Түркия-Сирия: зилзала кыйраткан шаарлар

Зилзаладан катуу жабыр тарткан Сириянын түндүк-батышындагы Жандарис шаары. 6-февраль, 2023-жыл. Сирияда мерт болгондордун саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.

Куткаруучулар кыйраган имараттын астынан секелек кызды куткарып чыгышууда. 6-февраль, 2023-жыл. 

Урандынын үстүндө бакырып ыйлап жаткан киши. Хатай пронвинциясы. Түркия. 7-февраль, 2023-жыл. 

 

Жандарис шаарынын тургундары жер титирөөдөн кийин урап түшкөн имараттын урандыларынын астынан жарадар болгон кызды алып чыгышууда. Сирия. 6-февраль, 2023-жыл. 

Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат жана каза болгондордун саны улам көбөйүүдө.

Османие шаарындагы тургундар зилзаладан кийин баш калкалап жаткан жай, Түркия. 6-февраль, 2023-жыл.  

Сириянын Идлиб провинциясындагы Бесния айылы жер титирөөдөн кийин. 6-февраль, 2023-жыл. 

 

Куткаруу иштери тынымсыз жүрүүдө. Османиедеги куткаруу иштери, Түркия. 6-февраль, 2023-жыл. 

Жандарис шаарындагы куткаруу иштери, Сирия. 6-февраль, 2023-жыл.

Түркиянын Адана шаары. 6-февраль, 2023-жыл.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.
 

Түрк бийлиги зилзаладан 10 шаар - Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис зыян тартканын билдирди.

Сүрөттө Диярбакыр шаарындагы кыйраган имарат. 6-февраль, 2023-жыл. 

Түркиянын Адана шаары. 6-февраль, 2023-жыл.

Османие шаары, Түркия. 6-февраль, 2023-жыл.  

Түркиянын Искендерун аймагындагы оорукананын ураган имараты. Куткаруу иштери жүрүүдө. Түркия. 6-февраль, 2023-жыл. 

Куткаруучулар Диярбакыр шаарындагы жер титирөөдөн кийин уранды астында аман калгандарды издеп жатышат, 6-февраль, 2023-жыл.

Кахраманмараш шаарында урандыга айланган көп кабаттуу үй. 6-февраль, 2023-жыл.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар: Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркаганын билдирди.

Сирия. 

Сириянын түндүк-батышындагы Жандарис шаары. 6-февраль, 2023-жыл.

Сирия.

Хама шаары, Сирия.

Арфин, Сирия.

Дүйшөмбүнүн таңында Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүк-батышында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, имараттар урап, жүздөгөн адамдар каза болду.