Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башында. Экологдор абанын кирдешине автоунаадан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп экенин айтып келишет.
Бишкектеги дагы бир чоң көйгөй бул - таштанды талаасы. Бул жердеги турмуш-тиричилик калдыктары иштетилбей, көбү өрттөлөт. Жакында эле активисттер дал ушул жерден чыккан түтүн да шаардын абасын булгап жатканын айтып, "Балбак өчүр!" деген кыймыл түзүшкөн.
Төмөндө ошол кыймылдын мүчөсү Влад Ушаковдун таштанды талаасынан тартылган сүрөттөрүн сунуштайбыз.
"Балбак, өчүр!" деген кыймылдын былтыркы аталышы "Суракматов, өчүр!" деп аталчу. Бирок мэрлер алмашканы менен Бишкекте ышка байланыштуу абал ошол эле бойдон калды.
Кыргызстандын баш калаасынын абасы быйыл 20-ноябрда эң көп булганып, ондогон шаарлардын арасында биринчи орунга чыкты.
2019-жылдын ноябрь айында да Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири аталган.
Медицина илимдеринин кандидаты Калия Молдогазиева 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде таштанды талаасы шаардыктардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирип жатканын белгилеген.
«Катуу калдыктарды өрттөгөндө абага уулуу заттар - фуран, диоксиндер, формальдегид, көмүр кычкыл газы жана көмүр иси, метан ж.б. бөлүнүп чыгат. Айрыкча диоксиндер өтө коркунучтуу», - деген Калия Молдогазиева.
Эксперт зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышы Кыргызстанда толук изилдене электигине токтолгон.
«Мен таштанды полигонунун ден соолукка таасири тууралуу атайын обзор жасагам. Атайын иликтөөлөр Орусия менен бир катар Европа өлкөлөрүндө жүргөн. Бизде андай жок. Адамдар таштанды төгүлгөн жерге жакын жашап атышат. Алардын ден соолугу жабыр тартууда. Айрыкча полигонго жакын жердеги мыйзамсыз курулуштардын, «Алтын-Казык», «Калыс-Ордо 2» ж.б. конуштарынын жашоочуларынын ден соолугу жабыркап жатат. Онкологиялык ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору. Бишкек өзү таштанды төгүлгөн жерден 20 чакырымдай эле алыс. Андан чыккан түтүн шаардыктар үчүн да кооптуу», - деген Калия Молдогазиева 24.kg маалымат агенттигине.
2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү жана Европа банкы атайын келишимге кол коюшкан. Ага ылайык таштанды сорттоочу жана кайра иштетүүчү завод курулмак. Долбоордун алкагында Бишкекке 22 миллион евро бөлүнгөн. Бул акчанын жарымы - үстөгү менен төлөй турган насыя түрүндө берилген.
2018-жылы “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Болот Асаналиев "Азаттыкка" курган маегинде, Европа Биримдиги менен Европа банкынан алынган 22 миллион евролук кредит жана грантка азыркы таштанды жайын көмүү, жаңысын ишке киргизүү иштери жасаларын жана таштандыны ылгоочу завод куруларын айткан. Андан бери эки жыл өтсө да заводдон дайын жок.
Ушу тапта шаардык мэрия бул теманы талкуулоодон качып келет.
2019-жылы Бишкек прокуратурасы шаардык мэриянын чиновниктерине донорлордун каражатын ыксыз пайдаланганы үчүн иш козгогон.
Активисттер бул тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылып келишет.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.
Быйыл пандемия маалында ага беткап жана медициналык калдыктар кошулганы кабарланган.
Экологдордун маалыматына караганда, полиэтилен баштыктар жерде 100 жылдан кийин гана чирийт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бир жолу колдонула турган желим буюмдардан баш тартып, "жашыл экономиканы", айлана-чөйрөнү коргоону көздөгөн бул демилгени колдоого коомчулукту чакырып келет.
Өлкөдө күн сайын же жылына канча желим идиш, баштык колдонулары эсептелген эмес.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети ушул жылдын июнь айында «Кыргызстандын аймагында полимерден жасалган пакеттерди чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Мыйзам долбоорду Мирлан Маматалиев, Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан.
Демилгечилер бул долбоор менен бир жолу колдонулчу полимер материалдардан жасалган баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну сунушташкан болчу.
Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык жана идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым, баштык чыгарган жеке ишканалар көп.
"Экостан" платформасынын жана экологдордун демилгелүү тобунун мүчөсү Влад Ушаков завод курулбаса, жок дегенде полигондогу өрттү өчүрүп турууну сунуштоодо.
Ал карапайым тургундар таштанды өрттөгөнү үчүн айыпка жыгылып, бир нече жылдан бери күйүп аткан полигонго көз жумган шаар жетекчилери жоопкерчиликтен жеңил кутулуп жатканына нааразы.
Мэрия болсо шаардагы ыш соңку эки жылдан бери күчөгөнүн, буга жаңы модернизация болгон ЖЭБ, ага жагылган калориясы төмөн Кара-Кече көмүрүнүн түтүнү себепкер экенин айтып келет. Бирок бул дооматты Бишкек жылуулук борбору бир нече ирет четке каккан жайы бар.
Бийлик ушинтип бири-бирине шылтап жатканда Бишкек түтүнгө думугуп баратат. Коюу түтүн айрыкча суук катуу түшкөндө уюлгуп, тарабай турду.
Таштанды талаасы шаардагы смогду жалгыз пайда кылбаса да, абанын булганышына кошумча болуп атканы анык.
Ыш көйгөйүнөн улам 18-декабрда баш калаа Бишкекте жаш активисттер абанын булганышына каршы жөө жүрүшкө чыгышты. «Шаарды тазалоого кеч эмес!», «Дем алгым келет!» деген плакаттарды көтөргөн ондогон улан-кыздар Темир жол вокзалынан Ала-Тоо аянтына чейин барышты.
Акцияны уюштуруучулар бийлик менен коомчулуктун назарын шаардагы абанын булганышына бурууга аракет кылып жатканын айтышууда.
Бишкек мэри Балбак Түлөбаев жүрүшкө чыккандарга бат эле жооп берди. Ал ыш маселеси тууралуу келерки жумада билдирүү жасай турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
16-декабрда абанын булганышына байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште да өкмөт мүчөлөрү менен чогуу талкууланган.
Алдыда шайлоо, коронавирус пандемиясы, социалдык маселелер курчуп турганда өкмөт ыш көйгөйүн качан белсенип чечери беймаалым...
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.