Тоолуу Карабакта жүздөй аскер окко учту

Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында кырдаал дагы эле тынч эмес. 13-сентябрдан бери эки тараптан жүздөй аскер окко учканы кабарланды. Дүйнө лидерлери Кавказдагы эки мамлекетти ок атышууну токтотууга чакырып жатышат. 14-сентябрдын таңында жанданган атышуу үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо. Жамаатык коопсуздук келишим уюму аймакка "кырдаалды баалоо" максатында атайын миссиясын жөнөтмөй болду.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 13-сентябрда 50дөй жоокерин жоготконун билдирди, ошол эле маалда расмий Ереван кеминде 49 аскери окко учканын кабарлады.

Шейшембиде Орусиянын ортомчулугу менен эки тарап ок атышууну токтоткону кабарланган. Анткен менен Азербайжан Тоолуу Карабактагы этникалык армян күчтөрүн макулдашууну бузганы үчүн айыптады.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Арам Торосян бул дооматты четке какты. Анын айтымында, азери күчтөрү этникалык армяндардын аскердик жайларын, калктуу конуштарды жана жарандык объектилерди аткылоону "бир да мүнөткө" токтоткон эмес.

Расмий Баку армян күчтөрүнүн "чагымына" жооп берүүгө аргасыз болгонун билдирип, жарандык объектилерге сокку уруп жатканы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Арам Торосян. 13-сентябрь, 2022-жыл.

Дүйнө лидерлери атышууну токтотууга чакырышты

Дүйнө лидерлери, БУУ эки кошуна мамлекетти атышууну токтотуп, маселени сүйлөшүүү жолу менен чечүүгө чакырышууда. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эки мамлекеттин башчылары менен тең телефондон сүйлөшкөнүн айтты:

"Биз кайрадан аскердик аракеттердин тутанышына күбө болуп атабыз. Бул эч кимдин, Азербайжандын да, Армениянын да, жалпы аймактын да кызыкчылыгындагы иш эмес. Мен эки тарап менен тең сүйлөшүп, жаңжалды токтотуп, тынч жол менен чечүү үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырдым. Аймакта эки тарап менен тең биздин атайын чабарман иштеп жатат. Мен алар менен тыгыз байланышта болом.

Жакында эле Кавказ боюнча дайындалган Американын чабарманы Филип Рикер 13-сентябрда Бакуга мурда белгиленген сапар менен барган.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Франция бул маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде көтөрө турганын билдирди. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин кагылышууну токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы маалым болду. Бул тууралуу Кремл шейшембиде кабарлады. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш эки тарапты чыңалууну токтоосуз жайгарууга жана ортодогу чечилбей турган маселелерди диалог аркылуу чечүүгө чакырды.

"Баш катчы армян-азери чек арасындагы аскердик аракеттердин жанданышына терең тынчсызданууда. Ал эки тарапты мурда келишилген макулдашууларды ишке ашырууга чакырат жана ошондой эле аймактагы эки тарапты элдештирүүгө далалат кылгандарды колдойт", - деди БУУнун өкүлү Стефан Дюжаррик.

13-сентябрда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, жардам сураган. Кыргызстан мүчө болгон аскердик уюм 13-сентябрдын кечинде онлайн жыйын өткөрүп, "кырдаалды жеринен баалоо" үчүн аймакка өз миссиясын жиберүүнү чечти. Аны ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась баштап барат.

Жаңжалдын тарыхы

Армения менен Азербайжандын жаңжал жүрүп жаткан аймакка байланыштуу талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен армян тектүү тургундар жашаган Тоолуу Карабак автономдук облусу Армян ССРинин колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган, 1991-жылдын сентябрында болсо өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Республикасы” деп жарыялаган.

Ортодо чыккан согуштан улам 1988-1994-жылдары 30 миңдей адам өлгөн. Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этникалык азербайжандар качкын болгон же жер которгон.

“Тоолуу Карабак Республикасын” расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бир да өлкө, анын ичинде Армения да тааныган эмес. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда эки тараптан 6500 адам мерт кеткен. Орусиянын ортомчулугу менен аяктаган кыска согуштун жыйынтыгында Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон.

Кесилишкен тилкени Орусиянын 2 миңдей тынчтык орнотуучу аскерлери кайтарып жатат.