"Үйлөнүүдөн качты..."

"Жүз жыл мурдагы кыргыз жаштары" аттуу "Жаз" тобунун тарткан сүрөт баяны.

Сыдык Карачевдин “Үйлөнүүдөн качты” аттуу аңгемеси - улуттук профессионалдык кара сөз өнөрү жаңыдан каз-каз тура баштаган убакта жаралган чыгармалардын бири.

Ушу тапта сталиндик кандуу жазалоонун курмандыгына чалынган бир ууч баштооч жазуучулардын катарында Сыдык Карачевдин сакталып калган чыгармалары кепке алынып, улут адабиятындагы орду аныкталууда. Жазуучунун “Үйлөнүүдөн качты” аңгемеси - өткөн кылымдын 20-жылдары кыргыз коомундагы турмушту үйрөнчүк калем менен чагылдырган сүйгүнчүк чыгармасы. Кыргыз аңгемесинин классикасына арналган кезектеги кеп Сыдык Карачевдин аңгемесине арналмакчы.

Баштоочтордон башкы кеп

Сыдык Карачевдин “Үйлөнүүдөн качты” аңгемеси 1918-жылы жазылып, бир жылдан кийин казакча чыкчу “Көмек” гезитинин февраль айындагы санында жарыяланган. Кыргыз тилиндеги басма сөз көз жара элек кезде кыргыз калемгерлери жазгандарын канаатташ казак, татар басылмаларында жарыялашчу. Ошондон кыргыз совет адабиятынын алгачкы үлгүлөрү казакча, татарча, өзбекче гезит-журналдарда жарыяланган. Кийинчерээк кыргыздын туңгуч басма сөзү “Эркин-Тоо” гезитинин алгачкы сандары Ташкентте басылган.

Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы жооптуу катчысы - Сыдык Карачев болгон.

Ага чейин алгачкы кыргыз жазма адабиятын баштоочу Сыдык Карачев, Касым Тыныстанов, Бөрүбай Кененсариев, Шарип Көкөнов, Сатыбалды Нааматов жана башкалардын чыгармалары боордош калктардын басма сөзүндө чыгып, окурмандарга азыноолок таанылып калышкан. Сыдык Карачев жаңы улуттук адабияттын баштоочуларынын бири болгон. Анын үстүнө анын кыргыздын туңгуч гезити “Эркин-Тоонун” чыгарылышына кошкон салымын бул жерден айтпай кетсек болбос. Ошол алгачкы кыргыз гезитин чыгарганга чейин Сыдык Карачев кагаз менен калемге өч кыргыз курбалдаштарына акын жана кара сөзчү, таанымал журналист катары белгилүү болуп калган.

Сыдык Карачев - совет бийлигин колуна курал алып коргогон калемгер. Ал өз элинин сабатынын эртерээк ачылышына, анын билимдүү калктардын катарына кошулушуна умтулган инсан болгон. Жаш кезинен билим алып, түрк тилдүү боордош калктардын мезгилдүү басма сөзүндө алгачкы чыгармаларын жарыялап, элин жаңылыкка үндөгөн. Орусиядагы саясий өзгөрүүлөрдүн таасири жер-жерлерде улуттук жанданууну күчөткөн, өз алдынча өлкө болуу тилеги жаш интеллигенция өкүлдөрүн өзгөчө ыраазы кылып, бул маанай алгачкы муун жазуучулардын чыгармаларында жарк этип көрүнгөн. Албетте, анын баары кийин аларга айныксыз айып, кутулгус куя катары моюнга коюлуп, сталиндик кандуу жазалоонун капшабына туш келээри ал кезде эч кимдин оюна келе элек. Жаңы бийликтин жасагандары, айрыкча анын азап-тозокко көбүрөөк кабылган карапайым калктын, кедей элдин таламын талашары билимдүү жаштардын колдоосуна арзыган.

Жаз келди - малдуулар жайлоого көчүштү

Сыдык Карачевдин “Үйлөнүүдөн качты” аңгемесинде совет бийлиги кыргыз жерине толук жайыла элек, жер-жерлерде феодалдык-уруучулук жашоо ыңгайы өкүм сүрүп турган өткөөл мезгил сүрөттөлгөн. Эски заман биротоло жоюла элек, жаңы заман бекем орун-очок ала элек карама-каршылыктуу кызык мезгил болчу. Колунда малы бар кыргыздын көбү эт менен кымызга ныксырап, жайлоонун кызыгынан чыга албай, андайдан куржалак калгандар жакада эгин карап, тирүүлүктүн күнүн өткөрүп атышкан.

