Таштанды талаасындагы жан чыдагыс абал
Буга чейин Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнөрү, анын теңи насыя түрүндө берилери кабарланган. Таштанды полигонун жөнгө салуу долбоорун эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган.
Февраль айында ошол кездеги шаар мэри Айбек Жунушалиев бул каражаттын 10,5 миллиону коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын айткан.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт. Пандемиядан кийин ага беткап жана медициналык калдыктар кошулганы кабарланган. Экологдордун маалыматына караганда, полиэтилен баштыктар жерде 100 жылдан кийин гана чирийт.
Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башында. Экологдор абанын кирдешине автоунаадан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп экенин айтып келишет.
Бишкектеги дагы бир чоң көйгөй бул - таштанды талаасы. Бул жердеги турмуш-тиричилик калдыктары иштетилбей, көбү өрттөлөт.
Медицина илимдеринин кандидаты Калия Молдогазиева 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде таштанды талаасы шаардыктардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирип жатканын белгилеген.
«Катуу калдыктарды өрттөгөндө абага уулуу заттар - фуран, диоксиндер, формальдегид, көмүр кычкыл газы жана көмүр иси, метан ж.б. бөлүнүп чыгат. Айрыкча диоксиндер өтө коркунучтуу», - деген Калия Молдогазиева.
Эксперт зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышы Кыргызстанда толук изилдене электигине токтолгон.
«Мен таштанды полигонунун ден соолукка таасири тууралуу атайын обзор жасагам. Атайын иликтөөлөр Орусия менен бир катар Европа өлкөлөрүндө жүргөн. Бизде андай жок. Адамдар таштанды төгүлгөн жерге жакын жашап атышат. Алардын ден соолугу жабыр тартууда. Айрыкча полигонго жакын жердеги мыйзамсыз курулуштардын, «Алтын-Казык», «Калыс-Ордо 2» ж.б. конуштарынын жашоочуларынын ден соолугу жабыркап жатат. Онкологиялык ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору. Бишкек өзү таштанды төгүлгөн жерден 20 чакырымдай эле алыс. Андан чыккан түтүн шаардыктар үчүн да кооптуу», - деген Калия Молдогазиева 24.kg маалымат агенттигине.
2019-жылы Бишкек прокуратурасы шаардык мэриянын чиновниктерине донорлордун каражатын ыксыз пайдаланганы үчүн иш козгогон.
Активисттер бул тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылып келишет.