Ташкенттен жеңиш менен кайткан балбан кыздар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарындык өспүрүм кыздар күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болду. Аталган турнирге теңиртоолук беш кыз барган. Соңку жылдары Нарын шаарында кыздар арасындагы күрөш күндөн-күнгө өнүгүп, спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда.