Түркиядагы президенттик шайлоодо Эрдоган жеңди

Түрк шайлоочулар

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Режеп Тайып Эрдоган жеңгенин жарыялады. Эрдоган добуштардын 52,14% алды. Ал эми анын атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болду.

Жекшембиде түнү Эрдоган анын жеңишин майрамдап чыккан жүз миңдеген тарапташтарына кайрылып, "биздин эч кимге таарынычыбыз жок, шайлоодо 85 миллион киши жеңди" деди.

Ал алгачкылардан болуп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын кошумчалады.

Жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгын уккан жүз миңдеген жаран Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу ири шаарларда көчөгө чыгып, Эрдогандын жеңишин майрамдай баштады.

Эрдоган анын жеңишин майрамдап чыккан жүз миңдеген тарапташтарына кайрылууда. 28-май, 2023-жыл.

Шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес. Бирок оппозиция шайлоо эркин өттү дегенге кошулбайт. Алар Түркияда иш жүзүндө БШК жана сот президентке баш ийип, сөз эркиндиги басымга кабылганын жана бийликке олуттуу атаандаш боло турган саясатчылар куугунтукталып жатканын айтып келет.


Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен талапкер 2028-жылга чейин, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.

Серепчилер жекшембидеги шайлоону Түркиянын тарыхындагы эң талаштуу шайлоолордун бири деп атап жатышат. Үч ай мурда өлкөнүн түштүк-чыгышында катуу жер титирөө болуп, 50 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар аймакты калыбына келтирүүнү талап кылууда.

Түркияда учурда экономикалык таңкыстык да өкүм сүрүүдө. 2021-жылы өлкөдө инфляциянын деңгээли 36% ашса, 2022-жылы 80% жеткен. Тамак-аштын кымбаттыгы жана улуттук валюта - лиранын кунунун түшүшүнөн улам азыркы президенттин тарапкерлери кыйла азайып кеткен.

Эрдоганды сындагандар эгер ал кайра шайланса, "Түркия автократияга ыктайт" деп кооптонушат.

Кемал Кылычдароглу бийликке келсе, "куугунтуктоолорду токтотуп, демократияны жандандырам” деп убада берген.

14-майдагы биринчи айлампага түркиялык 64 миллион шайлоочунун 88,92% катышкан. Бирок сегиз миллионго чукул шайлоочу добушканага барган эмес.

Анда Эрдоган добуштардын 49,52%, Кылычдароглу 44,88% алган.

Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, ал эми Кемал Кылычдароглу Анкара шаарында добуш берди.

Эрдоган шайлоо тилкесинен чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Бул жерде эч кандай партиялар жок. 1 метрлик бюллетень жок. Эки гана талапкер бар. Элибиз ушул эки талапкерге гана добуш бергендиктен, жараян ыкчам өтөт деп ойлойм. Түрк демократиясынын тарыхында мындай шайлоого биринчи жолу күбө болдук. Дүйнө тарыхында шайлоочулардын 90% чейин катышкан шайлоо болгон эмес. Өлкөдө жакшылык болсун", - деди Эрдоган.

Кылычдароглу да Анкарада журналисттерге жолугуп, тарапташтарын добушканаларды көзөмөлдөөгө чакырды:

"Бул өлкөгө чыныгы эркиндик жана демократия келиши үчүн, зулумдан, авторитардык башкаруудан кутулуу үчүн бардык жарандарды шайлоого барууга чакырам. Жарандар бүгүн добуш беришсин, андан кийин үкөктөрдү көзөмөлдөсүн. Анткени бул шайлоо өтө оор шартта өтүп жатат. Ар кандай каралоолор болуп, жалаа жабылды. Мен элдин акылына ишенем. Демократия бул өлкөгө сөзсүз келет. Жарандар бул өлкөнүн көчөлөрүндө тынч жүрө алышат. Добуш берген бардык жарандарга ыраазычылык билдирем", - деди Кылычдароглу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркия: Кылычдароглу добушканаларды көзөмөлдөөгө чакырды

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер өлкөдө добуш берүү жараяны кынтыксыз, тынч өтүп жатканын айтты. Ал да шайлоодо президенттикке эки гана талапкер ат салышып жаткандыктан, жыйынтык демейдегиден эртерээк чыгат деп Эрдогандын оюн кайталады:

"Жарандар шайлоонун экинчи айлампасында өлкө ичинде жана чет өлкөдө да чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө", - деди Йенер.

Эрдоган-Кылычдароглунун жарышы Түркиянын тарыхында экинчи айлампага калган алгачкы президенттик шайлоо. Буга чейин өлкө президенттери биринчи айлампада эле шайланып келген.

Шайлоо күнү Түркиянын бардык аймактарында эртең мененки саат 6дан 24.00гө чейин алкоголдук ичимдиктер сатылбады, коомдук жайларда алкоголду берүүгө жана ичүүгө тыюу салынды. Добуш берүү жараяны толук бүтмөйүнчө, оюн-зоок жайлары жабык турду. Ресторан, кафелерде гана тамактанууга уруксат берилди.

Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу.

Той-топурларды кечки саат 18.00дөн кийин атайын эрежелерди сактоо менен гана өткөрүүгө мүмкүн болду.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоо күнү өлкө боюнча коопсуздукту жана тартипти 600 миңден ашык кызматкер камсыздайт.

20-24-майга чейин 73 өлкөдө ачылган 167 шайлоо тилкесинде 1,9 миллион түркиялык добуш берген. Шайлоонун биринчи айлампасында Эрдоган чет өлкөдө жашаган түркиялыктардын 57,70% добушун алган. Ал эми Кылычдароглуна 39,68% шайлоочу добуш берген.

Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган. 14-майда биринчи айлампадагы шайлоодо алардын 1 579 шайлоого катышкан. Кыргызстандагы түрк жарандарынын 65,36% Эрдоганды шайлаган.

Түркиянын чыгышында Иран менен чектеш Ван дубанына 1982-жылы келип жайгашып калган кыргыздардын айылы Улуу Памирде да шайлоо тилкеси ачылат. Бул тилкеде 1200 жаран катталганын, бирок 200 киши айыл сакчылары болгондуктан, кызмат өтөрүн, калган 1000 кыргыз добуш берерин шайлоо комиссиянын мүчөсү Женгиз Тач "Азаттыкка" билдирди. Биринчи айлампада Улуу-Памирден Эрдоган озуп чыккан.

Шайлоо тилкеси. Улуу Памир айылы. 14-май, 2023-жыл.

Жалпысынан биринчи айлампада Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, оппоненти Кылычдароглу добуштардын 44,88% алган.

Ал эми шайлоодо 5% добуш алган АТА альянсынын талапкери Синан Оган тарапташтарын бул ирет Режеп Тайып Эрдоганды колдоого чакырган.

Биринчи айлампага түркиялык шайлоочулардын 88,92 % катышканы расмий кабарланган. Түркиянын тарыхында шайлоочулар 1987-жылы парламенттик шайлоого жигердүү катышкан. Анда шайлоочулардын 93,38% добуш берген.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет.