FT: Путинге жакын олигархты коргогон Ташкент

Теги өзбек орусиялык миллиардер Алишер Усманов. Архивдик сүрөт

Жума ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан макала, баяндарга сереп.

Өзбекстан Евробиримдиктин миллиардер Алишер Усмановго салган санкцияларын алдырууга аракет көрүп жатат.

Ушундай мазмундагы макала Financial Times гезитинин 9-ноябрдагы санында жарык көрдү.

Өзбекстанда туулган орусиялык бизнесмен Москва Украинага ачкан согуштун алгачкы күндөрүндө шаркет “кара тизмеге” алган 26 кишинин арасында болчу.

Брюссель аларды президент Путинге “жакын олигархтар” деп сыпаттаган. Авторлор Генри Фой менен Макс Седдондун жазганына караганда, Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаилова бир тууганынын айрым мүлкүнүн, асыресе 600 миллион доллардык “Дилбар” яхтасынын ээси катары да санкцияга илинген.

Дагы караңыз Британиянын "кара тизмесине" өзбекстандык үч аял да илинди

“Өзбекстандын жана биримдиктин расмий өкүлдөрүнүн акыркы жолугушуусунда Ташкент санкциялар маселесин козгогон”, - деп кездешүүдөн кабары бар эки булакка таянып жазган авторлор Брюссел өтүнүчтү четке кагып, иш сотко жетсе, Өзбекстан Усмановго укуктук жардам бериши мүмкүн", - деп улантышат.

Андан ары журналисттер согушка чейин байлыгы 20 миллиард долларга жеткен олигарх мекени менен байланышын сактап келатканын, Ташкент анын санкцияларга кабылышы Өзбекстанга инвестиция салууга жолтоо болуп жатканын жүйө келтиргенин белгилешет.

Журналисттер жазгандай, Өзбекстандын Брюсселдеги элчилиги “жарандарынын кызыкчылыктарын коргоого байланышкан кырдаалды комментарийлебей турганын” айтып, Усмановду “өлкөгө көп жардам берген Өзбекстандын эң белгилүү жарандарынын бири” деп атаган.

Ал эми бизнесмендин басма сөз өкүлү өзбек өкмөтүнүн аракеттерин комментарийсиз калтыра турганын, бирок “санкциялар анын инвестициялык жана кайрымдуулук долбоорлоруна бут тосконун” билдирди.

Гезит миллиардердин ишмердигине, эң бай адамдардын катарына кантип кошулганына токтолду.

Авторлор Усманов менен карындашын “кара тизмеден” алып салуу үчүн шаркеттин бардык 27 мүчөсүнүн макулдугу керек экенин жазышат. Андай болсо, санкция салынган кош жарандыгы бар калган адамдарды да тизмеден чыгаруу маселеси козголушу мүмкүн.

Укук коргоочулардын Катарга дооматы

Le Monde гезити бир нече күндөн кийин Катарда башталып жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын адам укуктарына байланышкан өңүтүнө кайрылды.

Amnesty International эл аралык уюмунун жетекчиси Аньес Каламар ФИФАнын төрагасы Жанни Инфантиного кайрылып, мелдештер өтчү стадиондорду курган эмгек мигранттарына акчалай компенсация төлөөгө чакырды.

Май айында 24 укук коргоочу уюм жумушчулар жапа чеккен “кыянаттыктарды” жоюуну талап кылган. Алардын айтымында, чет өлкөлүк жумушчулар, көбү Азия менен Африкадан келгендер, эксплуатацияга, кордукка кабылган, начар шарттарда, кээде дем алышсыз иштөөгө мажбур болгон, ашыкча сааттары үчүн акы төлөнгөн эмес.

Басылма белгилегендей, чемпионаттын кээ бир спонсорлору, Австралиянын командасы биринчилерден болуп андай шарттарды айыптап видео чыгарган.

Каламардын айтымында, Инфантино укук коргоочу уюмдардын биргелешкен катына жооп бере элек. Бул гана эмес, жакында 32 мүчө мамлекетке кайрылып, футболго гана көңүл бурууга чакырган жана командаларды “адеп-ахлак сабактарын” окутпоону айткан. Amnesty International уюмунун жетекчиси ФИФА Катарга дүйнө биринчилигин өткөрүүнү ыйгарганда ал өлкөдөгү жумушчулардын эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу билген же билиши керек эле деп эсептейт.

AFP агенттигинин жазганына караганда, Катар бийлиги финансылык кенемте төлөө чакырыктарын четке каккан. Бирок өз фонддорунан акча бөлгөнүн кошумчалаган. Эмгек министри Али бин Самих Ал Марри бейөкмөт уюмдарын сыны “расизмден” келип чыкканын айткан жайы бар.

Европадагы аптаптан кыйылган өмүрлөр

Чехиянын CT24 телеканалы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына шилтеме берип жазгандай, быйыл Европада жайкы аптаптан 15 миңдей киши каза болду.

Эң көп жоготууга 4,5 миң киши менен Германия учурады, Испанияда 4 миң, Британияда 3,2 кишинин өлүмү катталды. Уюм бул алдын ала статистика экенин, чыныгы сандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертет.

Мисалы Франциянын Статистикалык институту чыгарган маалыматка ылайык, 2022-жылдын июнь-август айларында 2019-жылдын ошол эле мезгили менен салыштырганда 11 миңге көп киши каза тапкан. Институт анын себебин абанын адаттан тыш ысык болгонуна байланыштырат.

Дагы караңыз Испанияда аптап 360 кишинин өлүмүнө себеп болду

Материалда аба температурасынын жогорулашы дем алуу органдарынын, нерв системасынын илдеттерине, өнөкөт оорулардын козголушуна алып келери айтылат.

Быйыл Европанын бир топ жеринде жайында рекорддук температура катталып келди. Алсак, Британияда 19-июлда биринчи жолу тарыхта 40 градус ысык болгон. Португалиянын Алихо деген жеринде 14-июлда 47 градуска чейин көтөрүлгөн. Бул континенталдык Португалия үчүн абсолюттук рекорд болуп калды.