"Тойканалар ар бир кардар үчүн салык төлөсүн"

Иллюстрациялык сүрөт.

29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында "Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Жыйында экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров тойго келген ар бир киши үчүн 100 сомдон мамлекетке салык алууну сунуштады.

Акылбек Жапаров жыйында алдыдагы 3-4 ай өлкө экономикасы үчүн оор мезгил болорун эскертип, ал көйгөйлөрдү айрым салыктарга өзгөртүү киргизүү жолу менен чечсе болот дейт.

Акылбек Жапаров.

"Тойканалар азыр той өткөрө турган болсо, жок дегенде ар бир киши үчүн 100 сомдон албайлыбы? Бул он пайыз болуп жатат. 1000 сомдон 500 кишиге той өткөргөндөр тойканага 500 миң сом берип атышат. Биз мамлекетке эч нерсе албай жатабыз. Ушуну жок дегенде 10% кылып киргизип койсок, той өткөргөн ресторан мамлекетке киши башына 100 сомдон төлөсүн".

Ошону менен катар Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында он жылдан бери аткаруу бийлигинин укуктары кыскартыла берип, көп иштерди аткара албай, тушалып турганына кейиген.

"Болгон иштердин баары Жогорку Кеңешсиз чечилбей жатат. Он жылдан бери кыймыл аракеттин баарын парламентке шылтап келе жаткан экенбиз. Салык кодексинде да көп укуктар парламентке байланыштуу. Эми аткаруу бийлигине экономиканы көтөрүү багытында укук бергиле деп сурап келип отурабыз".

Борбордогу “Сармерден” тойканасынын ээси Дүйшөмамбет Орозалиев бир жарым жылдан бери уланып жаткан пандемиянын кесепетинен улам элдин колу кыйла жукарганын айтууда. Мурда тойканада июль, август айларында 18-20нын тегерегинде той болсо, азыр 3-4 гана ирет той өтүп, 10 дон ашпай жатат деди ал.

Дүйшөмамбет Орозалиев.

"Азыр тойкананын түрү көп. Андай салыкты 1500-1800 сомдон кызмат көрсөткөн тойканалардан алса болот. Бирок андан арзаныраак кызмат көрсөткөндөрдөн акча алса, Жапаров алардын жон терисин сыйрыгандай болуп атпайбы. Анткени тойкананын башка чыгымдары көп. Анын дагы рестораны бар, ошондуктан Жапаров өзү да жакшы билет. Бул сунуш эми ойлонулбай эле айтылган сунуштай болду. Ушундай мыйзамдардын айынан Кыргызстанда бизнес кылуу деле кыйын болуп баратат. Мисалы, менин бир досум Америкага көчүп жатат, дагы бири бизнесин Казакстанга көчүрүп кетти. Мен деле ойлонуп атам, ушундай иштер боло берсе кандай кылсам деп".

2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган өзгөчө кырдаал абалы ресторан бизнесине чоң сокку урду.

Дагы караңыз Кымбатчылык: абалдын өзгөрүшү арсар

Карама-каршы сунуштар

Коронавирустун айынан кыргызстандыктардын той өткөрүү каадасы дагы акырындап өзгөрүп жатканын айткандар бар. Акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев эгерде жогорудагы мыйзам колдоо таап кетсе, тойканалар эмес, кайра эле элге кыйынчылык болот деп эсептейт.

Жылдызбек Турсунбаев.

"Өкмөт алган салык кайра эле келип элдин чөнтөгүнө күч келтирет. Анткени 1500 сомго кызмат көрсөткөн тойкана 1600 сомго көтөрүп алышы деле мүмкүн. Мен муну логикага сыйбай турган сунуш катары кабыл алдым. Мурда көпчүлүк той өзүн жаап кетсин деген ниетте жакшылык өткөрчү эле, азыр колунда барлар гана бата алайын деп эле той берип жаткандай сезилет. Анткени азыр өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрүп турганы баарына эле маалым да".

22-июлда парламентте “Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окуудан өткөн. Анда ашыкча ысырапкорчулукка барган той ээси айыпка жыгылары жазылган.

Мыйзам долбооруна ылайык, той-топурга жана ырым-жырымдарга чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аяктоого тийиш. Нике салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулат. Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союлбайт, бирок жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал союуга тыюу салынат.

Дагы караңыз “Ысырап кылсаң, айыпка жыгыл”: талкууга түшкөн мыйзам


Жогорудагы эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат. Депутат Улукбек Ормонов иштеп чыккан жогорудагы мыйзам долбоорун жыйынга катышкан 86 депутаттын 83ү колдогон.

“Той Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Муратбек Арыстанбеков азыр ресторандарга байланыштуу карама-каршы мыйзамдар ишкердикке жолтоо болууда дейт.

Муратбек Арыстанбеков.

"Ресторандарда азыр элдин санын 200дөн ашырбайбыз деп тиги жакта депутат Улукбек Ормонов мыйзам жазып атат. Бул жакта болсо министр Акылбек Жапаров салыкты көтөрүүнү ойлоп атат. Эгерде тойду азайтышыбыз керек болуп калса, анда салыктарды да азайтуу керек. Салыктык келишим, жер салыгы өңдүү көптөгөн салык түрлөрү бар. Демек алардын баарын кайра карап чыгуу керек. Тойканалардын азыр чыгымы да көп. Кризистен чыгуу жолун карасак, башка сфераларга да көңүл бурушубуз керек. Менимче, Акылбек Жапаров кандайдыр бир упай топтоо үчүн гана сунуш айткандай туюлду".

Ал эми экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров болсо өлкөдө көпчүлүк ишкерлер салыктардан качып жатканын айтты. Ал жогорудагы сунуштаган мыйзам долбоору ишке ашса, тойканалар кызмат акысынын баасын көтөрө албайт деп кошумчалады.

"Эгер мамлекетке төкчү салыктан качкан тойкана кызмат көрсөтүү акчасын жогорулатып алса, атаандаштык деген бар. Анда эч ким келбей коёт деп кооптонот. Кыргызстанда азыр эч ким салык төлөгүсү жок. Мен салык чогултуп, пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатпасам, экономика көтөрүлбөйт. Элге да түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүүбүз керек. Тойкана иштеп аткан болсо салыгын төлөсүн, иштебесе төлөбөсүн. Болгону эле ошол, салыгын төгүшсүн, биз жаңы салык түрүн киргизбейбиз".

Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков эгерде мамлекет алган салыктар туура багытта иштетилсе, аткаруу бийлигинин жогорудагы салык сунушун колдоорун айтат.

Курманбек Ниязбеков.

“Чындыгында тойкана бизнеси кирешелүү болгондуктан, алар бизде көп салынып, тойлор күч алып жатса керек. Жапаров сунуштаган мыйзам чын эле мамлекеттин казынасына толук түшүп, максаттуу жумшалып, социалдык маселелерди жеңилдеткенге көмөк болсо, туура саясат деп ойлойм. Анан жөн эле тойканалардын бизнесине көз артуу болсо, анда айта албайм. Анктени тойканалардын бир жакшы жери канчалаган элди жумуш менен камсыз кылып турат”.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 2594 коомдук тамактануу жайы бар. Бул тизмеге чакан ашканадан тарта чайкана, кафе, тойкана, клубдарга чейин кирет.

2020-жылы бюджеттин тартыштыгы кескин курчуган. Салыктын кыскарышы 30 млрд. сомго чейин жетти. Бюджетти толтурууда негизги булак - салык. Салыктын азайышы өндүрүштүн көлөмү, кызмат көрсөтүү, ишкердик кыскарганынын кесепетинен улам болду.