Жалпы коом жана бийликтер бала менен эненин укугун коргогондо гана үй-бүлөлүк баалуулуктар татыктуу сакталат. Конституциялык соттун тегат жаатындагы жакынкы бүтүмүнө байланыштуу тарыхчынын блогу.
Талкууга жем таштаган бүтүм
Кыргызстанда интернеттеги коомдук тармактарда өлкөнүн Конституциялык соту 2023-жылы 30-июнда чыгарган бүтүм жаатында байма-бай талкуу жүрүүдө. Бул талкууга казакстандыктардын өкүлдөрү да өздөрүнүн ар тараптуу үндөрүн кошушту.
Дагы караңыз Конституциялык сот “матроним” тууралуу чечимине түшүндүрмө бердиОболу ошол бүтүмдүн ток этээр жеринен үзүндү келтирелик (мында “берене” сөзү “статья” деп берилген; документте тыныч белгилерди коюуда жана башка айрым стилдик каталар да кезигет; тиешелүү сөз айкашынын астын биз сыздык):
“...эрезеге жетип (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-статьясына ылайык он сегиз жашка чыкканда), башкача айтканда турмушка объективдүү баа берип жана өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болуп, тигил же бул себептерден, же болбосо башынан өткөн оор турмуштук трагедиялардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек. Каралган маселе калктын анчалык көп эмес бөлүгүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай жагдайларга дуушар болгон жарандардын укуктарын теңдөө жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого бөгөт коюу максатында мыйзамдар кабыл алынган Чечимде көрсөтүлгөн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камтууга тийиш”.
Булак: https://constsot.kg/kg/press/russkij-press-reliz-po-delu-o-proverke-konstituczionnosti-normativnyh-polozhenij-vyrazhennyh-slovami-otchestvo-prisvaivaetsya-po-imeni-otcza-peremena-otchestva-osushhestvlyaetsya/
Конституциялык соттун бул бүтүмүн Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов мырза да сынга алды.
Бул бүтүмдү ата-бабадан калган салтты тебелөө далаалаты катары сындап, ал эми аны колдогондорду “батышчыл бузукулар” деп таламакейге алгандардын арасында фейктер (жалган ысымга жамынгандар) гана эмес, аттуу-баштуу жарандар да бар.
Биздин пикирибизде, өлкөнүн Конституциялык соту өтө этияттык менен жыйынтык чыгарган.
Анын башкы өзгөчөлүгү – өз тегин аты-жөнүндө көрсөтүүдөгү акыркы сөздү эрезеге жеткен жарандын өзүнө ыйгаргандыгы.
Ал эми “санжыраны мыкты билем, ата-тегибиздин баалуу мурасынан айрылып калып жатабыз”, деген мааниде ачуулана үн каткан замандаштарыбызга Конституциялык соттун “Каралган маселе калктын анчалык көп эмес бөлүгүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн” деген тактоосун окуп коюуга кеңеш берээр элек.
Ооба, өрнөк (прецедент) жаралат, бирок ал – миллиондон эки-үч гана учур, мухиттин бир тамчысы гана болушу мүмкүн.
Ал эми калган миллиондогон кишилер үчүн назарда тутулчу башкы нерсе – үй-бүлө институтун кыйратып, эненин дагы, өз балдарынын дагы укуктарын тебелеп жаткан негизги күнөөлүүлөр – эркек таналар экендиги жөнүндөгү анчейин эске алынбай жаткан өңүт.
Бул тууралуу биз “Фейсбуктагы” 2023-жылы 3-июлда чыккан чакан пикирибизде мындайча белгиледик:
Генофондго зыян келтиргендер - айрым эркек таналар
Кыргыз генофондун бузуп жаткандар - өз балдарын таптакыр карабай кеткен, алимент төлөмөк тургай, тарбиялык бир ооз жылуу сөз да айта албаган, өзүнүн аялы бар экенин жашырып, үйлөнүп алган соң, кайра жарандык никедеги жубайынан жаа бою качып кеткен... эркек таналар.
Алардын айрымдарын билем.
Ошолор генофондду бузуп жатышат.
Төрөгөн баласын таштай качкан билимсиз жаш эне үчүн дагы күнөөлүүлөр - ошол коомдогу эркектер.
