Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Жапаровдун Казань сапары: орус тили жана кызыкчылыктар


"Келечек оюндарынын" ачылыш аземинде. Казань шаары. 21-февраль, 2024-жыл.
"Келечек оюндарынын" ачылыш аземинде. Казань шаары. 21-февраль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Татарстандын борбору Казанда иш сапары менен болду. Ал 21-февралда “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышып, орус президенти Владимир Путин менен да жолукту.

Борбор Азия лидерлеринин Казанга сапары орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын абактагы өлүмү үчүн дүйнө коомчулугу Путинди айыптап, бул окуяга байланыштуу Кремлге сын күчөп турган учурга туш келди.

Казандагы сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Путин Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калып жатканын, Кыргызстанга келген түз инвестициялардын 35% Орусия тараптан болгонун белгиледи. Бул багыттагы иштерди алдыга жылдыруу ниетин билдирди.

Ал ошондой эле Жапаровдун Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, ыраазычылык айтты.

“Гуманитардык тармак боюнча бизде баары акырындык менен өнүгүп жатат. Биз сиздин орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бурганыңызга ыраазычылык билдиребиз. Сиз менен чогуу жакында эле мектептерди ачтык. Өткөн жылдын соңунда, октябрь айында сиздердин өлкөгө болгон сапарымды жакшы эстейм. Меймандос мамилеңиздер үчүн рахмат айтам”, - деди Путин.

Спорттук иш-чаранын өтүшүнө ийгилик каалаган Жапаров “Келечек оюндарына” чакыруу алганы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле орус президентине алдыда турган шайлоо өнөктүгүндө ийгиликтерди каалады.

Андан соң Владимир Путиндин чакыруусу менен Казанга барган Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери “Келечек оюндары” мультиспорттук иш-чарасынын расмий ачылышына катышып, ар бири өз тилдеринде кыскача билдирүү жасашты.

Мындан тышкары Жапаров Кыргызстандын Казань шаарындагы башкы консулдугунун ачылышына катышты.

“Орусия менен катташууда Борбор Азиянын да кызыкчылыктары бар”

Борбор Азия лидерлеринин Казанга барышы жана Путин менен жолугушуусу Орусиядагы оппозиционер Алексей Навальныйдын абактагы күтүүсүз өлүмүнөн кийин Кремлдин дарегине сын күчөп, талкуу жүрүп жаткан маалга туш келди.

Мындан сырткары Украинага кол салганы үчүн АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияга соңку эки жыл ичинде этап-этабы бир катар санкцияларды салууда. Кремлдин бул чектөөлөрдү кыйгап өтүшүнө көмөктөшпөөсү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн аракетине да тыкыр көз салынып турат.

Бул аймактагы мамлекеттер “татаалдашкан жагдайга” карабай Кремль менен алакасын бекемдеп, “стратегиялык өнөктөштүктү” улантуу аракетинде.

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов муну Борбор Азиядагы мамлекеттердин Орусия менен кызматташуудагы бир катар кызыкчылыктарына байланыштырат.

“Кыргызстан жана Казакстан Орусия менен эки аймактык уюмга, Евразия экономикалык биримдиги жана Жаматтык коопсуздук келишими уюмуна кирген. Өзбекстандын кызыкчылыгы - Ооганстан маселеси боюнча Орусия менен иш алып баруу. Аймактагы ар бир өлкөнүн Орусия менен мамиле түзүүгө геосаясий же геоэкономикалык жактан кызыкчылыктары бар”, - деди Жумагулов.

Кыргыз-орус алакасындагы негизги маселе катары Орусияда эмгектенип жүргөн 1 миллион кыргызстандык мигранттар, ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык кызматташтык, Кыргызстандын Орусиядан азык-түлүк, энергетикалык ресурстарды импорттоосу айтылып жүрөт. Мындай шарт Бишкекти Москвага кайсы бир деңгээлде көз каранды кылып турат деп баалагандар да бар.

Кремлдин тил маселесиндеги алкоосу жана сыны

Путин кыргыз бийлигинин орус тилин өнүктүрүүдөгү салымын белгилегени менен, бул жаатта Кремлдин Бишкекке сын айткан учурлары болгон. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчага өзгөртүү сунушуна Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары нааразы болгон жайы бар.

Былтыр кабыл алынган "Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга" да Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров терс пикирин айтып, бул маселеде Бишкекке "бир нече жолу эскертүү бергенин, өлкөдө орус тили басмырланып жатканын" белгилеген.

Президент Жапаров Лавровдун билдирүүсүнө берген жообунда Кыргызстанда орус тили расмий тил катары кала берерин, мыйзам "кыргыз тилин толук өздөштүрүүгө" ылайыкташканын айткан.

Жогоруда сөз болгон мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 7-февралда жогорку окуу жайларга тапшырган абитуриенттерин кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирген буйрук чыгарган.

21-февралда ушул маселе боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берилип, анда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев мектептерде 4-класска чейин жалаң кыргыз тилинде билим берүү керектигин сунуштады.

Орусиянын Бишкекке таасири арттыбы?

Орусия Батыштын санкциясына кабылгандан бери Кыргызстан менен кызматташуусунун масштабы кеңейгени байкалат. Алсак, былтыр Владимир Путиндин Бишкекке сапарынын алкагында коргонуу жаатында келишим түзүлүп, Канттагы авиабазанын жанына абадан коргонуу компоненттерин жайгаштырууга беш гектар жер берилген.

Мындан сырткары Кыргызстанга Москва мамлекеттик университетинин эки филиалы жана орус тилдүү 11 мектеп курула турган болгон. Бишкектеги Кыргыз-Орус славян университетине өзгөчө макам берүү каралып жатканы да маалым болгон.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай расмий Бишкек геосаясий жагдайды эске алып, Москва менен кызматташууда ортолук турумду карманышы керек деген ойдо:

“Кыргыз өкмөтү Орусияны капа кылып албаш үчүн Бишкекте тынч акцияларды өткөрүүгө аргасыз тыюу салды. Себеби мындайда Украинаны колдогон акциялар өтүп, жарандык коом пикирин улам билдире берсе, Кыргызстандын позициясы катары көрүнүп калышы мүмкүн эле. Мындайда адам укугу да четте калды. Бир жагынан, Батыштын каржы институттарынан каржылык колдоо алууга да туура келет. Ошол себептүү нейтралдуу позицияны бекем кармай берген оң”.

Путин Садыр Жапаров жана Борбор Азия лидерлери менен соңку жолу былтыр 25-26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда кездешкен.

  • "Келечек оюндары" 21-февралдан 3-мартка чейин өтөт. Ага 107 өлкөдөн 270тен ашык топ, анын ичинен кыргызстандык беш оюнчу катышып жатат. Мелдештер 21 түрдүү багытта уюштурулат. Бул мелдештеги оюндар классикалык спорттун, киберспорттун жана технологиялардын бириктирилген айкалышы катары мүнөздөлүүдө.
  • Украинага кол салганы үчүн Орусия дүйнөлүк спорт боюнча түрдүү мелдештерден четтетилип, бул тармак боюнча да изоляцияда калган. Мисалы, Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын жана Беларустун спортчуларына быйыл Парижде өтө турган Олимпиадага нейтралдуу макамда гана катышууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG