Тиллерсон: Трамп Орусия менен кайра "мамилени оңдогусу" келет

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго президент Дональд Трамп Москва менен "байланышты кайра калыбына келтирүү процессин баштоону" тапшырды. Бул тууралуу Тиллерсон өзү 6-июнда Жаңы Зеландияга жасаган сапары маалында айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 6-июнда Жаңы Зеландияга жасаган сапары маалында Трамп аны менен ачык-айкын сүйлөшкөнүн, Орусия менен АКШ ортосундагы алака учурда солгундап, начарлап баратканын айтканын билдирди:

- Мына ошол себептен президент менден Орусия менен байланышты кайра калыбына келтирүү процессин баштоону, адегенде алакаларды турукташтырып, ишеним жаратып, андан соң жалпы кызыкчылыктарды аныктоону суранды, - деген мамлекеттик катчы "Бул жараян башталды" - деп кошумчалады.

8-июнда ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми өткөн жылкы шайлоонун жүрүшүндө Орусиянын таасири болгон-болбогону боюнча Сенаттын Чалгын комитетине келип көрсөтмө берет.

Жеймс Коми.

Ал эми бир күн мурда Кошмо Штаттардын маалымат каражаттарында АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигине караштуу жашыруун документ жарыяланып кеткен. Анда Орусиянын аскерий чалгын кызматы менен жакын байланышта болгон хакерлер АКШдагы шайлоочуларды каттай турган программа менен 100дөй жергиликтүү бийликтерди камсыздаган жеке компаниялардын серверлерине бир нече ирет кол салганы, добуш берүүгө бир нече күн калганда да чабуул койгондугу маалымдалат.

Тиллерсон менен Орусия президенти Путин.

Документте ошондой эле хакерлер АКШнын добуш берүү системасына боолголонгондон мурда киришкени да айтылат. The Intercept интернет-басылмасы тарабынан жарыяланган документте хакерлер шайлоонун жүрүшүнө таасир тийгизгени же тийгизбегени айтылган эмес.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кызматына караштуу документ 5-майда чыккан жана ал коомчулук же пресса үчүн ачыктала элек жаңы документ.

The Intercept Улуттук коопсуздук кызматы менен байланышканда мекеме документти жарыялабоону суранган. Агенттик Чалгын кызматынын өтүнүчү менен документтин айрым бөлүктөрүн ачыктаган эмес.

Документ жарыяланган соң АКШнын Юстиция министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү 25 жаштагы Реалити Ли Уиннерди жашыруун маалыматтын сыртка жайылып кетиши үчүн айыптап, 3-июнда камакка алганын маалымдады.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орусиялык аскерий чалгынчылар АКШнын добуш берүү системасына чабуул коюуга аракет жасашканын четке какты.

- Чындыкка таптакыр жатпаган бул билдирүүдөн башка биз эч кандай маалымат, эч кандай аргумент көргөн да, уккан да жокпуз. Ошол себептен биз чечкиндүү түрдө мындай болушу мүмкүндүгүн четке кагабыз.

Дмитрий Песков.

АКШнын Юстиция министрлиги болсо документтеги маалыматтар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.