Жергиликтүү бийлик абалды "таза суунун жабдуусу эскирди, аны оңдогонго каражат тартыш" деп түшүндүрдү.
"Үйүмө "суу кирди" деген аты эле бар" деп кейиди Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн тургуну Клара Кожошева:
- Элге окшоп жашайлы деп ванна, даараткана киргизип алганбыз, эми суу жок, какшып турат. Күзүндө, октябрдан баштап гана агат. Минтип шланганы бочкеге туташтырып, насос кошуп, анан кир жууйбуз. Марттан бери суу жок. Жылда эле марттан баштап сентябрь, октябрга чейин суу чыкпайт. "Суунун басымы жок" дешет. Тээ көчөнүн этегинен балам машине менен күнүгө ташып келет.
Минтип суу жетпей калган үйлөр айылда арбын. Суу жетпегени жөнөкөй элди эле түйшүккө салбастан, ишкерлердин да түйшүгүн көбөйттү. Конок үйүн иштетип, туристтерди кабыл алып келген жаш ишкер Нурбек күн сайын кызылдай акчага суу ташып келип, эптеп конок үйүн иштетип жатканын айтып отурду:
- Быйыл мына бул үйдү жаңы салып, ушул резервуарды курдум эле. 80 миң сом сарптадым. Тилекке каршы, бул да толбой жатат. Бул суу топтогучка өзүмдүн чөнтөгүмөн акча чыгарып, суу ташыгандарга күнүм түшүп же кол менен ташып толтурууга туура келип жатат. Бул ишкерликке тоскоолдук жаратат экен. Быйыл 80 миң сомго жасаган ишим өзүн актабай калды. Кээ бирде суу жок болуп, кишилерди тосо албай да жатабыз.
Ал эми ушул эле айылдын жогору жагында жайгашкан Секеев көчөсүнө такыр эле суу түтүгү тартылган эмес. Ал жердин жашоочулары суу ташып жатып эле күн кечирет. Жашоочулардын айтымында, айыл өкмөтү "ал жак өр болгондуктан, суунун басымы жетпейт, өзүңөр тартып алгыла" деп жооп кайтарган. Суу ташыгандардын бири - Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн тургуну Астра Боржукова.
- Күнүгө ушинтип суу ташыйбыз. Таза суунун жоктугу аябай кыйнайт. Суу ташып жатып да ден соолуктун баарын жоготтук. Кышкысын саат экиге чейин ташыйбыз. Өкмөттөн деле жардам жок, арыз жаздык, баарыбыз бардык. Анан алар баш тартып коюшту, "биз жардам бере албайбыз, өзүңөр суу тартып алгыла" дешти. Бул жактан эми тартып алалы десек, суунун басымы жетпейт экен, "өйдө жактан тартып алгыла" деп айткан, - деди ал.
Айылга суу толук жетпей жатканын адистер суу башынан жакшы каралбай, ар кайсы жакка буруп кетип жатканынан көрүшөт. Таза суу кеткен түтүк менен бойлоп баратып атайылап эле айдоо талаага таза суудан тартып алып сугарып жаткан жерлерди да жолуктурдук. Айылга алгач таза суу тартууда прораб болуп иштеген Кыдык Шакматов андай жерлерди бизге да көрсөттү:
- Мына бул суунун ачык турганын мен эле эмес, көп эле эл көрүп айтып атат. Бул таза сууну ачып, сугат сууга кошуп, жерлерди сугарышат экен. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Бекитип коюшпайт. Бул жерге мал сугарганга кичинекей эле түтүкчө койсо болмок. Негизи коюлбаса деле болмок. Бул жер эми ээн талаа да. Мына көрсөңөр, Бөкөнбаев айылына кетчү таптаза сууну минтип, сугат суу катары буруп алган. Ушинтип түтүк менен тартып келип, жерин сугарып жатышат.
Кыдык Шакматовдун айтымында, ортодон коромжуга учурап жаткан сууну толук көзөмөлгө алса, айыл элин толук камсыз кылууга жетет. Ал көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн айыл өкмөтүн сындады:
- Суу негизи жакшы эле келет. Анан туура эмес пайдаланылып жатат. Кээ бирөөлөрүндө насос да көбөйдү. Суунун баары айылга жетпей жатат. Бул негизи айыл өкмөттүн иши, таза суу кызматкерлеринин жумушу да. Ошолор тейлеп, караш керек эле.
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн ичүүчү суу менен камсыз кылуу коомдук бирикмесинин башчысы Жолдош Баялиев элдин маселе көтөргөнүн жөндүү деп эсептейт. Ал айыл калкы арбыган сайын суунун тартыштыгы күчөп, аны менен катар суу түтүктөрү да эскирип, орто жерден сууну кое берип жатышканын айтты:
- Суу жетет, негизи. Суу ташып турбайбы, ошол суу түтүккө батпагандыктан келе албай жатат. Түтүктөр эми жаңырат, көлөмү чоңоёт. Ал ташып аткан сууну жаап салсак, анда артка тээп резервуарды жарып салышы мүмкүн. Ошон үчүн сууну агызып койгонбуз да. Эки жерде бар болчу, бирөөнү алып салдык, бирөөсү калды. Антпесек резервуардан ажырап калчудайбыз.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Турганбаев суу ортодон коромжуга учурап жатканын моюнга алат. Айыл элин сууга муктаждыктан арылтуу үчүн өкмөттөн жергиликтүү бийлик 204 миллион сом сураган:
- Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча Бөкөнбаев айылындагы суу системасын жаңылатууга 204 миллион сом керек. Мында жаңыдан техникалык-экономикалык негиздемелер түзүлөт. Азыр түзүлө элек. Эски системалардын эскиздик варианты да жок. Азыр биз эми өзүбүздүн ыкма менен карап жатабыз. Баштапкы сметада эле каралган. Бул сумма да өзгөрөт. Бизге чоң адистер керек болуп турат.
Таза сууга бөлүнө турган каражатты жергиликтүү жетекчилер мамлекеттен ар кандай өлчөмдө сураган сыяктуу. Анткени райондун акими Таалайбек Ажиев айыл өкмөт айткан суммадан башка сумманы айтып жатат:
- Системанын эскилигинен агып аткан жерин оңдосок эле, кайра эле ошонун жанынан атып чыгып жатат. Анткени азыр суунун басымы күчтүү. Эскилиги жеткенден система чыдабай калууда. Жылына канча деген каражат бөлүнөт, элден жыйналган акчага жасалат. Бирок жыйынтыгы жок. 240 миллион каражат - бул канализация системасы менен чогуу караганда ошончо болуп жатат. Айылда канализация жок. "Суу системасын жасатсак канализацияны кошо бүтүрүп кетели" деп долбоор түзгөнбүз. 240 миллион бул айыл үчүн туура эле.
Акимдин айтымында, быйылкы жылга 10 миллион сом бөлүнүп, сентябрь айында башкы суу топтогучту орнотуу иши башталат.
Эми айыл эли таза суу үчүн бөлүнчү каражатты жергиликтүү бийликтегилер туура пайдаланып, толук таза суу менен айылды камсыздап берсе деп үмүт артып турган кези.
Учурда айыл ичип жаткан таза суунун жабдуусу 1994-жылы орнотулган.
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө 15 миң калк жашайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.