Токио-2020: Бекдөөлөттүн ызасы, Ибрахимдин рекорду
25 жаштагы Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал Токио оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Расулбеков 31-июлда "А" тайпасындагы мелдешке катышты.
Штанганы түртүп көтөрүүдө Бекдөөлөт алгач 162 килону көтөрүп, экинчи аракетинде 166 килону көтөрө албай калды. Үчүнчү аракетинде гана 166 килону көтөрүп, 8-орунду ээледи.
96 килограммга чейинки салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты.
Жапониялык спортчу Тошики Ямомото 200 килону көтөрүүгө аракет кылып, бирок үч жолу тең көтөрө албай калды. Булкуп көтөрүүдө Ямомото 168 килону багындырды. Жыйынтыгында ал 9-орунду ээледи.
Канадалык оор алтетчи Сантави Боди Роберт 4-орунду ээледи.
Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья булкуп көтөрүүдө 177 килону, түртүп көтөрүүдө 210 килограммды багындырып, жыйынтыгында күмүш байгенин ээси болду.
Венесуэлалык спортчу Кейдомар Валенилья ийгилигине кубанууда. Кейдомар жалпы 387 килограммды көтөрдү.
Штанганы жулкуп көтөрүүдө Расулбеков 200 килону, экинчи аракетинде 208 килону көтөрдү.
Үчүнчү аракетинде 216 килону көтөрүүгө аракет жасап, бирок жаза басты.
Жалпысынан 374 килограмм салмакты багындырып Бекдөөлөт 6-орунду ээледи.
Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим түртүп көтөрүүдө мелдешке чыгар менен эле 217 килону багындырды.
Кейдомар Валенилья сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.
Олимпиада чемпиону Элбах Фарес Ибрахим, күмүш медалдын ээси Кейдомар Валенилья жана Грузиянын өкүлү Антон Плесной сыйлоо аземи учурунда.
Бекдөөлөт Расулбеков эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиада оюндарына катышкан жетинчи оор атлетчи болуп калды.