Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) байланыштуу беш мыйзам долбоорун тобу менен кабыл алды. Мындан төрт жыл мурун сунушталган документ атайын кызматтын укугу жана милдети тууралуу маселени кайра козгоду.
Тыңшоодон чыккан талаш чечилди
“Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “Контрчалгындоо иши жөнүндө”, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорлорун парламент 25-майда үчүнчү окууда кабыл алды. Бул документтерди Министрлер кабинети иштеп чыккан. Алардын ичинен чалгындоого байланыштуу эки долбоор жаңы жазылды.
Депутаттар Адахан Мадумаров менен Дастан Бекешев документте соттун уруксаты жок эле адамдарды тыңшоо, жашыруун тасмага тартуу жазылганын айтып, сынга алышкан. Бирок Улуттук коопсуздук комитет тергөөдө бул иш-чаралар соттун гана уруксаты менен болорун кайталап келген. Бекешев тыңшоо боюнча депутаттардын сунуштары кабыл алынганы менен андан башка көп демилгелер кирбей калганын айтты.
“Тилекке каршы, менин сунуштарым кабыл алынган жок. Ошондуктан мен мыйзам долбооруна азыр деле каршымын. Беткап, коопсуздук комитеттин кызматкери кызмат учурунда күбөлүгүн көргөзсүн, саясатчыларды куугунтуктабасын деген сунуштар кирбей калды. Ал эми уруксатсыз тыңшоо алып салынды. Анткени ал Конституцияга каршы келет. Бирок баары бир эле “тыңшоо зарыл болсо, соттун чечими менен тыңшайбыз” деп жазып коюшту”.
Конституциянын 29-беренесинде адамдардын кат-кабар алышуусу, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү купуя экени, кишилерди тыңшоого жана алардын кат алмашууларына укук алуу үчүн соттун чечими керектиги жазылган.
Бирок Кыргызстанда саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен журналисттердин телефон сүйлөшүүлөрү жашыруун жаздырып алынып, коомчулукка жаманатты кылуу үчүн жарыяланган окуялар бар. Тымызын тартылган видеолордун арты менен саясатчыларга иш козголуп, камалып чыккан учурлар көп. Саясатчылар бул ишке атайын кызматты айыптап келет. Ал тасмаларга, тыңшоолорго күнөөлүүлөр кармалып жазага тартылган фактылар жок.
Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков азыр иштеп жаткан, жаңы сунушталган документтерде тыңшоо, жашыруун тасмага тартуу соттун уруксаты менен ишке ашарын өткөн аптада парламентте кайталады.
“Кимдин гана сын-пикири болбосун биз аны кабыл алууга милдеттүүбүз. Ал эми тыңшоо деген – бул тергөөдө эч кандай чара калбай, такыр мүмкүнчүлүк жок калганда аткарыла турган иш. Колдонуудагы мыйзамда деле тыңшоо соттун чечими менен гана жүргүзүлөт. Кандай иш-аракет болбосун ал соттун чечими менен болот. Тергөөчү өзү билгениндей иштебейт”.
Алтынчы чакырылыштан “мураска” калган мыйзам
Улуттук коопсуздук комитетке тиешелүү мыйзам долбоорлору 2018-жылы эле жазылган. Андан бери Кыргызстанда бийлик алмашып, Баш мыйзам түп тамырынан өзгөртүлүп, өлкө толук президенттик башкарууга өттү. Жогорку Кеңеште атайын кызматтын ишин тескеген документтер 2018-жылы башка саясий системада, шартта жазылганын айтып, аны кайра иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлгөнү менен колдоо тапкан жок. Эми парламент кабыл алган беш долбоор президенттин кароосуна жөнөтүлөт.
Мыйзам долбоорлоруна анализ жасаган "ТАНДЕМ" юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаева документте сөз эркиндигин чектейт деген ченемдер боюнча сунуштар эске алынганын билдирди. Бирок ал да “долбоорду өкмөт артка чакыртып алып жаңы жазып чыкса, күмөн ойлор болмок эмес” дейт.