Айрым айымдар өз көйгөйлөрүн да айтып жатышат. Маселен, ошондой кайрымсыз эркектер кандайдыр бир формалдуу документке кол коёрдо (эрезеге жете элек уулу же кызы чет өлкөгө окууга кетээрде, ж.б.) каадаланып, ого бетер өзүнүн чачылган үй-бүлө мүчөлөрүнө "рекет" болуп, ал түгүл коюп берчү колу үчүн акча талап кылып "өч алып" калышат экен...
Мындай көйгөй менен башы оорубагандар, албетте, эски патриархалдык тартипти эңсешет тура.
Кыргыз улутун чыңдагыңыз келеби, анда 7 атасын сурап отурбастан, өнөрпоз Юрий Бобковду эчак эле кыргыз катары сыйлап алган тоңдуктардан өрнөк алыңыз.
Алмамбет да акыры кыргыз болуп калган.
1977-жылы Мароккодо туулган, кичинекей кезинде элетте кой да кайтарган Нажат Валло-Белкасем (Najat Vallaud-Belkacem) айым 2014-2017-жылдары Францияда улуттук билим берүү министри болуп иштеди. Аны эч жерибестен, Парижде француз айымы катары кабыл алышты.
Ал эми Ала-Тоодо кээ бир "таптаза улутчул" болумуш эткен көрпенделер алигиче тигил же бул кыргыз ишмеринин канында "калмак, казак, өзбек, дагстандыктын ж.б. каны бар окшойт" деп "шектенишип", элди ичтен иритип келишет.
Кырк уруудан эле эмес, кырктан көп этностон куралгандыгы үчүн ханзу (кытай) эли гүлдөп жатат.
"Орустун терисин сыйырсаң, астынан татардын териси чыгат" деген сөз да бекер айтылган эмес.
Улут канчалык терең жана көп кылымдык тарыхка ээ болсо, ошончолук анын көп тамыры болгон, бар жана боло берет.
Үй-бүлөсүнөн безген эркек тана генофондду бузабы, же балдарынын көйгөйлөрүн татыктуу чечип, турмуштун ысык-суугуна чыдаган, балдарын мыкты кыргыз жараны кылып тарбиялап жаткан жалгыз бой эне өз ысымын паспортто жаздыргысы келгендиги үчүн эле улут генофондун бузабы?
Логиканы жаңыча иштетсек дурус болоор эле...
Патриархалдык доордо да санжыраны сүрүштүргөндө кээ бир чакан уруктар өз чоң чоң энесинин атынан аталып калган учурлар бар.
Маселен, бугу уруусу, моңолдор уруусу, тынымсейиттин ичинен күмүш уулу, ж.б.
Умай эне сыяктуу урматталган далай чоң чоң энелер болгон.
Айрым учурларда Алымбек датканын ысымы бул жакта калып, Курманжандын урпактары деп деле айтып келишет. Алымбек өлтүрүлгөн соң, анын урпактарын Курманжан алпештеп өстүргөндүгү жалган эмес.
Дагы караңыз Кыргыз коомунун кубаныч-кайгысын тарткан ТатьянаАлбетте, "Фейсбуктагы" ушул жарыядан соң “тарыхчы болуп туруп улуттук асыл-нарктарга каршы чыктыңыз” дегендей кине койгон жоопторду да, колдоого алган сөздөрдү да кезиктирдим.
Атаганат, коомдогу көйгөйдүн өзөгүн көрүүгө умтулсак жакшы болоор эле.
Дагы караңыз Эрезеге жеткенде өзү тандайт. “Матроним” маселесине чекит коюлдуНагыз баатыр энелер жана айымдар көмөккө муктаж
Азыр канчалаган кыргыз айымдары өз балдарынын түйшүктөрүн өздөрү гана көтөрүп жатышат.
Аракеч, баңгичи, жалкоо, жаман жакка ээрчиме, эрксиз, күлү бир жерде додо болбогон далай эркек таналар өз үй-бүлөсүнө кордук көрсөткөндүгү аз келгенсип, жалган айтып, башка дагы айымдарды мыйзамсыз никелешүүгө (негедир аны “жарандык нике” деп атап келишет, чын чынында, мыйзамдуу никенин өзү эл түшүнүгүндө жарандык, б.а. расмий катталган нике болууга тийиш эле) барып жатышат.
Кээде эркек таналар жөн гана күчкө салып зордуктап, бечара кыздын боюна бүтүрүп коюп жатышат. Андай кылмыштардын бардыгы тең эле сот деңгээлине жеткен жок.
Сабатсыз, турмуш тажрыйбасы жок, өз укугун билбеген жана чүнчүгөн кыздар өздөрү эле тагдырдын оор түйшүгүн жеке тартып жатышат. Айрым жан энелер өзү каалабаган кишиден зомбулук менен боюна бүткөн шартта ымыркайды төрөөр замат туш келди таштай качып жатышат.
Оор акыбалда калган айымдарды жана энелерди колдомок тургай, ого бетер чүнчүтүүгө салым кошкондор четтен чыгат.
Өзүн ала качып бара жатканда бечара кыз жансоогалап кайрылса, аны кайра зулум менен бирге болсун деп, камерага чогуу салып берген ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жоругун кайталачу “укуктук жактан билимдүү адис” болгон эркек таналар жана аларды кубаттаган ургаачылар четтен чыгат.
Дагы караңыз "Кыздардын өлүмүнө милициянын аракетсиздиги себеп"Төркүн жана уруу ар дайым эле адилет болчу эмес
Патриархалдык коомдо эненин таламын кайсы бир деңгээлде төркүнү гана талашчу.
Ошондо да кээде көгала кылып сабалган келинди төркүнү “эл эмне дейт, катыгүн!” деп кайра зулум күйөөсүнө жеткирип берген окуялар деле арбын болгон.
Андан соң жардан боюн таштаган кыз-келиндердин армандуу үнү кошоктордо гана жаңырган.
(Кыргыз коомунда, бирок, аялды таш-бараңга алуу деген жосунсуз кылмыш орун алчу эмес; шектүү делген аялды төркүнүнө аман-эсен жеткирип салышчу).
Албетте, таптакыр ыплас, жарамсыз ишке барган кишини кээде өз уруусу “төрт тарабың Кыбыла” деп сыртка кубалап жиберген учурлар да болгон, ошондо да аны өз үй-бүлөсү менен кошо кубалап, бир эле учурда бейкүнөө аялды жана балдарды жазыксыз жерден “үй-бүлөлүк” жазалоо окуялары болуп турган.
Дагы караңыз Арстанбектин мурасы, Саманчин жана Ташкен китеп казынасыСалбардын тукуму да чыгаан чыгат
Ошол эле учурда эрдемсиген, менменсиген кайсы бир зөөкүр байлар жана бийлер өзүнө жакпай калган аялды “салбар” деп жарыялап, айыл четинде оолак түтүн булаткан.
Буга да айрымдар азыр мактап жаткан эски салт уруксат берген.
Теңир-тоолук Буйлаш бийдин так ошондой салбар аялдан туулган баласы кийинчерээк, жетилген кезде, өз атасын Кокон хандыгындагы абактан чыгарып, акыры атагы мүлдө кыргызга жеткен “заманачы” Арстанбек акын болуп, кайра өз атасынын даңкын кылымдарга жеткире чыгарган.
Жаңы түшүндүрмөгө ылайык, Арстанбек өз тегатын өзгөртүү укугуна ээ болмок.
Андан улам Арстанбек улуттун уңгусун кыйратып салмак эмес. Ал кыргыз элине таланты менен кызмат кыла бермек.
Дагы караңыз 1937: Аргымайдын урпагы Алексей КулажиЫстакең жана арапча ысымдар
Ал эми болшевиктердин Ленин, Сталин, Пудовкин (Таабалды Жукеев) сыяктуу псевдонимдери тууралуу кеңири сөз айтпай эле коёлу.
Иосиф Жугашвили диктатор кезинде кол койгон документерде “И.Сталин” деген гана сөз окулат, бирок анын айынан Жугашвили деген тукум курут болгон жок да.
Диктатордун сүйүктүү кызы Светлана таятасынын “Аллилуева” тегатын колдонуп калган. Ал эми Сталиндин Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик туткунда калып өлгөн уулу Яковдун азыркы көзү тирүү урпактары бүт “Жугашвили” деген тегатты колдонуп келишет. Урпактын тандоо укугу...
Кыргызда атын же атасынын атын өзгөртүүгө каршы болуп жаткандар 1920–30-жылдары сталиндик зулумдук доордо далай чыгаандардын балдары өз тегатын өзгөртүп, таятасынын тарабына катталып, же таптакыр башка ысымга көчүп, аман-эсен калгандыгын билишеби?
Алардын бөөдө кордуктан аман-эсен калуусу – улут үчүн башкы утуш болду да.