"Тап душманы, колхоз, кулак, бай-манап, контр" деген коко тикенектей коркунучтуу сөздөр жок, кыргыз эли кылымдап келаткан жашоо ыңгайын кечирип жаткан. Алыскы Орусияда бийлик алмашып, падышалык башкаруу большевиктер колуна өткөнү, ортодо азыноолак башкаруу тизгинине ээ боло калган Убактылуу өкмөт тууралуу аңгемеде кеп деле болбойт. Тек, жайлоого чыккан эл алыскы Орусия менен Түркстандын ичкери шаарларында окуган жаштарды эс алдырууга шарт түзүп, камылга көрүшкөнү, окумал студенттердин ич ара талаш-тартыштары, ортодогу кеп-сөздөр чыгарманын сюжеттик негизин түзөт.

Билим уулап кеткен жаштардын көз караштары, түшүнүктөрү өз мезгилине үндөш. "Канткенде элди сабаттуу кылууга болот, бул үчүн жаштар эмне кылышы керек?" деген суроого келип такалат.

Кадалып окуган адам үйрөнчүк калем автордун жазганынан бир топ алешемдиктерди табышы мүмкүн. Анда талаш жок. Бирок да “Үйлөнүүдөн качты” - кыргыз прозасынын алгачкы карлыгачы, жаңыдан каз-каз тура баштаган улуттук көркөм сөздүн биринчиси, туңгучу. Бул аңгеменин жаш наристедей тазалыгы жана сүйкүмү мына ушул биринчиликке байланышкан. Жазуучу пейзаждык сүрөттөөлөргө өтө эле берилип, тигил же бул окуяны баяндоодо көп сөздүүлүктөн, узак баяндоочулуктан өйдө көтөрүлө албай калган учурлары деле бир топ. Анткен менен чакан аңгемеден кысталыш учурга туш келген элдин маанайы, коомдук турмуштун бир этаптан экинчисине өтүп бараткан учуру таамай чагылдырылган.

Аңгеме жаздын келишин сүрөттөөдөн башталат. Көчмөн калк үчүн жаздын келиши - өзгөчө кубаныч, көтөрүңкү маанай тартуулачу мезгил. Кылычын алып келчү кыш артта калып, жадыраган жаз жылуу маанай алып келет. Мал төлдөп, колунда жандыгы барлардын баары жайлоону эңсеп, анте албагандары эгин-тегин камылгасын көрүп, жөн-жай тиричилик өз нугунда агып барат. "Тигил бай эмне үчүн жайлоого чыгып жыргайт? Бул кедей кайсы айыбы үчүн ысыкта жакада калып жатат?" деп наалыган деле киши жок. Байлар кымыз ичип, эт жеп, салкын абада саратанда жыргап жүрүшсө, маанайы пас кедейлер эгини менен убара. Аңгемеде социалдык бөлүнүү кыска сөз менен гана белгиленип кетпесе, ага маани деле берилбейт. Авторду ойлонткон маселе жаңы муундун, билимдүү жаштардын эли үчүн эмне кылып берери, жасай турган кызматы кандай болору башкы маселе катары алдыга чыгат. Буга кошумча, чыгармада муундар ортосундагы байланыш, эски көнүмүштөн балдардын кантип чыгып жатканы, аталар менен балдар проблемасынын дагы бир өңүтү көркөм иликтөөгө алынат.

Ушуга улай дагы бир белгилей кетчү жагдай бар. Аңгеме Исмайыл байдын Султан деген баласынын атасы айткан кызды алгысы келбей, алыскы шаарга качып кетиши, ошону менен айылына келбей коюшун кабарлоо менен жыйынтыкталат. Чыгармада Султан бир-эки эпизоддо эле каарман катары катышпаса, башка убакта ал аталбайт деле. Пейзаждык сүрөттөөлөр, окуучу жаштардын талаш-тартышы, жайлоо менен жакадагы элдин маанайы сындуу жалпы сүрөттөөлөр басымдуулук кылат. Жаштардын талаш-тартышындагы орусча жана татарча билим алып жаткан жаштардын ич ара келишпестиктери да кульминациясына жетпей калган. Чыгармадагы баяндоодон көрүнгөндөй, татар медреселеринде шакирт катары билим алып жаткан жаштар "миллетим" – "улутум" деп элдин сабатын ачуу, билимин көтөрүү милдетин алдыга коюшса, Орусияда билим алып жаткандар ашып барса тилмеч же писарлыктан өйдө көтөрүлө албаган майда аткаминер болуп, карапайым калктан коркутуп-үркүтүп алган паранын эсебинен бардар жашоого жетишкенине корстон болушары белгиленет.

