Азык-түлүк бир жылда 2,5% кымбаттады. Инфляция кандай эсептелет?

Расмий статистикага ылайык, октябрда бир жыл мурункуга салыштырмалуу азык-түлүктүн баалары 2,5% өстү. Бирок ал эмнеге андан көп кымбаттагандай сезилет? Деги инфляция кандай эсептелет?

Азык-түлүктүн баалары кандай өзгөргөнүн ылдыйдагы интерактивдүү калькулятордон эсептеңиз.

Инфляция кантип өлчөнөт?

Статистика комитети турмушта көп колдонулган товарлардын жана кызматтардын бааларына тынымсыз көз салып турат. Учурда ал тизмеде 371 позиция бар. Салыштырсак, Европа өлкөлөрүндө 700-1000, Кытайда 600, Орусияда 500дөй товар-кызмат эсептелет.

Баалар боюнча маалыматты 18 шаардагы 2000ден ашуун дүкөн-ишкана берип турат. Статистиктер керектүү учурда жерине да барып текшеришет.

Инфляцияны эсептөө үчүн тандалган товарлар жана кызматтар төрт топко бөлүнгөн:

  1. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар – 107 позиция (ушул категория 2,5% кымбаттады);
  2. Башка товарлар – 194 позиция;
  3. Кызматтар – 61 позиция;
  4. Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 9 позиция.

Азык-түлүк товарларына картөшкө, эт сыяктуу негизги товарлардан тартып шоколад, халвага чейинки азыктар кирет. Ошонун баары биригип бир жылда 2,5% кымбаттады.

Интерактивдүү калькулятор. Азык-түлүктүн баалары кандай өзгөрдү?

Баары эле кымбаттап жаткандай сезилгени менен, азык-түлүктүн баалары ар кандай өзгөрдү. Помидор, баклажан, ашкабак, сарымсак бир топ көп кымбаттаса, капуста, лимон, жүзүм, жаңгак кыйла арзандады.

Эмнеге көп сезилет?

Баалардын өсүшү - кылдат маселе. Өзгөчө азык-түлүктүн кымбаттоосу элдин жашоо деңгээлине түз таасирин тийгизет. “Кыргызстандагы эң чоң көйгөй кайсы?” деген сурамжылоодо “жумушсуздук” жана “баанын кымбаттыгы” деген жооптор дайыма биринчи орунга чыгып келет.

Азык-түлүк кымбаттай бергендей сезилишине бир нече себеп бар. Биринчиден, ал чындап эле кымбаттап жатат. 2,5% - акыркы жылдардагы эң төмөн көрсөткүч. Буга чейин ал 5-10-15% чейин кымбаттап келген.

Негизги себептердин бири - элдин чыгымынын чоң бөлүгү тамак-ашка кетет.

Статкомдун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын 40% чыгымы азык-түлүккө туура келет. Бул үйдө гана тамак жасаганга кеткен чыгым. Сырттагы тамактануу өзүнчө эсептелет.

Дүйнөлүк статистика көрсөткөндөй, өлкө канчалык бай болсо, жарандар азык-түлүккө ошончо аз акча коротот. Мисалы, АКШнын жашоочулары үй-бүлөлүк бюджетинин 7% гана тамак-ашка сарптайт. Ал эми Нигерияда - 59%.

Жакыр үй-бүлөлөр андан да көп коротот. Кыргызстанда колунда жоктор кирешесинин 65% тамак-ашка сарптайт. Жакыр катмарга калктын 33%, башкача айтканда, ар бир үчүнчү кыргызстандык кирет.

Бул көрүнүштүн дагы бир себеби – баанын өскөнү гана сезилет. Товар кымбаттаганда капчыкка оор келет, коомдо талкуу жаратат. Андан тышкары, жарандар көп учурда өзү алып жүргөн азык-түлүккө гана көңүл бурат, ал эми статистика көптөгөн товарларды кошуп эсептейт.

“Мисалы, эт көп алган жарандар бар. Алардын рационунда эт көбүрөөк болгону үчүн эттин баасына көңүл бурушат. Бирок статистикалык маалымат көп товарларды эсепке алат. Инфляциянын сезилишине башка да тышкы жана ички факторлор таасир этет. Мисалы, кайсы бир товарлар сезонго жараша кымбаттап турат, ал убакта суроо-талап өсүп кетет. Инфляция көптөгөн товарлардын бааларынын орточо өзгөрүшүн чагылдырганын түшүнүү керек”, - деп “Азаттыкка” Улуттук статистика комитетинен түшүндүрүштү.

Инфляцияны азайтып көрсөтүү мүмкүнбү?

Жогоруда айткандай, баалардын өсүшү - кылдат маселе. Андыктан бул өкмөт үчүн негизги көрсөткүчтөрдүн бири.

Улуттук статистика комитети инфляцияны дүйнөлүк методологиялар менен эсептегенин, анын маалыматы чыныгы инфляцияны чагылдыра турганын айтууда.

Инфляцияны ооздуктоо үчүн өлкө бийлиги башка куралдарды колдонот. Негизги ыкма катары эсептик ченди көтөрөт. Эсептик чен - өлкөнүн улуттук банкы жеке банктарга берген кредиттердин пайызы. Инфляция күчөгөн сайын эсептик чен да көтөрүлөт. Банктар насыяны өздөрү канча кымбат алса, элге да ошончо кымбат берет. Кредит кымбаттаган сайын керектөө азайып, инфляция чектелет.

Өкмөт азык-түлүктүн баасын жасалма жол менен да чектеп турат. Кайсы бир товар кескин кымбаттаган учурда аны экспорттоого тыюу салып, импортту жеңилдетип коюшу мүмкүн.

Көп учурда ун, нан, сүт, май, эт, шекер, күрүч, чай кымбаттап, элди тынчызданта баштаганда, өкмөт бир бааны бекитип коёт. Талапты аткарбаган ишкерлерге айып да салынат.

Андан тышкары жарманкелер уюштурулуп, атайын дүкөндөр ачылат. Мисалы, сентябрда эт кымбаттап кетип, базарларда “социалдык аянтчалар” уюштурулган. Базарда уй эти 600 сомдон ашкан чакта мындай аянтчаларда ал 550 сомдон сатылып жатты.

Мындай чаралар атаандаштыкты бузуп жатат деген нааразылыктар айтылганы менен, өкмөт үчүн инфляцияны ооздуктоо маанилүүрөөк.