Түркия качкындарды мекенине кайтармай болду

Түркиянын Сирия менен чектеш Килис аймагындагы качкындар үчүн курулган лагерь.

Түркия дүйнөдөгү эң көп качкын кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда бул өлкөдө 4 миллион качкын баш калкалайт. Украинадагы согуштан качып, Түркияга кирген качкындардын саны 100 миңге жеткени маалым болду. Качкындар маселеси түрк коомунун кызуу талкуусунда.

Түркияга кирген украиндер көбөйдү

Дүйшөмбүдө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинадагы согуштан качып, түрк жергесине кирген качкындардын саны 100 миңге жеткенин айтты.

Режеп Тайып Эрдоган.

"Биздин өлкөгө келген украиналыктардын саны 100 миңге чамалап калды. Өзүңүздөр көрүп тургандай, качкындар маселеси бир гана биздин өлкөгө тиешелүү эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү. Качкындардын агымына эң көп дуушар болгон Түркия, мындай оор кризисти башкара алган саналуу өлкөлөрдүн бири".

Орусия Украинага 24-февралда басып киргенден бери үй-жайын таштап, өлкө ичинде жана сыртка агылгандар 12 миллионго жетти. Сыртка чыккандардын көпчүлүгү Батышты көздөй бет алганы менен Түркияга кирген украиналыктардын саны да күн сайын көбөйүүдө.

Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлиги Украинадагы согушта кароосуз калган 1380 жетим бала алынып келгенин шейшембиде кабарлады. Бул жараян 25-мартта башталып, учурда балдар өлкөнүн Анталия, Мугла жана Сакария шаарларындагы мейманканаларга жайгаштырылган.

Маалыматта украиналык балдардын жашы айтылбайт, бирок министрлик тараткан билдирүүдө алар мектеп курагында экени, аларга жай бою психологиялык жана педогогикалык жардам көрсөтүлөрү жазылат.

Ай башында Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкараны Киев менен мамиледе “кош стандарттуулуктан” баш тартууга чакырган.

Владимир Зеленский.

"Түркия бир жагынан арачы түшүп, Украинага маанилүү колдоо көрсөтүүдө. Экинчи жагынан атайын орусиялык туристтер үчүн каттамдарды даярдап жатканын көрүп турабыз", - деди Зеленский 2-майда грекиялык ERT телеканалына курган маегинде.

Украин президенти түрк бийлигинин бул аракеттерин “калыс эмес” деп сыпаттап, Түркия Украина менен достук мамилени уланткысы келсе, орусиялык туристтерди же “чындыкты” тандоого үндөдү.

Орусия басып киргенден кийин Анкара Киевди колдоп, бирок Москвага каршы санкцияларды колдогон эмес. Түрк бийлиги мындан сырткары Орусиядан туристтерди тартуу үчүн “жол картасын” иштеп чыккан. Анын ичинде Орусияда жайгашкан туроператорлорго насыялык колдоо көрсөтүү жана орусиялык туристтерди ташып келүү үчүн атайын эки авиакомпания түзүү каралган.

Качкындар коомдо чыңалуу жаратууда

Ал эми президент Эрдоган 9-майда өлкөдө мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Сириянын түндүгүндө баш калкалаган качкындар үчүн кеминде 100 миң чакан үй курууну максат кылгандарын да белгиледи.

Анын качкындар тууралуу айткан мындай билдирүүсүн утурлай, түрк маалымат каражаттарында мыйзамсыз жүргөн ооганстандык жана сириялык качкындар мекенине депортацияланып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери тыкыр текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү ооган жана сириялык экени айтылууда.

7-майда мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги Түркиянын айрым аймактарынан кармалган 200дөн ашык мыйзамсыз жүргөн ооган, пакистандык жана бангладештик качкындар депортация болгонун кабарлады.

Маалыматта Стамбул аэрпортуна жеткирилген чет өлкөлүктөр Ооганстанга жана Пакистанга чартердик каттамдар менен чыгарылганы жана мындай жараян күн сайын болуп жатканы жазылат.

Түрк бийлигинин мындай "тазалоо" иш-чарасы жыл башынан бери иштеп жатканын жергиликтүү басылмалар жазууда. Айрыкча соңку күндөрү ооган жана пакистан жарандарынын түрк аялдарга ыдык көрсөткөнү тууралуу кабарлар соцтармактарда кеңири жайылып, коомдо бир топ чыңалуу жараткан.

Ал эми өлкөдөгү CHP, IYI сыяктуу оппозициялык партиялар бийликке келсе Сириядагы согушту токтотууга жардам берип, качкындарды өз өлкөсүнө жөнөтүүнү көздөрүн ачык-айкын билдирип келет.

Үмит Өздаг.

"Зафер (Zafer) партиясы бийликке келет, качкындар үйүнө кетет" деген ураан менен чыккан оппозициячыл партиянын лидери Үмит Өздаг дүйшөмбүдө Анкара качкындардын өлкөгө киришине бөгөт койбосо, чыңалуу жарандык согушка түртөрүн эскертти.

"Эгер өлкөбүзгө келген качкындар туруктуу жашап калса, чек арадан мыйзамсыз өткөн качкындарга бөгөт коюлбаса, оболу демографиялык өзгөрүү, экономикалык таңкыстык, анан барып жарандык согушка чейин жетиши мүмкүн. Миграция - бийликтеги Ак партиянын тышкы начар саясатынан келип чыкты. Экинчиден, чек аралардагы тыкыр көзөмөлдүн жоктугу. Мунун натыйжасында учурда расмий эсептер боюнча Түркияда 7 миллион 730 миң чет өлкөлүк расмий катталган".

Өздагдын буга чейинки билдирүүлөрүндө айрыкча сириялык качкындардын түрк экономикасына келтирген чыгымын белгилеп, жалпы сумма 100 миллиард доллардан ашканын айтып келет.

Түркияда качкындардын абалы арсар

Өткөн аптада Түркиянын Миграция департаментинин расмий маалыматына ылайык, учурда бул өлкөдө төрт миллион качкын баш калкалайт. Анын 3 млн. 700 миңи сириялыктар. Өлкөдө жалпысынан 5,5 миллион чет өлкөлүк расмий каттоодон өткөн. Алардын 1 млн. 400 миңи туруктуу жашоого уруксат алган мигранттар экени ачыкталды.

Дал ушул 1 миллиондун тегерегиндеги мигранттардын саны жана мыйзамдуулугу боюнча 6-майда Түркиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы билдирүү таратты. Ал 1 млн. 400 миң чет өлкөлүк туруктуу жашоого жана иштөөгө уруксат алганын белгиледи.

Түркия дүйнөдө эң көп качкынды кабыл алган өлкө. БУУнун Качкындар агенттигинин (UNHCR) маалыматы боюнча ушул тапта түрк жергесинде 4 миллионго чукул сириялык баш калкалайт. Алардын 100 миңдейине туруктуу жашоого уруксат берилсе, дагы 150 миңдейи түрк жарандыгын алган. Өлкөдө сириялыктардан башка расмий качкын статусун алган 100 миңдей ооганстандык бар экени айтылат. Анткен менен серепчилер дагы 500 миңдей ооган качкыны мыйзамсыз кирип, кооптуу жагдай жаратып жатканын айтып келет.

2016-жылы Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмай болгон.

Сирияда жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери, жүз миңдеген качкындар Түркиянын чегине жетип, андан ары Грекия өңдүү Европа өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылып келет.