“Азыр иштеп жаткан, жаңы кабыл алынган мыйзам долбоорунда деле соттун санкциясы жок чечим кабыл алынбайт деп жазылган. Маселе такыр башка жерде. Эмне үчүн коомчулукта тынчсыздануу болуп жатат? Себеби 2018-2019-жылы сунушталган мыйзам долбоорлор Жогорку Кеңештин сайтында илинип турат. 2021-2022-жылы парламенттен өткөн варианты сайтта жок. Парламент буга чейин сунушталган документтерди карап, аларга өзгөртүү киргизип кабыл алууга укугу бар. Бирок өкмөт аны артка чакыртып алып кайра иштеп чыкса жакшы болмок да”.
Атайын кызматка айтылган сын
Улуттук коопсуздук комитетке байланыштуу беш мыйзам долбоорунун тобу менен кабыл алынышы атайын кызматтын иши тууралуу маселени кайра көтөрдү.
Оппозициялык саясатчылар, укук коргоочулар менен жарандык коом Улуттук коопсуздук комитет өлкө коопсуздугу, терроризмге каршы күрөш боюнча түздөн-түз милдетин аткарбай, саясий куугунтук менен алектенип калганын билдирип келет.
Бир нече жылдан бери атайын кызматты реформа кылуу тууралуу маселе көтөрүп жүргөн укук коргоочу Рита Карасартова бирок кайсы гана бийлик келбесин УКМКнын "укуругун" узарткандын үстүндө экенин айтат.
“Алмазбек Атамбаев 2012-жылы Конституцияны бузуп туруп УКМКга Коррупцияга каршы күрөш кызматын кошуп берген. 2016-жылы Конституциялык реформада кызматтык кылмыш иштерин тергөө УКМКга жүктөлгөн. Бул укукту берип койгондон кийин бийлик бутагындагы тең салмактуулук жоголду. Бул орган президенттин камчысы болуп президент кааласа депутаттарды суракка чакырып, сотторду жумуштан алып коё турган абалга келди. Ал эми аткаруу бийлигин айтпай деле койсо болот. Негизи УКМК чалгындоо жана контрчалгындоо иши менен эле алек болушу керек эле. Президенттик бийликти кармап турууга да күч керек да. УКМК - ошого шарт түзгөн камчы”.
2021-жылы президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетке караштуу Антикоррупциялык кызматты жойгон. Мындан тышкары Тергөө башкармалыгы жоюлуп, коррупциялык мүнөздөгү бардык иштерди Башкы прокуратурада түзүлгөн атайын Тергөө башкармалыгы тергей турган болгон. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова атайын кызматтын ишмердиги тууралуу пикири менен бөлүштү.
“Улуттук коопсуздук комитетке байланыштуу мен чоң изилдөө жасагам. Андагы тыянак боюнча Улуттук коопсуздук комитет мыйзамда жана улуттук коопсуздук жөнүндө стратегияда көрсөтүлгөн милдетин аткарган жок. Бул мекеме макамы боюнча атайын кызмат. Ал чалгындоо, контрчалгындоо жана терроризм, экстремизмге каршы күрөш алып барышы керек. Бирок кылмыш жаза чөйрөсүндө карасак, УКМК азыр - полиция. Көбүнчө полициянын иши менен алектенип атат”.
Улуттук коопсуздук боюнча кызмат (УКМК) Кыргызстанда, дегеле көп мамлекетте эң жабык орган болуп саналат. Анын ишмердиги, бюджети тууралуу маалымат берилбейт. Кыргызстанда атайын кызматты президент Садыр Жапаровдун саясий өнөктөшү Камчыбек Ташиев башкарат. Бул мекемеге Чек ара кызматы да кошулган.