Токио-2020: Спорт менен искусствонун айкалышы

2017-жылы Эл аралык сууда синхрондуу сүзүү федерациясы бул спорттун популярдуулугун көтөрүү максатында сууда көркөм сүзүү деп өзгөрткөн. Мурун сууда көркөм сүзүү аялдардын гана спорту саналып келген болсо, азыр мелдештерге эркектер да катыша баштады.

Украиналык Марта Федина мелдеш учурунда. 

Белорустун спортчулары Василина Хандошка жана Дарья Кулагина.

Сууда көркөм сүзүү боюнча мелдештер бассейнде өтөт. Мында спортчулар музыканын коштоосунда синхрондуу түрдө ар түрдүү кыймыл аракеттерди жасашат. 

Жапониялык Юкико Инуи менен Мегуму Йошида. Бул спортчулар Олимпиадада төртүнчү орунду ээлешти.
 

Мексикалык спортчу кыздардын бийи.

Сууда көркөм сүзүү алгач "суудагы балет" деп аталып, 1920-жылы Канадада пайда болгон. 

Мексикалык Нурия Диосдадо Гарсия менен Жоана Хименес Гарсия. 

Токио Олимпиадасынын чемпиондору орусиялык спортчулар Светлана Ромашина менен Светлана Колесниченко.

Украиналык Марта Федина менен Анастасия Савчук мелдешке чыгар алдында. Алар мелдеште жалпы 189,4620 упай топтоп, коло байгени утуп алышты.

Сууда көркөм сүзүү 1948-жылы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген. 

Орусиялык спортчулар Светлана Ромашина менен Светлана Колесниченко жубу. 6-августта спортчулар командалык мелдешке да катышып жатышат. Эгер ал мелдеште да жеңишке жетсе Светлана Ромашина Олимпиаданын жети жолку чемпиону болот. 

Италиянын сууда көркөм сүзүү боюнча улуттук курамасы командалык мелдешке катышып жатат.

Испаниянын курама командасы. 

Украинанын сууда көркөм сүзүү боюнча курама командасы мелдешке чыгар алдында.

Сууда көркөм сүзүү боюнча мелдештерде Орусиянын спортчулары 2000-жылдан бери беш жолу алтын байге утуп, беш ирет Олимпиада чемпиону болушкан. 

Токио Олимпиада оюндарында сууда көркөм сүзүү боюнча мелдештер өтүп жатат. 5-августта спорттун бул түрүнүн эки спортчудан турган мелдештери жыйынтыкталды. Бүгүн командалык жарыштар башталды.