Кийинчерээк эркек жагында эч тукуму калбай калган учурда жээндерине таяларынын айрымдарынын ысымдарын берип (кээде өз досунун атын берип), кыргыз антропонимдери ырааттуу сакталган.
Эми ошол кыргызча Мукамбет, Мамат, Мамбет, Аалы, Кудайберди, Кыдыр деген ысымдарды “жерип”, жалаң арапча түрдөгү ысымдарга өтүүнү талап кылган “чала молдолор” четтен чыгууда.
Алардын бул далаалаттары улуттук асыл-нарктарга кесепет тийгизбейби?
Мукамбет, Маамыт, Мамбет, Аалы, Абды, Кадыйча, Айтбүбү , Жумабүбү сыяктуу кыргыз ысымдары Айбек, Барсбек, Бектур, Айчүрөк, Айкүмүш, Алтынай, Жибек, Кылычбек, Кундуз, Бектемир ж.б. нукура кыргызча ысымдар сыяктуу эле сакталып кала бериши ылаазым.
Мында да бабалардан сакталып келген тегатка байланыштуу асыл-нарктын бир бөлүгү камтылган.
Дагы караңыз Манчжурду кыргыз кылып бурмалаган сүрөтӨтмүш тарыхын да таразалап үйрөнүү зарыл
Санариптик шарт жок кезде жети атасын суроо аркылуу көп маселелер такталчу. Ал эми азыркы көп этностуу демократиялык коомдо, ДНКны иликтөө аркылуу да маселелер чечилген коомдо, этностор аралык никелер көбөйгөн коомдо, өкүлчүлүктүү бийлик кызматтарына уруусуна карабастан шайлаган демократиялык коомдо, мыкты спорттук жетишкендиги үчүн эле ар кыл расадагы, диндеги, этностук тектеги келгиндер президенттик жарлыкка ылайык жарандык алып жаткан доордо XVIII кылымдагы айрым талаптарды көтөрүү – күлкү келерлик иш.
Азыркы кыргыз жараны замана сынагынан өтпөй калган айрым патриархалдык талаптардан эркин жашоосу абзел.
Андан тышкары, ар кандай себептер менен жалгыз бой эне катары балдарын алпештеп өстүрүп жаткан энелерге социалдык жөлөкпулдарды ырааттуу уюштуруу, алимент төлөбөгөн эркек таналарга каржылык жана моралдык жазаны күчөтүү сыяктуу чараларды иштиктүү колго алса, анда азыркы бийликтер улут болочогу үчүн анык жана даректүү кызмат кылаар эле.
Ал эми ата-жотосунан бери келген өз тегаты болочокто урпактары, небере-чөбөрө-кыбыралары тарабынан сый-урмат менен сакталышын камсыз кылуу үчүн эркек жарандан бир гана нерсе талап кылынат – ал өзү керт-башы менен татыктуу өмүр сүрүүгө, урпактарына мыйзамдык талаптарсыз эле кам көрүүгө, аялы менен ажырашкан учурда да өз балдарын татыктуу тарбиялоого салым кошууга милдеттүү.
Дагы караңыз Паспорт – эгемен мамлекетти чыңдоо каражатыКонституциялык сот жигерин күчөтсө экен...
Негизи, Конституциялык соттун чечимине бийликтин кайсы бир бутагынын өкүлү сын айта алат, бирок баары бир бул чечимди аткарууга милдеттүү. Антпесе Башмыйзамды өзгөртүп, бул соттун түрүн жоюп эле салыш керек болот.
Азыркы тапта сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине каршы расмий аракеттер болуп жатат.
Дагы караңыз Жогорку Кеңеште дагы бир нече депутат "агент" мыйзамынан баш тарттыАйрым депутаттар, – жарандардын кызыкчылыгында иштеген бейөкмөт уюмдарга каршы путинчил ыргактагы чабуулдарды уюштуруу үчүн, – орусиялык антидемократиялык мыйзамдардан механикалык түрдө көчүрүп жатышкан учурлар да бар.
Ошондой жосунсуз аракеттерге да Конституциялык сот принципти бекем кармап өз маалында бөгөт коюшу абзел.
Ал эми Кыргызстандын Конституциялык сотунун тегат жаатындагы 30-июндагы чечими азыркы жана болочокку аталарды өз урпагына карата эч качан зулумдук, кайдыгер жана кастык мамиледе болбоого чакырат.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.