Аптанын урунттуу окуялары сүрөттөрдө

Иван Купала майрамын белгилөө учурунда башына гүлтаажы кийип алган кыздар Киевдин жанындагы эски тегирмендин жанында секирип, ойноп жатышат.
 

Пакистандын Карачи пляжында күн батаарда төө минип бараткан адам.

Испаниянын Памплоне шаарында өткөн Сан-Фермин фестивалында көрүүчүлөр букалардан качып бара жатышат.
 

Албаниядагы Адриатика көлүнүн жээгиндеги чатырлар жайкы аптаптын Европага ооп жатканынан кабар берет. Албанияда абанын температурасы 39 градука чейин көтөрүлүүдө. 
 

Чачын кына менен боёгон эркек Пакистандагы Карачи портунун аймагындагы жолдо эс алууда.
 

Монпелье шаарындагы суу астындагы чарбадагы деңиз үлүлдөрүнүн өсүшүнө көз салып жаткан франциялык аквакультурист (суу астындагы моллюсктарды өстүргөн адам) Жан-Кристоф Каброл.
 

Жапониянын Хоккайдо аймагындагы Кусиро портунда күн мурун кармалган кичинекей китти крандын жардамы менен кемеден жүк ташуучу машинеге жүктөп жатышат. 
 

Кабулдагы жардыруудан соң асманга көтөрүлгөн көк түтүн.  
 

6-июлда, Алматы шаарында казак оппозициясынын тарапташтары өткөргөн митинг учурунда кармалган аял милиция кызматкерлеринин машинесинде да каршылык көрсөтүп жатат. 
 

Түндүк Кореянын аскерлери Ким Ир Сендин каза болгонунун 25 жылдыгын белгилөө учурунда өлкөнүн мурдагы лидерлери Ким Чен Ир менен Ким Ир Сендин эстелигине гүл коюш үчүн күтүп турушат.