Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын казакстандык жаран, активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга кайтарып берүү токтомун күчүндө калтырды. Тунгышбаевдин жактоочулары Нурбек Токтакунов жана Замир Жоошев Башкы прокуратуранын мындай токтомунун үстүнөн арыз менен сотко кайрылган. Соттук чечим кассациялык түрдө күчүнө киргендиктен эми УКМК Тунгышбаевди каалаган учурда Казакстанга өткөрүп бериши мүмкүн.