери жагына өзгөрүшү алдыдагы шайлоого көз каранды экенин эскертти:

- Эгер силер АК партияны жана Эрдоганды тандасаңар, бул өлкөнүн бүткүл тагдыры бир адамдын гана оозуна көз каранды болот. Сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин башкы ыйгарымдары бир адамдын колуна топтолот. Бир адамды көзөмөлдөп, чектеген эч бир институт болбойт. 81 миллион кишинин тагдыры бир адамдын ырайымында калат. Биздин бүгүнкү жашообуз - бир адамдын режиминин башталышы гана. Фильмдин коркунучтуу бөлүгү алдыда. Коркунучтун атмосферасы башталар-башталбасын силер 24-июнда өз добушуңар менен чечесиңер. Мен президенттикке негизинен жаштар менен аялдарга таянып аттандым. Менин бул жердеги мүмкүнчүлүктөрүм чектелүү. Бирок силерге шайлоо өнөктүгүн ишеним жана кыйышпастык менен жүргүзөт деп ишенем. Ошондой эле силер шайлоо үкөктөрүн ишеним жана кайрат менен коргой турганыңарды билем, - деген Демирташтын сөздөрүн Стамбулда миңдеген жактоочулары ачык асман алдында угушту.

Салахиттин Демирташтын жактоочулары. Стамбул, 17-июнь, 2018-жыл.

45 жаштагы Демирташ буга чейин 2014-жылдагы алгачкы түз шайлоодо да Эрдоганга атаандаш болуп үчүнчү орун алган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эрдогандын атаандашы түрмөдөн кайрылды

Ал арада президент Режеп Тайып Эрдоган өзү алдыдагы шайлоону биринчи айлампада эле утуп чыгууну көздөп турат:

Режеп Тайып Эрдоган.

​ ​- Алдыдагы алты күндү биз ийгиликтүү өткөрөбүз деп үмүттөнөм. Кудай колдосо жекшембиде аткаруу бийлиги бар президенттик системаны силер АК партия менен бирге баштайсыңар! Батыш 24-июнду күтүп жатат. Батыш эмнени күтүп жатат? "Эрдоган кантип кулайт?" деп күтүп жатат. Биз Батышка да тийиштүү сабак берүүгө даярбызбы?, - деди Эрдоган 17-июнда Стамбулдан миңдеген жактоочуларына кайрылып.

Расмий Анкаранын планы боюнча июндагы мөөнөтсүз шайлоодон кийин Конституцияга былтыр апрелдеги талаштуу референдумда жактырылган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.

Эрдогандын шайлоо митинги. Стамбул, 17-июнь, 2018-жыл.

Ага ылайык, алдыда Түркияда 1923-жылы республика түзүлгөндө пайда болгон саясий институт - премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтүшү керек.

Бирок Эрдогандын атаандаштарынын арасында "бул системаны өзгөртүп, Түркияны кайра парламенттик башкарууга кайтарабыз" дегендер да бар.

Мерал Акшенер.

- Биздин максат - бийликке келүү. Мурда оюн талаасында бир эле дарбаза болчу, азыр дарбазалар көбөйдү. Силер эми башкача Түркияны көрөсүңөр, - деди "Жакшы партия” деген саясий күчтүн лидери Мерал Акшенер. Ал мурда Түркиянын ички иштер министри, парламентте төраганын орун басары болгон.

Акшенер жана оппозициядагы башкы саясий күч - Республикалык-элдик партия (CHP) президенттикке көрсөткөн парламент депутаты Мухарррем Инже Эрдогандын башкы атаандашы катары каралууда.

Коомдук пикирди сурамжылоонун айрым жыйынтыктарына караганда, Эрдоган биринчи айлампада жеңиш үчүн талап кылынган добушту албай калышы да мүмкүн.

Мухаррем Инже.

"​Plus Mayak" деген уюмдун сурамжылоосунун 13-июнда жарыяланган жыйынтыгына караганда, Эрдоган биринчи айлампада 45,8%, Инже 28,9%, Акшенер 13,1%, ал эми Демирташ 10,2% добуш алышы мүмкүн.

Ал эми АКАМ уюмунун жыйынтыгы 13-июнда жарыяланган. Анын сурамжылоосу Эрдоган биринчи айлампада 44,5%, Инже 29%, Акшенер 14,5%, Демирташ 9,3% аларын көрсөткөн. REMRES уюмунун 6-13-июндагы сурамжылоосуна караганда Эрдоган 43,6%, Инже 29,5%, Акшенер 12,3%, Демирташ 11,4% добуш алышы күтүлөт.

Буга чейин 2014-жылдын 10-августунда болгон шайлоодо Эрдоган 51,79% добуш менен жеңишке жетишкен.

Түркиядагы 24-июнга белгиленген президенттик шайлоо мерчемделгенден бир жыл, парламенттики жарым жыл эрте өтүп жатат.

Шайлоо ошондой эле бул жолу өзгөчө абалдын шартында өткөнү турат. 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген мындай тартип үч ай сайын узартылып, азыркыга чейин сакталууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.