Тергөөдөгү тилкат: авторитардык ченемге каршы арыз

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы.

Конституциялык сот тергөө амалдарын ачыкка чыгарууга жол бербөө ченеми "жарым-жартылай Баш мыйзамга каршы келет" деп тапты.

Сот мыйзам менен атайын корголгон, адам укугуна, тергөөнүн мыйзамдуу кызыкчылыгына доо кетирбеген маалыматтардан башкалары ачык жарыяланышы мүмкүн экенин белгиледи. Сотко кайрылган тарап бул ченем жарандардын укугун чектөө үчүн колдонуларын билдирген.

Баш мыйзамга каршы келген ченемдер

Конституциялык сот 8-июнда “Медиа полиси” бейөкмөт уюмунун юристтери Акмат Алагушев жана Нурбек Сыдыковдун "Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1-2-бөлүкчөлөрү Баш мыйзамга каршы келет" деген негизде берген арызын карап, жарым-жартылай канааттандырды.

Ал ченемдерде тергөө маалыматтарын ачык жарыя кылбоо жана тергөөчү тилкат алып, жоопкерчилигин эскерте турганы каралган.

Юрист Акмат Алагушев тергөөчүлөр жарандардын соттук коргоо укугун чектөө үчүн бул ченемден кыянат пайдаланарын белгиледи:

“Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1-2-бөлүкчөлөрүндөгү тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол бербөө ченеми Конституциянын 23-34-61-беренелеринде адамдын жана жарандын укуктарынын кепилдиктерине каршы келет”.

Биз мына ошол кодекстин беренесиндеги эки бөлүкчөнүн Баш мыйзамга шайкеш келбей турганын көрсөтүп, аны жокко чыгарууну сурадык. Анткени бул ченемдер тергөөчүгө ашкере көп ыйгарым укуктарды берип, жарандардын сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат”.

Тергөө маалыматтарын сактоодогу теңсиздик

Кээ бир чуулгандуу иштерди тергөөдө укук бузууларды айттырбоо үчүн купуялуулукту сактоо тажрыйбасы бар экени белгиленди. Айрыкча оппозициялык саясатчылар менен журналисттерге байланыштуу иштерде алардан тилкат алган учурлар катталганы көрсөтүлдү.

Бул ченем ишти тергөөдө коргоочу менен айыптоочунун теңсиздигине алып келери арыздын өзөгүн түздү. Анткени Баш мыйзам кепилдеген актоочу менен айыптоочунун тергөө жана соттук териштирүүдө далил базасын чогултуп, жүйө келтирүүдөгү бирдей атаандаштыгы бузулуп жатканы юристтер жазган арызда көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз Баш мыйзам: президенттик бийликти сынаган бир жыл

Саясатчы Исмаил Исаков саясий мүнөздөгү иштерди тергөөдө фигуранттардан тилкат алып, бирок бир жактуу каралоо болгон учурлар аз эмес экенине токтолду:

“Адам укугун чектеген бул ченемди атайын киргизген. Жоопко тартылып жаткан адам ага эмне деген айып коюлуп жатканын, анын негиздүүлүгүн, тергөөнүн мыйзамдуулугун айтышы керек да. Баш мыйзам кепилдеген сотто коргонуу укугу сакталышы керек болчу. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Иш негиздүү козголобу же негизсиз жерден эле жасалма токулган болобу, анысына карабай, тергөөчү ал адамдан тергөө купуясы деген шылтоо менен тилкат алып, маалыматты эч жакка чыгарбоого милдеттендирет. Бирок ошол эле кезде өздөрү ошол эле иш боюнча маалыматтарды бир жактуу чыгарып, адамды сотко чейин эле каралап, элдин кулагына сиңирип жатат. Бул авторитардык режимдерге мүнөздүү тергөө. Муну жокко чыгаруу зарыл.”

Адатта тергөөчү мамлекеттик, кызматтык, медициналык, банктык жана коммерциялык сырлары бар маалыматтар камтылган кылмыш иштерин гана жашыруу чарасын көрүп, тергөө кызыкчылыгына доо кетирбей турган калган бардык маалыматтарды чектөө Баш мыйзамга каршы келери айтылды. Бул иш боюнча кодекстеги аталган ченемди бекиткен Жогорку Кеңеш, аткаруучу катары УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура жоопкер тарап болду.

Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев муну ыңгайга жараша колдонуу өнөкөтү жокпу деген суроо таштады:

“Чындыгында бул берененин мазмуну көп жылдан бери анча деле өзгөргөн эмес. Бирок, эмнеге бул маселе азыр көтөрүлүп жатат? Анткени анын айынан эмне болуп жатканын азыр эле уктуңуздар. Тергөөчү ачыкка чыгарбоо тилкатын алардан мурун ал кылмыш ишин жарым-жартылай же толугу менен жашыруун сырга чыгарышы керекпи? Мен туура түшүндүмбү же андай эмеспи? Же болбосо бул кадимки жагдайда деле болушу мүмкүнбү?”.

УКМК: укук бузууларга даттанса болот

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү мыйзам менен корголуп, жашыруун грифи коюлган иштерден башка кылмыш иштери боюнча дагы тергөөчү өз алдынча териштирүү маалыматтарын коргоо чарасын камсыздап, тилкат алууга укугу бар экенин соттогу жарыш сөз учурунда билдирди.

Ошондой эле ал бул ченемден кыянат пайдаланган учурларды да жокко чыгарбайт:

“Ооба, бул жерде чынында эле кээ бир учурларда айрым тергөөчүлөр бул ченемден кыянат пайдалана баштаганын күбөлөндүргөн фактылар тууралуу айтылды. Мындай нерселер белгилүү бир сын пикирлердин орун алышына алып келүүдө. Соттук коргоодо конституциялык укуктардын бузулганына токтолсок, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп, анан кылмыш иши козголгон жана сотко чейин өндүрүшкө чейинки аралыкта адвокаттар же жараяндын башка катышуучулары тергөөчүнүн үстүнөн прокурорго же тергөө судьясына даттанууга укугу бар”.

Дагы караңыз Жаңы кодекс: тергөө менен кызматташуу жоюлат

Конституциялык сот тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол бербөө ченеми Баш мыйзамдын жоболоруна жарым-жартылай каршы келерин белгиледи.

Ал эми коомдук жана жеке кызыкчылыктарга шек келтирип, коопсуздукка коркунуч жаратып же адам укугун бузууга өбөлгө түзгөн маалыматтарды коргоо чарасы сот чечиминде каралды.

Бирок тергөө маалыматтарынын бардыгы чексиз түрдө тергөө купуясын камтыбай турганы, ошондуктан мыйзам чыгаруу органына бул ченемдерди ачык жарыялоого жаткан тергөө маалыматтарын тизмелөөнү караган толуктоолорду киргизүү жагы көрсөтүлдү.