Кошмо Штаттардын тарыхында кылмыш үчүн айыпталган алгачкы президент, 2024-жылкы президенттик шайлоого аттанууга үмүттөнүп жаткан Трампты мындан ары эмне күтөт?
12 адамдан турган сот арачылары өз чечимин 30-майда, АКШдагы президенттик шайлоого беш ай калганда жарыялады. Манхэттендин прокуратурасы Трампка 34 пункттан турган кылмыш боюнча айып таккан. Алардын арасында 11 эсепти, 12 ваучерди жана 11 чекти фальсификациялоо да кирет.
Трамп порнографиялык жылдызга акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгөн. Акчаны ал шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлгөн.
77 жаштагы Трамп бул иш боюнча өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.
АКШнын мурдагы президенти азыркы аялы Меланияга Трампка 2005-жылы үйлөнгөн.
Дэниелс 2016-жылкы шайлоого бир ай калганда бул окуялар тууралуу ачык айтып чыгууну көздөгөн. Трамптын жеке адвокаты Майкл Коэн сотто ал өз кардарынын тапшырмасы менен Сторми Дэниелстин адвокатына шайлоого бир нече күн калганда 130 миң доллар которгонун айтты. Ал окуядан көп өтпөй Трамп шайлоодо жеңген.
Эми эмне болот?
Сот жараянында төрагалык кылган судья Хуан Мерчан өкүмдү 11-июлда чыгарарын белгиледи. Мичиган мамлекеттик университетинин укук жаатындагы профессору Брайын Кальттын айтымында өкүм канчалык оор болору бир нече фактордон көз каранды.
Анын айтымында айып пул салынып, сыноо мөөнөтү берилиши мүмкүн же төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
Адатта Нью-Йорк штатында мурда соттолбогондорду реалдуу мөөнөткө кескен учурлар сейрек кездешет.
Кальттын эсебинде Трамп өкүмгө каршы доо арыз менен кайрылышы ыктымал, ал эми бул жараян дагы бир канча убакытты алышы мүмкүн.
Дагы караңыз
Порнографиялык актриса Трампты шайлоодон жыгабы?Трамп түрмөгө камалышы мүмкүнбү?
Теоретикалык жактан камалышы мүмкүн. Бирок Кальттын эсебинде бул дээрлик мүмкүн эмес. Анткени мурдагы президент мурда соттолгон эмес. Трампка доо арыз менен кайрылууга 30 күн берилет.
Шайлоого катыша алабы?
АКШнын Конституциясына ылайык, президенттикке Американын жараны болуп туулган, жаш курагы 35тен ылдый эмес, Кошмо Штаттардын аймагында 14 жылдан көп жашаган адам аттана алат. Баш мыйзам камактагы адамга же сыноо мөөнөтүндөгү адамга президенттикке аттанууга же президент болууга тыюу салбайт.
Социалисттик партиянын лидери Южин Дебс президенттикке 1920-жылы кутумга шыкак бергени үчүн айыпталып, темир тор артында отурган жеринен президенттик шайлоого аттанган. Ал 1 миллион добуш алган. Жорж Буш 1985-жылы мас болуп алып автоунаа айдаганы үчүн камалып, 150 доллар айып пул төлөмөр болгон. 2000-жылы президент болуп шайланган. Трамп шайлоодон утса, түрмөдөн же үй камагында жаткан жеринен ант бериши мүмкүн. Ага талапкер болууга тыюу салынбаганы менен добуш бере албай калышы ыктымал.
Мунун баары Трамптын шайлоо кампаниясына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Трамп сот жараянын өзүнүн ашынган тарапташтарын активдештирүү үчүн колдонду. Ал мунун баарын аны президенттик шайлоодон четтетүү үчүн каралган кутум катары көрөт. Айып тагылгандан кийин анын саясий өнөктүгүнө акча которгондордун саны да кескин өстү.
Кальттын эсебинде бул өкүм бир катар шайлоочуларына таасир деле тийгизбейт. Анткени алардын көбү Трамп тууралуу пикирин бекемдешкен.
"Өкүмдү уккандан кийин "бул эми башка кеп" деген тарапташары болорунан күмөн санайм", - дейт ал.
NPR/PBS NewsHour/Marist Poll жүргүзгөн жаңы иликтөө муну ырастайт. Сурамжылоого караганда, шайлоочулардын 67% айыптоочу өкүм алар кимге добуш берерине эч таасирин тийгизбейт.
Ошентсе дагы ар бир добуш маанилүү болгон бул шайлоодо өкүм такыр таасир этпейт деген дагы жаңылыш пикир экенин Кальт кошумчалайт.
Дагы караңыз "Трамптын сот иштеринде акылга сыйгыс дагы вариант бар"Трампка козголгон башка кылмыш иштер
Бул Трампка каршы козголгон төрт иштин алгачкысы.
2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылы 6-январда конгрессмендер отурган имаратка кирип барган. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык болгону териштирлип жатат.
2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан кайра архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.
Төртүнчү иш - Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.
Жашыруун документтер боюнча иш белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал эми 6-январдагы окуялар тууралуу иш Жогорку Соттун чечимине көз каранды. Кальттын божомолуна караганда, бул процесстердин бири дагы 2024-жылдын 6-ноябрындагы шайлоолорго чейин башталбайт.
Жоржия боюнча иш учурда каралып жатат. Кальттын эсебинде сот Трампты шайлоо кампаниясынан четтетүүсү дээрлик мүмкүн эмес.
Эгер Трамп бул иштердин бири боюнча күнөөлүү деп табылса, азыркы өкүмгө кийинкилери көз каранды болот.
Шайлангандан кийин Трамп өзүнө ырайым бере алабы?
Президент мамлекеттик кылмыштар үчүн айыпталган адамдарга ырайым бере албайт. Профессор Кальттын эсебинде президент өзүнө федералдык кылмыш үчүн ырайым бере алар-албасы белгисиз. Бирок эгер Трамп шайлоодо жеңсе, башкы прокурор штаттардын деңгээлинде козголгон иштерден баш тарта алат.
("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун англис кызматынын кабарчысы Тодд Принстин макаласынан которулду)