Бишкек казак активистинин арызын карап жатат

Муратбек Тунгышбаев.

Кыргызстанда казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевдин качкын макамын сураган арызы каралып жатат.

Анын адвокаты Нурбек Токтакунов "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга жолтоо болуп жатат" деп билдирди. Ал ортодо кыргызстандык жана казакстандык активисттер Тунгышбаевди экстрадициялоого каршы кол топтоп киришти.

Казакстандык активист жана блоггер Муратбек Тунгышбаев соңку төрт жылдан бери Кыргызстанда жашап келген. Кошуна өлкөдө ага "тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деген доомат коюлуп жатат. Казак бийлиги активистке "Кылмыштуу топту каржылоо”, “Экстремисттик уюмдун ишине катышуу” беренелери менен май айынын башында кылмыш ишин козгогон.

Казакстандын өтүнүчү менен 10-майда кармалган Тунгышбаев муну саясий куугунтук деп баалап, ошондон көп өтпөй качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчү менен Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматына арыз жазган.

Мамлекеттик миграция кызматынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" казак активистинин арызы каралып жатканын билдирди:

- Арыз келип түшкөнү чын. Карап жатабыз. Качкын макамын алуу тууралуу арыз бир жыл ичинде каралат, анын процедурасы көп.

Ал ортодо адвокат Нурбек Токтакунов УКМК качкын макамын берүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүүгө жолтоо кылып жатканын билдирди. Жактоочу муну менен Тунгышбаевдин укугу бузулуп жатканын жана бул маселеге байланыштуу атайын кызматтын төрагасы Идирис Кадыркуловго арыз тапшырылганын билдирди.

Нурбек Токтакунов.

- Биздин улуттук коопсуздук комитети аны саботаж кылып жатат. Азыр Тунгышбаев түрмөдө отурбайбы. УКМК Мамлекеттик миграция кызматына аны менен маектешип чыкканга уруксат бериши керек. Аларга уруксат берилбей, азыр процедуралар өтпөй жатат.

УКМК менен Миграция кызматы бул маалыматка эч кандай комментарий берген жок.

Ал ортодо кыргызстандык жана казакстандык активисттер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоого каршы кол топтоп жатышат. Алар кайрылууда казак активистин мекенине өткөрүп берүү улуттун аброюна шек келтирерин белгилешкен.

Кыргызстандагы укук коргоочу жана "Коомдук анализ институтунун" жетекчиси Рита Карасартова качкын макамын берүү тууралуу арыз алынгандан кийин ал адамды экстрадициялоого укуктук негиздер жоктугун белгилейт:

Рита Карасартова.

- Эки маселе бар, бирөөсү укуктук, экинчиси саясий. Укуктук жактан алганда Тунгышбаев 2014-жылдан бери Кыргызстанда жашап келген. Кыргызстан жөнүндө мыкты тасмаларды тартып, жаратылышыбыз кандай сонун экенин дүйнөгө даңазалап турган. Демократиялык, мыйзамды сыйлаган өлкөлөргө барсаң алар качкын макамын сурап арыз жазган күндөн тартып, "мына, арызы бар, бизден суранып келди, мыйзам бар" деп, өз өлкөсүнө өткөрүп бербейт. Анда "биз демократиялык эмеспиз, биз башка мамлекеттин кысымына ийилип кетебиз" деп ачык айтыш керек болчу. Тунгышбаев азырынча соттоло элек, айыбы гана угузулду. Биз кылмыш кылып, соттолгон адамдарды "бергиле" десек да Казакстандан эч качан, бир да кишини кайтарган эмес. Ошол эле Данияр Үсөнөв (Кыргызстандын мурдагы премьер-министри - авт.), баары эле Казакстанда бизнесин жасап жүрүшөт.

Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон чечимин чыгарган.

Ушундан кийин активист эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сураган билдирүүсүн тараткан. Тунгышбаев Кыргызстандын атайын кызматы аны саясий негиздеги иш боюнча кармап, казак бийлигине өткөрүп бергени жатаканын кабарлап, андай аракетти токтотуу максатында таасир этүүгө эл аралык уюмдарды чакырган.

Активисттин жубайы Мерей Тунгышбаева "Азаттыкка" күйөөсү көзүнөн операция болгондон кийин кармалганын, ал тиешелүү дарылануудан өтө албай жатканын билдирди.

Мерей Тунгышбаева.

- Жолдошум менен ал кармалгандан бери жолуга элекпиз. Башынан бери эле жолугушууга уруксат сурап арыз жазгам. Бирок 31-майда УКМКдан баш тарткан арыз келди. Алар кылмыш иши Алматы шаарында козголгондуктан уруксатты ошол жактан сурашым керек экенин белгилешиптир. Азыр адвокат аркылуу эле маалымат алып жатам. Ал кармалган күнү операция болгон, 14-июнда операциянын экинчи этабын жасатыш керек болчу. Биз дарыгерге көрүнүп келүүгө уруксат сураганбыз. Азырынча жооп алган жокпуз.

Бишкектин Биринчи май райондук соту активист кармалгандан кийин эле аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов райондук соттун чечимине каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот да 28-майда Тунгышбаевди камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Кыргызстандык жана казакстандык активисттер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоого каршы кол топтоп жатышат.

Рита Карасартованын айтымында, казакстандык активистти экстрадициялоого каршы 500 киши кол топтоду. Эми кайрылуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго берилет.

Ал эми Тунгышбаевди эстрадициялоо тууралуу чыккан сот чечимине каршы укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун берген арызын Бишкектин Октябрь райондук соту 6-июнда карай турганы кабарланды.

“Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов түптөгөн. Буга чейин Астана соту "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тапкан. Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада жашынып жүрөт. Ал казак бийлиги өзүнө койгон айыптарды четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.