Аңгеменин башталышындагы жаздын кайсы бир деңгээлде символикалык да мааниси бар. Башынан эчен кыйынчылыкты өткөргөн эл күндөлүк тирилиги менен алек. Алардын катарында бир түстүү жашоодон кантип чыгуунун жолун издеген жаштардын аракети көңүлдү өзүнө бурбай койбойт. Мына жаз, кышкы ызгаардан жылуу кезге жеткен адамдар менен жан-жаныбарлардын сүйүнүчү автор айтпаса деле белгилүү. Жер бети жашыл шибер жамынып, мал көккө тоюп, малдуу кишилердин баары жаканы таштап, жайлоону эңсей баштаган учуру. Аз өтпөй малдуу элдин жапырт жайлоого көчүшү баяндалат. Жайлоо – байлардын энчиси.

- Малдуу кишилер күнүгө эртең менен үйдөн үйгө кирип кымыз ичишип, тамаша кылып жыргап жүрүшөт. Ар күнү малы көбөйүп баратканын ойлошуп, күндөрүн шаттык менен өткөрүшөт.

Байкалып калгандыр, жазуучу “чү” деген жерден социалдык жикти, бай менен кедейдин жашоо-турмушундагы кескин айырманы ачыкка чыгарат.

- Ал эми кедейлердин көңүлү анча көтөрүңкү эмес, алардын малы жок, дээрлик жайлоого чыга алышпайт. Ошондуктан байлардын оюн-күлкүлөрүнө четтен туруп гана кызыгып карашат. Кымыз ордуна алар карандай чай ичип гана канааттанышат жана да “оозунда жок болсо, өпкө да таттуу болот” деп өздөрүн өздөрү жубатышат.

Кыргыз совет адабиятынын башталышы идеялык негизге, таптык ажырымды сүрөттөөгө байланышары буга чейин көп айтылган. Жаңыдан тамыр алып бараткан көркөм сөз өнөрү кандай багытта өнүгөрү, кандай багытты тутунары буга чейин эле аныкталып, совет мамлекетинин негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин бул миллиондогон кедей-кембагалдардын, "чынжырынан башка жоготор эч нерсеси жок жалчылардын" (пролетарлардын) адабияты болорун айтып койгон. Жазуучу жайлоого агылган көчтүн кооздугуна өзгөчө көңүл бурат.

- Ар түрдүү кооздуктар менен жасалгаланган күмүш ээр-токумдуу жорго аттарга минишип, чачтарына бермет шуру тагынышып, чачтарын эки саамайына өргөн, кызыл-жашыл баркыт менен тыштаган кундуз тебетей кийишкен, кымбат жибек көйнөктөр менен абдан жасанышкан кыздардын өзүлөрү сыяктуу түрдүү түркүн түстөр менен кооздолгон, моюндарынан тартып бүтүн денесин ар түрдүү кызыл мончоктор менен кооздогон, биринин артынан экинчисин тизип, чоң сандыктарын жана үй жабдыктарын арткан үч-төрт төөнү байлардын кыз-келиндери жетелеп, жылкыларын айдап жүрүшкөн жаш жигиттер жыйналышып, ат үстүнөн талааны жаңыртып ыр ырдашып, жайлоого жол тартышкан убак эле”.

Жайлоодогу жашырын кеп

Малдуулар жайлоого кетип, жакада дыйкандар, малы жок кедейлер калышканы менен, жаз көркү бардык жерди кулпуртуп салган. Жазуучу жайлоо көрүнүшүн, айыл-айыл болуп тигилген боз үйлөрдү, желеде байланган кулундарды, мөңгү менен мөлтүр кашка булактардан куралган албуут тоо суусун сүрөттөй келип, сууга жакын тигилген бир боз үйдөгү көрүнүшкө көңүл оодарат. Бул боз үйдө Орусия менен Түркстандын чоң шаарларында окууда жүргөн балдар келип эс алып кетишмекчи экен.

Алыстан жол жүрүп чарчаган студенттердин жайлоого келиши тегерек-четке маалым болуп, окуудагы балдарды көрүп келмекчи болгондордон жол тийбейт. Кечиндеси жаштар оюн-зоок уюштуруп, айыл ичи шаттыкка бөлөнүп, таңдын атышы билинбей, шаттуу күндөр башталат. Студенттер бийик асканын башына чыгып, айланадагы кооздукка суктанып отуруп, ал жерден бир маселени бүтүрүп кетүүнү чечишет.

- Исмайыл байдын Султан аттуу баласынын келечек жумада үйлөнүү тою болот. Ошол тууралуу бирге кеңеш кылып, тойду кандайча баштоого жана да нече күн оюн кылууну кеңешели. Эгерде макул болсоңор ушул жерден козголбостон маселени бүтүрүп кетүүгө тийишпиз,- дешет.

