Орток түрк алфавити түрк тилдүү элдердин ортосунда өз ара түшүнүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүп, ошол эле учурда алардын тилдик мурасын сактоого салым кошо турганы айтылды. Орток алфавиттин учурдагы мааниси канчалык? Кыргызстан мындай чечимге канчалык даяр?
"Орток түрк алфавитине өтүүнү президент чечет"
34 тамгадан турган орток түрк алфавитинин долбоору Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тилчи-окумуштуулары тарабынан кабыл алынган. Бакуда өткөн илимий жыйынга Кыргызстандан филология илимдеринин докторлору, тилчи-окумуштуулар Сыртбай Мусаев, Турусбек Маразыков жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышкан.
Сыртбай Мусаевдин айтымында, ар бир түрк тилдүү мамлекет кабыл алынган 34 тамганын ичинен өздөрүнүн улуттук арибин ылайыктап кабыл ала берет. Бирок баары ар бир фонеманы бирдей тамга менен белгилөөнү макулдашкан.
Ошол эле маалда окумуштуу Мусаев Кыргызстандан башка түрк тилдүү өлкөлөр жогорудагы жыйында арип маселесин мамлекеттик деңгээлде чечкенин, кыргыз тарап латын арибине өтүү жөнүндө маселе койбогонун, болгону академиялык деңгээлде гана маселе чечишкенин айтты:
"Алфавит, орфография - бул саясий маселе. Бизде алфавит кабыл алынганда же орфографиянын жаңы редакциялары иштелип чыкканда, Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, кабыл алынат. Латын арибине өтүүдө да саясий чечим кабыл алынышы шарт. Башкача айтканда, өлкө президенти тарабынан уруксат берилип, атайын даярдык көрүлсүн деген жарлык чыгарылышы керек. Биз окумуштуулар орток түрк алфавитине өтөбүз деп айтканга укугубуз жок, болгону сунуш кылабыз, анан кабыл алынабы же кабыл алынбайбы - муну президент чечет. Латын арибине 1992-жылдан баштап эң биринчи Азербайжан өткөн, кийин түркмөндөр менен өзбектер өткөн. Азыр казактар өтүп жатат. Бизде бул маселе тынч турат. Биз бүгүн колдонуп жүргөн алфавит - орусташкан кыргыз алфавити. Ал жерде тогуз тамга ашыкча. Анткени орус тилинен кирген сөздөрдү жазыш керек деп эле 1940-жылдары кабыл алып койгонбуз. Анда кырдаал ошондой эле. Бүгүнкү латын графикасындагы азербайжан, түрк, казак, өзбек, түркмөндөрдүн алфавитинде орустун тамгалары жок. Анткени тилдин өзүн мыйзамы бар. Маселен, бөлөк тилден сөз кирсе, фонемалык өзгөчөлүгүнө ылайык өздөштүрүлөт".
Мусаев кыргыз тили үчүн Касым Тыныстановдун долбоорунун негизинде даярдалган 28 тамгадан турган латын графикасынын долбоорун сунуштаган. Ал бул алфавит фонемалык структураны толук сактагандыктан, лингвистикалык жактан көйгөй жок деп эсептейт.
Муну тилчи буга чейин да Түркияда, Казакстанда өткөн бир нече жыйындарда презентациялап келген. Анын пикиринде, эгерде Кыргызстанда бул жаатта саясий маселе каралып, кийин латын арибине өтүү чечими кабыл алынып калса, долбоор даяр.
"Түрк элинин орток тили болгон"
Түрк элдеринин орток алфавитин түзүү идеясы кечээ же бүгүн эле жарала калган жок. Канаатташ элдердин "бири-бирибиздин тарых, маданиятыбызды ортомчу тилдер жок түшүнүшө алсак" деген изги тилеги менен орток алфавитти түзүү демилгелери СССР урагандан кийин эле көтөрүлүп келген.
34 тамгадан түзүлгөн орток алфавит алгач 1991-жылы 18-20-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы Мармара университетинде өткөн түрк мамлекеттеринин латын алфавиттери жөнүндө симпозиумунда кабыл алынган.
