Өзбекстанга суктанган мекендештер

Самарканд

Өзбекстан сырткы дүйнөгө эшик ачкандан бери ал жакка каттагандар көбөйдү. Ташкент, Бухара, Самарканд сыяктуу тарыхый шаарларды көрүп, зыярат кылгысы келгендер өз алдынча да, туристтик фирмалар менен да "карызга" барып жатышат.

Өз алдынча барган арзанга түшөт

Өзбекстанга азыр өз алдынча баргысы келгендер автобустук каттамга отура алат. Бишкек-Ташкент каттамындагы автобус бир нече апта мурда жүрө баштады. Кыргызстандыктар коңшу өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз саякаттай алат.

Азамат Абсаттаров.

Бир нече ай мурун эле Өзбекстандын бир нече шаарын досу менен кыдырып чыккан Азамат Абсаттаров чөнтөгүнөн болгону 4 миң сом каражат кеткенин айтты:

- Акча көп деле кетпейт экен. Биз Анжиян, Самарканд, Ташкент шаарларында үч күн жүрдүк. Саякат үчүн чөнтөктөн болгону 4 миң сом кетти. Ушул акча кенен жетти. Жалаң такси менен жүрүп, ылдам поезддерге түштүк. Эң мыкты, кымбат деген ресторандарга кирдик. Айтор бардык чыгымга болгону 4 миң сом эле короттум.

Агенттиктер да тынч жатпайт

Азаматка окшоп Өзбекстанга өз алдынча баргандардын так санын билүү азырынча кыйын. Ал эми Бишкекте Ташкентке, Самаркандга, Бухарага атайын тур уюштурган компаниялар азыр көбөйүп, бир күндөн бир жумага чейинки саякат пакеттерин сунуш кылып жатышат.

Ушундай саякат тобуна кошулуп, Ташкентти көрүп келген Ширин Дубанаева бир түн, эки күндүк сапары үчүн компанияга 5500 сом берген. Мунун ичине автобус билети, мейманкана, эртең мененки тамактануу жана Ташкенттин тарыхый жерлерин кыдыруу кирген:

Ширин Дубанаева.

- Жума күнү кечки саат сегизде топтолуп, тогузда чыгып кеттик. Автобус менен Чалдыбар чек ара бекетинен өтүп, Казакстан аркылуу сапарыбыз башталды. Казак-кыргыз чек арасында бир топ кыйналып, көзөмөлдөн өткөнүбүз менен өзбек-казак чек арасында тез эле өткөрүп ийишти. "Trip.kg" деген агенттиктен 5500 сомго тур сатып алып бардык. Ичине мейманкана, автобус билети, эртең мененки тамак кирет экен.

Насыяга саякат

Бишкекте азыр Өзбекстанга саякат уюштурган туристтик компаниялар кызматтын түрүн сунуш кылып жатат.

Эң арзаны 4500 сомдон башталган саякатка азыр студенттер, жөнөкөй жарандар да кызыгып жатат. Суроо-талап көп болгондуктан, айрым фирмалар саякатты насыяга өткөрүү системасын киргизишкен.

"Asia Expeditions" компаниясынын менеджери Асел Тазабекова айына бир жолу отуз адамдан турган кыргызстандыктарды Өзбекстанга алып барып, алардын айрымдары банк аркылуу насыя алып, айылчылап жүргөнүн айтып берди:

Бухара

- "Жөн эле барып келебиз" деген туристтерибиз көбөйдү. Арасында студенттер, карапайым жарандарыбыз да бар. Ушундан улам "насыяга саякат" программасын киргизгенбиз. Кардар банк аркылуу насыя алат, бизге мерчемдүү бөлүгүн төлөп коюп үстөксүз эле Өзбекстанга саякаттап келет. Ташкентке эң арзан тур 4500 сом турат. Бир күндүк экскурсия туруна автобус билеттери, бир түндүк жатакана, тамак-ашы, туристтик топту коштоп жүрүүчүнүн кызмат акысы кирет. Унааларыбыз заманбап, абдан ыңгайлуу. Ал эми беш күндүк турдун баасы 18 миң сом. Ташкент, Бухара, Самарканд шаарларын кыдыртып, үч маал тамак берип, тарыхый жерлерине экскурсия жасатабыз.

Базар баасы кандай?

Жер кыдырып, эл көргүсү келгендердин дээрлик баары чоочун жердин базар баасына, коомдук унаанын акыбалы менен жол акысына кызыкса керек.

Ташкент

Фергана боюнда жайгашкан байыркы шаарларды кыдырып келген Гүлнара Пратова Өзбекстанда тамак-аш, жашылча-жемиш Бишкекке салыштырмалуу арзан экенине токтолду:

- Коомдук тамактануу жайларындагы баа бизге караганда эки-үч эсе арзан. Кыргызстандан барган төрт киши жана бизди Өзбекстанда коштоп жүргөн адам болуп Ташкенттеги эң мыкты ресторандардан тамактандык. Дасторкону берекелүү, мен таттуусу, кофеси менен кошо алып жаттым. Бешөөбүздүн бир отуруп жеген тамагыбыз 50 долларга жеткен жок. Ал эми базарда баа өтө арзан экен. Байыркы базарлар таза, тыкан, иреттүү экен. Кызыгы, соодалашып баасын эки эсе арзан алсаңыз болот.

Гүлнара Пратова.

​Ал эми Ширин Дубанаева Ташкенттеги "Чорсу" базарынын өзгөчөлүгүнө токтолуп, айрым жергиликтүү өндүрүмдөрдүн сапаты мыкты, баасы да арзан экенине таң калганын айтты:

- "Чорсу" базарынан Бишкектеги "Ош базарынын" маанайын сезе аласыз. Бирок биздикиндей иретсиз, кир, чаң эмес. Баары таза. Соодагерлер сыпайы. Мисалы, Өзбекстандын нак атлас, пахта кездемелеринен жасалган жакшы кемселди биздин акча менен миң сомго эле сатып алса болот. Бизде синтетикалык кездемеден тигилген, сапаты начар кемселдер деле миң сом болуп жатпайбы. Жолдошум өзүнө саймасы колго сайылган өзбек топусун 200 сомго эле сатып алды.

Өзбек полициясы. Ташкент

Мындан тышкары кыргызстандык туристтер Өзбекстанда ички туризм гүлдөп өнүгүп жатканын байкашкан. Бала-чакасын ээрчиткен өзбекстандыктар Бухара, Самарканд, Ташкент шаарларындагы тарыхый жерлерди байма-бай кыдырып, бош убактысын тарыхты үйрөнүүгө жумшаарын Кыргызстандан баргандардын баары белгилешти.

Туристтерге болгон мамилеге Азамат Абсаттаров абдан ыраазы болуп, үч күндүк сапарында бир да тартип сакчысы документ текшербегенин, метродо, поездде жана авто бекеттерде кызмат көрсөткөндөр сылык экенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Өзбекстандын чет элдиктерге коюнун кеңири ачканы коңшуларына кандай таасир этет? Соңку жылдары туризмди өнүктүрүүгө бел байлаган Кыргызстан атаандаштыкка туруштук бере алабы? Бул суроого экономист Азамат Аттокуров мындай жооп узатты:

Азамат Аттокуров

- Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин Өзбекстан либералдык экономиканын жолуна түштү. Бул албетте, Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Себеби, мекендештерге Ташкент, Самарканд, Бухара сыяктуу байыркы шаарларга барууга жол ачылды. Албетте, мындай шартта Кыргызстан өзүнүн туризм тармагын жоготуп албаш үчүн иштеши керек. Өзбекстан менен теңтайлаша алгыдай кызмат көрсөтүүгө шарт түзүшү зарыл. Дааратканаларды, жолдорду оңдоп, тейлөөнү жакшыртып, эл аралык Discovery, BBC сыяктуу каналдарга жарнама берсек жакшы болмок.

Согуш жана тынчтык институтунун акыркы маалыматы боюнча, Өзбекстанда 2016-жылы бийлик алмашкандан кийин Шавкат Мирзиёев туризмди жайылтууну колго алган. Өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик комитети жалпы дүң өнүмдүн 2,3 пайызы туризмден түшүп жатканын, бул көрсөткүчтү беш пайызга чыгарууга болгон шарт түзүлөрүн билдирген.

Учурда эалаң эле арзан автобус, темир жол каттамдары ачылбастан, Бишкек-Ташкент сапарындагы учак билетин "Өзбекстан аба жолдору" 220 доллардан 150 долларга чейин арзандатты.

2005-жылы Өзбекстанга дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн 240 миң, 2017-жылы 2,7 миллион турист барган. Ички туризмдин эсеби азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.