Олимпиаданын тарыхта калган ирмемдери

22 жаштагы бразилиялык атлет Ребека Андраде спорттук гимнастикадан алтын жана күмүш байге утту.

Британиялык Скай Браун скейтбординг боюнча мелдешке катышып жаткан учуру. Скай Браун 13 жашта, ал коло байге утту. Ал эми алтын менен күмүш байгелерди жапониялык спортчулар 19 жаштагы Сакура Ёсодзуми менен 12 жаштагы Кокона Хираки утуп алышты. Скейтборд - спорттун жаңы түрү катары Олимпиада программасына киргизилди. 

 

Австралиялык 27 жаштагы Эмма Маккеон сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасынын жети медалын утту. Алардын төртөө алтын, үчөө коло байгелер. Спортчу алтын медалдарды 100 жана 50 метрге эркин сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча эстафетадан, 100 метрге комплекстүү сүзүү боюнча эстафетадан утту. 100 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча эстафетадан жана 100 метрге аралаш комплекстүү сүзүү боюнча эстафетадан коло медал тагынды.

2016-жылы Рио-де-Жанейро Олимпиадасында да Эмма бир алтын, эки күмүш, бир коло байгеге ээ болгон.

Норвегиялык Карстен Вархольм жеңишине кубанып жаткан чагы. Ал тоскоолдуктар менен 400 метрге чуркоо боюнча жарышта марага 45,94 секундада келип, олимпиаданын рекордун жаңылап, чемпион болду. 

Америкалык жөө күлүк Сидни Маклафлин тоскоолдуктар менен 400 метрге чуркоо боюнча жарышта аялдар арасында алтын байген утуп алды. Ал Олимпиаданын рекордун да жаңылады. 

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда көзүнө жаш алды.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш байге алды. Ал финалда жапониялык Юкако Каваи менен беттешип, бир упай айырма менен (3:4) жеңилди. Тыныбекова Олимп оюндарында күмүш байге алган үчүнчү кыргызстандык. Ал эми кыз-келиндер арасында Олимпиаданын күмүш байгесин алган эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы спортчу. 

Синхрондук сууга секирүү боюнча Олимпиада чемпиону британиялык Том Дейли өзүнүн хоббиси менен дүйнөгө таанылды. Ал сууга секирүү боюнча мелдешти трибунада кийим токуп көрүп отурду. Спортчу токуу аны стресстик абалдан сактай турганын айткан. 

Том Дейли өнөктөшү Мэтти Ли менен 10 метрден синхрондук сууга секирүү боюнча мелдеште алтын медаль утушту.




 

Кытайлык Куан Хончанг 14 жашында Олимпиада чемпиону болду. Ал 10 метр бийиктиктен сууга секирүүдө алтын байгени утуп алды. Мунун менен Кытай спорчуларынын алтын байгелеринин саны 33кө жетти. 

Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан мушкер Алберт Батыргазиев алтын медалды жеңди. 

Бельгия менен Австралиянын курама командалары чөп үстүндөгү хоккей боюнча мелдештин финалында беттешип жатышат.