"Кайсы улуттун өкүлү экенине карабай өзбек тилин билиши керек"
Өзбекстанда өзбек тилин билбегендер мамлекеттик кызматтарда иштей албасын, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды пайдалана албагыдай болушу керектигин өзбек парламентинин вице-спикери, "Миллий тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров билдирди.
"Албетте, Орусияда иштегиси келгендер орус тилин билиши керек, бирок бул Өзбекстанда жашаган орустар өзбек тилин билбеши керек дегенди билдирбейт!", – деп жазды саясатчы 14-майда Телеграм-каналына.
Кадыровдун пикиринде, Өзбекстанда жашаган жана бул өлкөнүн жараны болгон бардык улуттардын өкүлдөрү мамлекеттик тилди билиши керек.
"Башка улуттагы мекендештер мамлекеттик тилди үйрөнүшү үчүн бала бакчалар менен мектептерде шарттарды түзүүдөн тышкары, өзбек тили мыйзам менен милдеттүү тил катары аныкталышы керек", – деп жазды Кадыров.
Ал мындай билдирүүсүн Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин сөздөрүнө жооп катары жазды. Володин 13-майда "Орусияга орус тилин билген жана өлкөнүн салтын сыйлаган адамдар гана иштегени келгени маанилүү экенин" айткан.
"Бизге орус тилин билген, салт-санаабызды, маданиятыбызды сыйлаган адамдардын келиши маанилүү. Жалпы тарыхыбыз бар, менимче, аны эч ким унуткан жок", - деген орус аткаминер.
Бул билдирүүдөн кийин Өзбекстандагы социалдык тармак колдонуучулары Алишер Кадыров конституциялык мыйзамды бузганын, орус тили өлкөдө расмий тил экенин эскертип, каршы пикирлерин айта баштаган.
Бирок ошол эле учурда Кадыровду колдоп комментарий жазгандар да аз эмес.
Өзбекстандын Конституциясы орус тилинин өнүгүшүн жана эркин колдонулуусун кепилдейт. Расмий маалыматка ылайык, жалпы билим берүүчү 10 миңден ашуун мектептин 10% окуу процесси орус тилинде жүрөт.
Тил маселеси
Кадыров буга чейин да бир нече жолу коомчулукта кызуу талкуу жараткан билдирүүлөрдү жасаган. Быйыл жыл башында ал Өзбекстанда мектептериндеги орус тил сабактарынын сааттарын кыскартууну, орус тилин телеканалдарда жана башка тармактарда колдонууну кайра карап чыгууну сунуш кылган.
"Мисалы, калктын 3% аз бөлүгүн түзгөн орус тектүү мекендештердин арасында билим берүү жана телеберүү тармактарында орус тили өтө кеңири пайдаланылат. Бул оош-кыйышты жоюу керек", – деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.
Анда Кадыров мындай пикирин орусиялык жазуучу Захар Прилепин менен тарыхчы Михаил Смолиндин айткандарына жооп катары жазган.
Прилепин "өзбекстандык 2 миллион жаран биздин өлкөдө жүргөндүктөн, Орусия Өзбекстанды аннексиялап алышы керек" десе, Смолин "1917-жылкы революцияга чейин өзбектер жок болчу" деп айткан.
13-февралда Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожа өзбекстандык белгилүү журналист жана блогер Кирилл Альтман менен курган маектешкенде Карл Маркстын цитатасын эске салып, өзү жашап турган өлкөнүн тилин "баскынчы же келесоо" гана билбей турганын айткан.
Кремль бул интервьюга дароо жооп кайтарып, өзбек ректордун сөзүн "акарат келтирүүчү жана кабыл алынгыс" деп сыпаттаган. Ал эми "Россотрудничество" агенттиги кошуна өлкөнүн Улуттук медиа-ассоциациясы, Мектепке чейинки билим берүү министрлиги менен байланыштарды убактылуу токтотконун билдирип, Кудратхожадан кечирим суроону талап кылган.
Өзбек ректор андан кийин курган бир нече маектеринде эч кимден, эч качан кечирим сурабай турганын, өзү 16 тилде эркин сүйлөрүн, бирок Өзбекстанда ар бир жаран өзбек тилин билиши керектигин баса белгилеген.
49 жаштагы Шерзодхон Кудратхожа - өзбек өкмөтүнө жакын адам. Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун, ошол кездеги премьер, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин маалымат кызматтарында иштеген.
Эки өлкөнүн мектеп ачуу демилгеси
Мамлекеттик тил маселеси кошуна өлкөдө маал-маалы менен козголуп келет. Былтыр 19-октябрда ТАСС агенттиги Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Кахрамон Куранбаевге шилтеме жасап, Өзбекстан Орусияга мигранттардын балдары үчүн жеке мектептерди жана бала бакчаларды ачууну сунуштаганын жазган.
Куранбаев белгилегендей, Ташкенттин өтүнүчү эмгек мигранттарынын балдарын мектепке бере албай, кыйналып жатканына байланыштуу.
Деген менен ошол эле күнү Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Делягин жергиликтүү радиого курган маегинде "бул демилге мыйзамсыз" экенин билдирген.
Көп өтпөй 14-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Петр Толстой Орусияда иштеген мигранттардын эсебинен Тажикстан менен Өзбекстанда орус тилдүү мектептерди ачуу зарыл экенин белгилеген.
Мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдө орус мектептеринин системасын, 90-жылдары талкаланган интеграцияны өнүктүрүү зарылдыгын айткан Толстой ал жумурияттарда "англис тилин активдүү окутуп, орус тилин өз эне тилдери менен сүрүп чыгаруу аракети көрүлүүдө" деп сындаган.
Анда да Алишер Кадыров Толстойдун бул сунушуна дароо жооп кайтарып: "Балким, биз өзбекче билбеген кызматкерлерди иштен алууну сунуш кылабызбы? Биз башка жолду тандайбыз – аларга өзбек тилин үйрөтөбүз. Силер дагы өз алдынча иштегенди үйрөнгүлө. Ошондо орус тилине чыныгы сый-урмат менен мамиле жасалат", - деген эле.
Эки өлкө аймагында мектеп куруу дымагы буга чейин да көтөрүлгөн. Былтыр 18-сентябрда Москвада өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин "окуучуларды орус маданияты жана салттары менен тааныштыруу" максатында Өзбекстанда бир нече мектеп куруу сунушун киргизген.
Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов ошондо Ташкент мектеп куруу сунушун "чоң ыраазычылык менен кабыл алганын" айткан.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын тиешелүү органдарынын маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө туруктуу иштеген өзбекстандыктардын саны 2 миллиондон ашат, алардын 60% ашыгы Орусияда иштешет.