Серепчилер мындай текшерүүлөргө коомдо мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү жериген маанай себеп болгонун айтышууда.
Түркиядагы экономикалык каатчылык, түрк лирасынын кунунун түшүшү да мигранттарды жер которууга мажбур кылууда.
Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая былтыр виза мөөнөтү аяктаган же виза эрежесин бузган 371 миңден ашуун чет өлкөлүк өз өлкөсүнө чыгып кеткенин Х баракчасына жазды. Мыйзамсыз жүргөн 254 миң чет өлкөлүк кармалганын белгиледи. Бирок алар кайсы өлкөнүн жарандары экени ачык айтылган жок.
Түрк министри мыйзамсыз миграция жана качкындарга ортомчулук кылган он миңдеген шектүүлөр кошо кармалганын, Миграция департаменти атайын рейдди быйыл да улантарын жазды.
Былтыр май айында президенттик шайлоо өткөндөн кийин түрк полициясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жана качкындарды кармай баштаган.
Өлкө лидери Эрдоган мыйзамсыз мигранттардын көйгөйүнө утур-утур токтолуп, "чек арада жана өлкө ичинде адам аткезчилигине каршы чаралар дагы күчөгөнүн" айтып келет.
Өлкөнүн Миграция башкармалыгынын маалыматында, мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2005-жылы 57 428 мыйзамсыз мигрант кармалса, 2023-жылы бул көрсөткүч 232 746га жеткен.
Акыркы 18 жылда дээрлик 2,5 миллион мыйзамсыз мигрант кармалып, депортация болгон.
"Виза документтер туура болсо гана берилет"
Сегиз жылдан бери Стамбулда жашаган Роза тигүүчү болуп иштейт. Туристтик визасы бар. Кыргызстандык кыз-келиндер менен чогуу бир батирди ижарага алган. Туруктуу жашаган жери барын, төлөмдөрдү кынтыксыз төлөрүн көрсөтүп, ошонун негизинде жыл сайын виза мөөнөтүн узатып жатканын айтты:
"Гүнгөрен деген райондо жашаганыма жети жыл болду. Мурда жашаган жеримден документ сурап, визаны маселеси жок эле узартып коюшчу. Азыр документтерин жаңы тапшыргандарга такыр уруксат бербей калды. Жашаган аймагы ачык же жабык болсо деле уруксат берилбейт. Мага окшоп көп жылдан бери бир даректе жашагандардын визасы документтер толук болгон учурда узатылып жатат. Мисалы жашаган жерден кагаз, сөзсүз батирдин бир төлөмү өзүңдүн атыңа, анан жашаган районуң чет өлкөлүктөрдүн каттоосуна ачык болуш керек. Үч кыз бир батирде турабыз, бирөөбүз жарыктын, бирөбүз суунун, дагы бирөбүз газдын квитанцияларын өз атыбызга алып, төлөп жатабыз. Ушундан улам болсо керек, бизге виза берилип жатат", - деди Роза.
Белгилей кетсек, расмий Анкара 2022-жылы 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 мааледе мигранттарды каттоо токтой турганын эскерткен. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын санынан 20% ашпашы керектиги да айтылган.
Ошондон бери Түркиянын булуң-бурчунда мигранттар жүргөн аймактар текшерилип, мыйзамсыз жүргөндөр кармалып жатканын түрк маалымат каражаттары маал-маалы менен кабарлап турат. Айрыкча мигранттар көп жашаган Стамбул шаарында полиция көчөмө-көчө кыдырып текшерген учурлар катталууда.
Дагы караңыз
"Үчтөгү кызы менен келин кармалды". Түркияда кыргыз жарандарын кыйнаган рейд
Миграция боюнча серепчи, адвокат Биркант Юлаф түрк коому акыркы жылдары Сириядан жана Ооганстандан ооп келген качкындарды жактырбай жатканын айтууда. Элдин мындай маанайы бийликти миграция саясатын өзгөртүүгө түрткөн.
"Негизи чет өлкөлүктөргө туристтик виза менен иштөөгө тыюу салынган. Мурда ушул жол менен келгендер визасын узарта албай калды. Чет элдиктердин көбү Түркияга иштеш үчүн келет. 4 миллиондой сириялык убактылуу коргоого алынган. Украинадагы согуштан улам бул өлкөдөн жана Орусиядан көчүп келгендердин санын көбөйттү.
Араб өлкөлөрү, Иран жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн келип, үй сатып алып, жарандык алган чет элдиктер кыймылсыз мүлктүн жана ижара баасын көтөрдү. Бул көрүнүш коомдо чоң талкуу жаратып, өкмөткө сын айтыла баштаганда, бийлик чет элдиктерге басымды күчөттү. Миграция башкармалыгы азыр турист болуп келгендер үчүн бир-үч ай жетиштүү экенин эске салып, жашоого уруксат бербей жатат.
Туруктуу жашоо үчүн чет өлкөлүктөр 200 миң доллардан жогору суммага кыймылсыз мүлк сатып алышы керек, түрк жараны менен турмуш курушу керек, же университетте окууга жана иштөөгө уруксат алышы керек".
Эске сала кетсек, Түркия дүйнөдөгү качкындарды көп кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда өлкөдө 4 миллион 800 миң качкын баш калкалайт. Анын 3 млн 700 миңи сириялыктар.
Түркиядан кайткан мигранттардын саны көбөйдү
Ал тапта түрк лирасынын куну буга чейин болуп көрбөгөндөй түшүп, 1-февралда бир доллардын баасы 30 лирага чейин чыкты. Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизүүдө. Кымбатчылыктан айрыкча Түркияда иштеген мигранттар жапа чегүүдө.
"Туруктуу жашоого уруксат албагандардын көбү өз өлкөлөрүнө кайтууда. Экономикалык таңкыстык, инфляция, лиранын кунунун төмөндөшү жана айлык акылардын азайышы Түркияга иштегени келген чет өлкөлүктөргө кирешелүү болбой калды. Айрыкча кымбатчылык, ижара акынын жогорулашы, ксенофобиянын күчөшүнөн жана жашоо оорлогондон улам чет элдиктер өз өлкөлөрүнө кайтууда. Жада калса Араб Эмирлиги, Иран, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн жашоо үчүн көчүп келгендер да кымбатчылыктан улам Түркиядан чыгып кетүүдө", - дейт түркиялык серепчи Беркант Юлаф.
Кыргызстандыктар үчүн Түркиядан эмгек визасын ачтыруунун эки жолу бар. Биринчиси - Түркиянын Бишкектеги элчилигине документтерин тапшырып, алар уруксат бергенде келсе болот. Экинчиси - Түркиянын ичинде кеминде алты айлык туристтик визасы бар кыргызстандыктар эмгек визасына тапшырса болот. Түркияда кыргыз жарандарына 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева былтыр Түркияда 35 миңге чукул кыргызстандыктар жашап, эмгектенип жүргөнүн, анын ичинен алты миңден ашууну иштөөгө уруксат алганын, 30га чукул адам жабык жайларда кармалып турганын билдирген. Буга чейин кыргызстандыктардын саны 25 миңдей экени айтылган.