Мына ушул талуу маселе ички шаарларда окуп жатышкан студенттер арасында чоң талаш жаратат. Исмайыл байдын үйлөнө турган уулу Султан ортодон чыга калып эле оор маселени талкууга алган жолдошторуна нааразы экенин жашырбайт. Ал үйлөнүү оюнда жоктугун, буга чейин бир да жолу үйлөнүү жөнүндө кеп кылбаганын айтып, азырынча элинин керегине жараш үчүн билим алууга куштар экенин билдирет:

- Анткени, окуп адам болууга, келечекте өз улутума пайдам тиерлик кызмат кылууга, сабатсыз калкыма жолбашчы болуп, аларды ойрон кылуучу чуңкурдан куткарып калуу үчүн билим алууга, нечен жылдардан бери тууган-өскөн жеримди таштап, чет жерлерде жапаа, кыйынчылык көрүп, түн уйкумдан калып, адам катарына кошулуу үчүн тырышамын. А, сиздер болсо мени өмүрүмдө жүзүн бир мертебе да көрбөгөн, атын да укпаган бир кызга үйлөндүрмөкчү болосуздар. Макул, сиз айткандай да болсун, мен үйлөнөйүн. Бирок да мен ага эч убакта жолдош көзү менен карабай тургандыгым күн мурунтан эле белгилүү. Анткени, ал мен кайгырган убакта менин кайгымды ортоктошууга, өзүм жана да улутум туурасындагы менин пикириме кошула албайт. Менин ошондой кайгылуу, шаттыктуу убактарымда ишке жарабаган сенек бир куурчакты алуудан мен кандай кызык тапмакчымын? Менин сиздерге айтаар акыркы сөзүм ушул: мен адам катарына кошулмайынча үйлөнбөйм. Үйлөндүңбү, үйлөндүң. Андан ары ойлогон пыланыңдын күлү көккө учат,- дейт.

Боз үй.

Ичкери шаарларда билим алып жүрүшкөн жаштар арасында кызуу талкуу башталат. Айрымдар Султандын “өрүк жесе өпкөсүнөн, алма жесе алкымынан көрүнгөн, бели кындай, бети айдай сулуу кызды” чанып атышын түшүнбөй жатышканын айтып, "мындайды каны бузулган гана жаш адам жасайт" дешсе, дагы бири татар медреселеринде окуган шакирттер “миллет-миллет” демиш болушканы менен колдорунан бир тыйындык пайда чыкпастыгын айтат.

Татар медреселеринде окугандар улут деп умсунушканы менен, орусча окугандар өздөрүнүн ким экенин билишпей калгандыктарын белгилеп, момундай жүйөнү алдыга жаят:

- Сиздерге миллеттин да кереги жок, анткени, орусча окуп, тилмеч, писарь, билбейм дагы кимдер болууну ойлойсуздар. Ошол орунга жетсеңиз мурдуңузду көтөрүп, наадан калкты алдап, алардын таман акы, маңдай терлери менен тапкан акчасын өзүңөргө калтыруу жана үч-төрт катын алып өз турмушуңузду карк кылып жыргоо үчүн гана окуйсуздар жана сиздердин аркаңыздан береки калктын алга адымдап кетүүгө шегим бар.

Студент жаштардын талашы улутчулдукту баарынан жогору койгон татар медреселериндеги шакирттер менен орусча билим алган кеңсе кызматкерлеринин ортосунда башталып, жыйынтыксыз аяктайт.

Исмайыл байдын билимдүү уулу Султандын каршылыгына карабастан тойго даярдык кызуу башталат.

- Султан бир күнү кечинде атына аттанып калаага кеткен эле. Ал калаага кеткен боюнча үйүнө кайтпады.

Айылдагылар аны келип калар бекен деп көпкө күтүштү. Арадан бир жыл өттү. Эл арасында аркыл миш-миштер тарап, бирөөлөр Султан өлүп калганын айтышса, башкалары үйлөнүп Орусияда жашап жатканын кеп кылышат. Жазуучу аны чын кабар эмес, куру бир аңгеме катары сыпаттайт.

Иши кылып, ошол кеткен боюнча Султан дайынсыз жоголот. Баяндоочу анын сапары алыс, максаты эл эркиндигин, келечегин ойлоо экенин ырастоо менен баянына чекит коет.

Сыдык Карачевдин “Үйлөнүүдөн качты” аңгемесинин көркөм түзүлүшү, андагы сүрөттөлгөн турмуш көрүнүштөрү, автордук идея анын башка чыгармаларында, кара сөз, поэзия, драмалык туундуларында дагы тереңдетилип конкреттүү өң-түскө ээ болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.