Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев убада кылган Австралия, Британия, Германия сыяктуу 27 өнүккөн өлкөнүн жарандарына визасыз каттамды узартуу сунушу кийинкиге жылдырылды.
Мирзиёев 29-декабрда кол койгон жарлыкка ылайык, эми бул план 2021-жылдан тарта күчүнө кирет.
Жарлыкта визасыз каттамды кийинки жылдырууну Тышкы иштер, Ички иштер министрликтери жана Туризм боюнча комитет сунуштаганы айтылат.
Бул органдар мындай чараны өлкөдө туруктуу туристтик ишмердикти камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн. Өзбек бийлиги туристтер жана өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн визасыз режимди жылдыра турууну оң көрүшкөнү айтылды.
Былтыр 4-декбарда шайланган президент Шавкат Мирзиёев эки күндөн кийин 27 өлкө менен визасыз каттамды киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Австралия, Австрия, Британия, Германия, Италия, Канада, Люксембург, Голландия, Түштүк Корея, Сингапур, Финляндия, Швейцария жана Жапония жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алмак. АКШ, Белгия, Франция, Польша, Венгрия, Португалия, Чехия, Индонезия, Кытай, Малайзия, Вьетнам жана Израилдин 55 жаштан жогору жарандарына 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилмек. Жардык 2017-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирери айтылган.
Мурдагы президент Ислам Каримовдун учурунда дээрлик 25 жылга жакын жабык өлкөгө айланган Өзбекстан үчүн мындай демилге күтүүсүз болгон.
Ошондуктан Мирзиёевдин бул демилгеси жаңы бийликтин эң ири өзгөрүүсү болот деп күтүлүп жаткан.
Эми жаңы жарлыкка ылайык, визасыз каттам коңшу өлкөдө 2021-жылы гана күчүнө кирмей болду.
Ал ортодо жаңы президент Шавкат Мирзиёев өлкө прокуратурасынын ишин өзгөртөрүн билдирди.
Коңшу өлкө президенти прокурорлордун кесиптик майрамындагы жолугушууда алардын иши мындан ары баллдык система менен бааланарын айтты.
Өзбекстанда былтырдан тарта 8-январь прокуратура күнү катары жарыяланган эле.
Жыйында сүйлөп сатып Мирзиёев прокурор кабыл алган ар бир чечимдин артында адам тагдыры турарын белгиледи.
Ал ошондой эле жакында ачылган премьер-министрдин виртуалдык кабылдамасына прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн арыз көп экендигин белгиледи:
- Прокуратура тармагында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында эл өкүлдөрүнүн алдында прокурорлордун отчетун угуу салтын жолго коюп, прокуратура тармагына коомдук көзөмөлдү дагы да күчөтүү зарыл.
Мирзиёевдин мындай билдирүүсү прокуратура органдарын өзгөртүү аракети катары бааланууда. Бирок ондогон жылдар бою өлкөдө “кол тийгис” мекемеге айланган прокуратураны өзгөртүү оңой болбосун эксперттер айтышат.
Алардын бири Ташкенттеги саясий эксперт Анвар Назиров “Азаттыкка” сүйлөп жатып, прокуратура системасын эски кадрлардан арылтмайын реформа жасаш кыйын экенин белгилейт:
- Мындай кайрылуу совет мезгили кулагандан кийин эле, мындан 25 жыл мурда кылынышы керек болчу. Жасалган жок. Шавкат Мирзиёев көңүл буруп жаткан сыяктанат. Бирок маселени канчалык жүзөгө ашыра алат айтыш кыйын. Анткени Каримов өлгөндөн бери анча көп убакыт өтпөдү жана бул убакыт ичинде жаңы адамдар келген жок. Мурдагы адамдар мурдагы система менен башкарууда. Алар өзгөрүүгө даяр деп айтыш кыйын.
Назировдун сөзүнө журналист Анвар Усмонов да кошулат. Анын пикиринде, президенттин айткандарын айрымдар өз пайдасына колдонушу мүмкүн:
- Муну буйрук, сөз менен ишке ашыруу өтө кыйын. Сот системасын тазалаш үчүн чоң чечимдер керек. Прокуратуранын иши аябай өзгөчө. Мен аны жакшы билем, муну өзгөртүү үчүн жылдар керек. Менин коркконум, Мирзиёевдин сөзүнө таянып, кимдир бирөөлөр жакпаган адамын прокуратурадан сүрүшү мүмкүн.
Прокуратура менен Ички иштер министрлигинин ишин былтыр маркум президент Ислам Каримов да сынга алган эле. Каримов бул органдардын адилетсиз ишине калктын чыдамы жетпей калышы мүмкүн экенин эскерткен.