Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Мароккодо аза күтүү күнү. Зилзала 2 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды


Морокко. 9-сентябрь, 2023-жыл
Морокко. 9-сентябрь, 2023-жыл

Акыркы маалыматтар боюнча зилзаладан каза болгондор 2 миңден ашты. "Рейтер" агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен курмандыктар 2000ден ашканын жазды. Дагы 2000ден ашуун киши жараат алды. Алардын 1500дөйүнүн абалы оор.

Ишембиге караган түнү болгон зилзаланын очогу Марракеш шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Өлкөнүн бийлиги каза болгондорго 10-сентябрдан баштап үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Марокконун Геофизикалык борбору 7,2 баллдык зилзала Атлас тоолорунун аймагында катталганын билдирди.

АКШнын Геологиялык кызматы зилзаланын күчү Мароккодо 6,8 балл болгонун кабарлады.

Зилзаладан жапа чеккен тоолуу район Марракеш шаарынан түштүк-батышты карай 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 23.00дөн кийин башталган.

Анын күчү Рабат, Касабланка, Эс-Сувейра шаарында да сезилген.

Reuters Марракештин тургундарына таянып бул эски шаарда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген бир нече имарат кыйраганын жазды.

Жер титирөөдөн кийин көчөдө түнөгөн жарандар. 9-сентябрь, 2023-жыл.
Жер титирөөдөн кийин көчөдө түнөгөн жарандар. 9-сентябрь, 2023-жыл.

Жергиликтүү телеканалдар мечиттин мунарасы урап түшкөн видеону көрсөттү.

X социалдык түйүнүндө (Твиттер) Мароккодогу жер титирөөнүн кесепеттери деген видеолор тарап жатат. Алардын чын-төгүнүн ыкчам тактоого мүмкүн болбой турат.

XS
SM
MD
LG