Кыргыз бийлиги Ооганстандагы жарандарын жана дипломаттарын аймактан чыгара элек. Учурда Кабулда 20дай кыргызстандык бар экени кабарланууда. Элчилик алар коопсуз аймакта турганын билдирип жатат. Ошол эле кезде Кабулдагы кыргызстандыктар өз коопсуздугунан кооптонуп жатканы тууралуу маалыматтар бар.
"Ооган кыргыздары" бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер Кабулда калып кеткен кыргызстандыктардан кабар алган. Алар "Талибан" кыймылы Кабулду курчоого алгандан бери коркуп жашап жатканын айтып, Токерден Кыргызстан менен байланышууну өтүнүшкөн.
“Мен Кабулдагы кыргыз тааныштарым менен сүйлөштүм. Алар "Талибан" кыймылы калаанын төрт дарбазасына келип токтогонун айтышты. Бүгүн-эртең шаарга кирет дешти. Кыйын кырдаал жаралса, кандай кылышты билбей турушат. Анткени, талибдер аларды кыйнап коет да. Элчиликте иштеген дагы бир таанышым кабатыр болуп жатканын билдирди. Ал “үй-бүлөм менен Кыргызстанга кетейин дедим эле, бирок кыргыз бийлигинен кабар жок болуп жатат” деди. Бул маселе боюнча мен тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге кайрылгам”.
Токер бийликтен азырынча жооп боло электигин кошумчалады.
15-августта кечки саат алты чамасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда ТИМ саат сайын өзгөрүлүп турган Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалга тыкыр көз салып турганы жазылган.
Дагы караңыз "Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги эвакуация болгонго даяр"“Министрлик Ооганстандагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга кылдат көз салып жатат. Кабулдагы элчилик кадимки тартипте иштөөдө. ТИМ жана элчилик Ооганстанда убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта болууда жана алардын коопсуздугу, эвакуациясы боюнча бардык аракеттерди көрүүдө”,- деп жазылган анда.
Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослов Ниязов ушул эле күнү "Азаттык" радиосуна маек куруп, учурда Кабулда 20дай кыргызстандык бар экенин айтты. Анын билдиришинче, кооптуу аймакта иштеген үч жаран элчиликтин имаратында жашап жатышат.
“Азыр 20 кыргыз жараны калды. Баарынын колунда билети бар. 21-августка чейин учуп кетиши керек. Казактардын чартердик учагы барат экен. Чоң коркунуч болсо ошол рейс менен биздин балдар чыгып кетишет. Ооганстанда калган 20 кыргыз жараны ар кандай тармактарда иштегендер. Көбүнчөсү тейлөө тармагында иштеген кыргыз келиндер. Элчилик дагы эвакуация болгонго даярданып жатат. Ошого жараша чара көрүп, план боюнча иш болуп жатат», - деди Ниязов.
АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы жарандарын жана дипломатиялык өкүлдөрүн эвакуациялап жатат.
Маселен, Канаданын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы дипломатиялык аракеттерин убактылуу токтотконун, ал жактагы кызматкерлери мекенине кайтып келе жатканын жарыялады.
Нидерланд Кабулдагы элчилигин шаардагы эл аралык аэропортко жакын жерге көчүргөнүн, ооган котормочуларын жана жергиликтүү кызматкерлерди эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын билдирди.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 15-августта Кабулдагы немис элчилиги жабылып, кызматкерлер Кабулдун аэропортундагы аскердик жайда ишин уланта турган болду. Ооганстандагы немис жарандарын жана Германиянын институттары менен иштешкен ооган атуулдарын эвакуациялоо иши тездеди. "Талибан" кыймылы учурда баш калаа Кабулду курчап турат.
Дагы караңыз Ооганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кеттиКабулда БУУнун долбоорлору менен көп жылдар бою иштеп келген Нурбек Муктар Ооганстанда калган кыргыздар тууралуу мындай оюн айтты.
“Азыр Кабулдун аэропортунан башка өлкөгө учуу өтө оор болуп жатат. Ал жакта узун кезек пайда болууда. Ооганстандан чыгып кетүүнү каалагандар аябай көп. Бирок ушул тапта Кабулда калган кыргыздар андай деле көп эмес. Алар буга чейин ал жакта эл аралык уюмдардын долбоорлору менен иштеп келген. Бирок кырдаалга байланыштуу бир топ уюмдар ишин токтотту. Эгер Кабулда кыргыз жарандары калган болсо аларды аймактан чыгарып кетүү кызыкчылыгы биринчи кезекте иш берген ошол эл аралык уюмдардын моюнунда болот”.
Дагы караңыз Ооган кыргыздарынын келечеги кандай болот?Эл аралык маалымат каражаттары “Талибан” кыймылынын жоочулары өздөрү басып алган аймактарда үрөй учурган зомбулуктарга барганын жазып жатышат.
Кабулдагы кыргызстандыктардан башка, Ооганстандын Памир тоосун эзелтен байырлаган этникалык кыргыздар да бар. Өткөн айдын этегинде аймактагы уруштан кооптонушкан 300дөн ашык памирлик кыргыз мал-жанын айдап Тажикстанга кире качкан. Бирок расмий Дүйшөмбү аларды кайра артка кайтарган.
Тышкы иштер боюнча эксперт Аскар Бешимов бийликти өз жарандарын жана этникалык кыргыздарды унутпоого чакырды.
“Кыргыз бийлиги, анын ичинде Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы кыргыздарга кандай жардам керек, эвакуация кылалы деген расмий билдирүү таратышы керек эле. Кыргызстан өзүнүн жарандарын жана боордошторун кабыл алууга даяр десе да болмок. Өткөн айда Тажикстанга өтө качкан памирлик кыргыздарды Дүйшөмбү артка кайтарып, Кыргызстанга жооп бербей койбодубу. Ушундай маселерди алдын алыш керек эле. Кыргызстан мамлекет катары чечкиндүү кадам жасашы абзел”.
Борбор Азия мамлекеттери Ооганстандагы абалга тынчсызданып жатканын байма-бай билдирип келет. "Талибан" кыймылы аймактагы коңшулаш өлкөлөргө кол салбайбыз деп жарыялаганы маалым.
Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстандан туулган коркунучтарга мамлекет даярдык көрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, эгерде күч жетпей бара жатса мамлекет Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) жардамына муктаж болот.