Ошол эле алфавит 2013-жылы азыркы Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында экинчи жолу кабыл алынган.
Мындан эки-үч жыл илгери да кайрадан жогорудагы уюмдун чечимине ылайык ар бир түрк мамлекетинен экиден түрколог-окумуштуу катышкан комиссия түзүлгөн.
Үчүнчү ирет кабыл алынып жаткан орток алфавит дал ушул комиссия тарабынан жактырылып жатат. Бакуда өткөн жыйын Түрк тил куруму, Астанада жайгашкан эл аралык түрк академиясы тарабынан уюштурулган.
Филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев - 1991-жылы Мармара университетинде өткөн түрк мамлекеттеринин латын алфавиттери жөнүндө симпозиумунда катышкан окумуштуулардын бири. Ал кезектеги комиссия кабыл алган чечим түрк мамлекеттеринин адабий тили үчүн өзгөчө мааниге ээ дейт:
"Стандартташкан адабий тилди колдоонун мааниси чоң. Бул саясий жагы. Экинчи жагынан алып караганда, октябрь революциясына чейин чагатай тилинин алфавитин, жазуу эрежелеринин баарын кыргыздар жакшы колдонуп келген. Биздин өзүбүздүн адабий тилибиз болгон. Ошол эле учурда түрк элдеринин да орток тили болгон. Муну 1980-жылдарга чейин арип тааныган эл колдонуп келди. Азыр 1939-40-жылдарда кабыл алынган кириллица алфавити менен жашап жатабыз. Мисалы, кыргыздын адабий тилин 29 алфавит менен эле курсак болот. Кыргыздын табигый эл колдонгон тилин келечекте бузбай сакташ калыш үчүн ар бир кыргыз тилинин тыбышы адабий тилде өз табияты менен турушу керек. Азыркы түрк мамлекеттери кабыл алган алфавит мына 32 жыл мурун кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин баары өтө албай турган чакта, жакын арада өткөн жыйында кайрадан кабыл алынган жаңы чечим мени абдан кубандырды. Эртеби-кечпи кыргыз мамлекети да өз тилин коргой турган, нормага түшүрө турган, жаңы орфографиялык эрежелерди иштеп чыга турган мезгил келди деп ойлойм".
Азербайжандык акын, публицист, эл аралык “Алаш” сыйлыгынын лауреаты Экбер Кошалы орток түрк алфавитинин кабыл алынышы тууралуу "Азаттыкка" буларды маалымдады:
"Биз көптөн күткөн күн келип отурат. Анткени 34 ариптен турган орток түрк алфавити кабыл алынды. Алфавиттин кабыл алынышы үчүн боордош элдердин илимпоздору, тилчилери, түрк тилдүү мамлекеттердин орток уюмдары катышкан атайын топ иш алып барды. Алфавитти түзүүдө ар бир боордош элдин тилдик өзгөчөлүктөрү эске алынды. Орток тарыхы бар улуттар үчүн орток алфавиттин болушу абдан маанилүү, ошондуктан окумуштууларыбыздын бул эмгегин сыймыктануу менен жарыялап жатабыз. Орток түрк алфавити эгемен түрк тилдүү мамлекеттерди дагы да жакындатууга себеп болушу керек. Кайсы бир боордош элдин 34 тамгага муктаждыгы болбосо, өз тилине ылайык алфавитти кайра иштеп чыкса болот. Мисалы, азербайжан тилинде жазуу үчүн 32 тамга жетиштүү экенин айта кетсем болот. Бирок 34 тамгалуу алфавит жалпысынан түрк тилдүү элдердин орток алфавити катары кала берет".
Бирок кыргызстандык окумуштуулар түрк элдеринин орток алфавити кабыл алынса да, Кыргызстанда кириллицадан башка арипке өтүү маселеси азырынча күн тартибинде жок дешет.
Анткен менен бул жаңылык социалдык тармактын колдонуучулары арасында ар түрдүүчө талкууланып жатат. Кайсы бирлери орток алфавит керек экенин айтышса, дагы башкалары буга зарылчылык жок дешүүдө.
"Эне тилибиз чайналып калабы деп турам"
“Биздин тарых” коомунун жетекчиси, эксперт Чоробек Сааданбек орток түрк алфавитинин кабыл алынышы жакшы жышаан болгону менен, аны толук турмушка ашыруу азырынча мүмкүн эмес деген пикирде:
"Негизи орток алфавиттин кабыл алынганы жакшы. Анткени биз глобалдашкан коомдо жашап жаткан соң баары бир чоң саясий бирикмелерге кирбей коё албайбыз. Бирок биздин кыргыз тилибиздин мамлекеттик тил катары өнүгүү деңгээли жакшы чечиле электе, "келгиле, азыр латын арибине өтүп кетебиз, ошол бизге жардам берет" деп секирип кетсек, ара жолдо бара жаткан эне тилибиз такыр эле чайналып калабы деп турам. Анан кайра эле кириллицага кайтабыз дешибиз мүмкүн. Анткени 2004-жылы биз орфографияны өзгөрткөнбүз, анан эл кабыл албай койгондон кийин кайра артка кайтарганбыз. Ошондуктан биринчи кыргыз тилин мамлекеттик тил катары деңгээлин көтөрүп алып, анан латын арибине өтсөк жакшы болмок. Бирок ошол эле учурда эмне үчүн кириллицага жарыш кылып, латын алфавитин да кабыл алып жүргүзүп койсок болбойт? Ошондо ар ким каалаган арибин колдоно берет. Анан убакыттын өтүшү менен ыңгайлуусу көрүнүп калат".
Президенттин сыны
Жогорку Кеңештин 2023-жыл, 19-апрелдеги жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам экинчи окууда кабыл алынган. Аны талкуулоо учурунда ошол кездеги Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин айткан. Ал бир нече вариант даяр турганын, президент саясий чечим кабыл алса, латын арибине өтсө болорун билдирген.
Бирок президент Садыр Жапаров эртеси эле, 20-апрелде Каныбек Осмоналиевди кабыл алып, кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелерин талкуулаган. Ошол эле маалда Осмоналиевге катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын арибине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырган.
“Кыргыз тилинин латын арибине өтүшү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, – деген анда президент Садыр Жапаров.
Дагы караңыз
Президент Жапаров латын арибине өтүүгө эрте экенин билдирдиКыргызстан акыркы 100 жылда төрт ирет жазма арибин өзгөрткөн. Өткөн кылымдын башында кат тааныгандар араб арибинде жазган жана кыргыз тилиндеги алгачкы гезит, китептер араб тамгасы менен басмадан чыккан. Кат-кабар дагы араб тамгасы менен жүргөн. Ишеналы Арабаев, Молдо Кылыч, Осмоналы Сыдыковдун калеминен жаралган китептер падышалык Орусияда 1917-жылкы февраль ыңкылабына чейин эле жарык көргөн.
1924-жылы тунгуч гезит “Эркин Тоо” да араб жазмасында кыргызча (1924-1928-жж.) жарыяланган. Кытайлык кыргыздар азыркыга чейин араб жазмасын колдонуп келет.
Совет бийлигинин орношу менен 1928-жылдан 1940-жылга чейин Кыргызстандагы кыргыздар латын арибинде жазышкан. Бул убакта Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун жана башкалардын чыгармалары араб арибинде жарыяланган. Азыркы тапта Европада, Түркияда латын ариби колдонулгандыктан, ал жакта жашап, окуган кыргыздар латын арибинде жазышат.
Түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен латын графикасына алгачкылардан болуп Түркия 1928-жылы, Түркмөнстан 1929-жылы өткөн, Азербайжан 1992-жылы өтүп, бул процесс 2001-жылы жыйынтыкталган. Өзбекстанда латын алфавитине өтүү дээрлик эгемендик алгандан бери күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп келет. Жазууну латындаштыруу процесси 1993-жылы башталган. Бул процесс андан бери үч жолу жылган. Соңкусу 2023-жылга чейин белгиленип, бирок толук аяктай элек.
Ал эми коңшу Казакстанда казак тилинин латын алфавитине өтөрү тууралуу 2006-жылы аталган өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаев жарыялап, алфавитти иштеп чыгууну 2017-жылы гана өкмөткө тапшырган.