Талибдер бийлеген бир жыл: Балдар ачка калды, адам укугу тебеленди

Наабайкана алдында кезек күткөн балдар. Кабул. 24-январь, 2022-жыл

Туура бир жыл мурун "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Кабулду алып, бийликкке кайтып келген. Башында өздөрүн 20 жыл мурункудан байистүү болуп көргөзүүгө аракеттенген согушкер кыймыл көп убадаларын аткарган жок, өзгөчө аялдардын, улуттук азчылыктардын укуктары тебеленип келатат. Экономикалык абал бир жылда кыйла начарлады.

2021-жылдын 15-августу. Кабулга кирип келген талибдерге Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү дээрлик каршылык көргөзгөн жок. Кошмо Штаттар менен Батыш өнөктөштөрү өз жарандарын жана аларга көмөктөшкөн оогандарды шашылыш эвакуациялоого киришти.

АКШнын аскердик учагы Катарга бет алган учуру. Кабул, 15-август, 2021-жыл

Чуру-чуу түшкөн жергиликтүү эл эптеп сыртка чыгып кетүү үчүн аэропортко агылып, учактарга жармашып жатты.

30-августта америкалык аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгарылган.

Ошентип, Ооганстандын тарыхында жаңы барак ачылып, өлкө кайрадан согушкер кыймылдын башкаруусунда калды.

Мындай ыкчам аскердик жеңиштен кийин “Талибан” тынч жашоодо толгон-токой кыйынчылыктарга туш болуп келатат. Байкоочулар 40 жылга созулган согуштан кийин коопсуздук негизинен жакшырганы менен 20 жылдан бери өлкөнү өнүктүрүүгө берилип келген миллиарддаган долларга карабай, экономика талкаланганын, гуманитардык абал начарлаганын белгилешет. Каатчылык тое тамактанбаган, атүгүл ачка калган наристерлердин көбөйүшүнө алып келди. Андай учурлага Кабулдагы балдар ооруканасынын дарыгери Мохаммад Ашраф дээрлик күнүгө күбө болууда.

“Өлкө күн санап жакырчылыкка, жокчулукка батып баратат. Кедейчилик жайылганы чала тойгон адамдар көбөйүүдө. Эл аралык коомчулукту жана башка гуманитардык уюмдарды колунда жок адамдарга, өзгөчө ачарчылыктан жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырам”.

Чет өлкөлөр талибдердин өкмөтүн таанууга дилгир эмес. Батыш Кабулдун банк активдерин тоңдуруп, мурдагыдай каражат бөлүүнү токтотту.

Бийликке келери менен “Талибан” ашынган фундаменталисттердин ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанып, байистүү саясат жүргүзөрүнө убада берген. Атап айтканда, кыздар мектепке бара алышат, аялдардын укуктары сакталат, алар коомдук турмушка аралаша алат, мурдагы өкмөт менен иштешкендер куугунтукталбайт деп айтышкан.

Кабул шаары. 19-июль, 2022-жыл

Бирок бир жылга жетпей талибдер аялдардын укуктарын чектеген эрежелерди киргизишти. Кыз-келиндер бети-башын, денесин жашырган кийим-кече кийип жүрүүгө милдеттендирилди, алар эркек тууганынын гана коштоосунда жол жүрө алат. Парктар өңдүү коомдук жайларга аялдарга белгилүү бир күндөрдө гана барууга уруксат берилет.

Мартта талибдердин Билим берүү министрлиги кыздардын мектепке бара аларын жарыялаган. Бирок эртеси эле мекеме өз чечимин өзгөртүп, окуучу кыздарга үйлөрүнө тарап кетүү көрсөтмөсү берилген.

Алардын бири Керишма Рашиди окуусун улантууну кааларын айтат:

“Талибдерге мектептерди мүмкүн болушунча тезирээк ачкыла деп кайрылам. Убадаңарды аткаргыла. Эл аралык коомчулукту талибдерге басым жасап, мектептерди кайра ачтыргыла деп үндөйм. Мен билим алгым келет”.

Өткөн ишембиде башкалаа Кабулда талиб согушкерлери эркиндикти, адилеттүүлүктү талап кылган кыз-келиндердин демонстрациясын ырайымсыз кууп таратышты.

«Талибан» эч кимди куугунтуктабайбыз деген убадасына да турган жок. Укук коргоочу уюмдар өзгөчө бийликке келгендин алгачкы күндөрүндө мурдагы өкмөт менен кызматташкандардын үйлөрүндө тинтүүлөр жүргөнүн, адам өлтүрүүлөрдүн толкуну болгонун билдирип келишкен.

БУУнун Ооганстанга жардам берүү миссиясы мурдагы мамлекеттик жана коопсуздук кызматкерлерин соттун өкүмүсүз дарга асуу, туш келди камакка алуу, кыйноо учурларын каттаган.

Андан тышкары кыймыл сөз эркиндигин, көз карандысыз медианы басмырлап келатат.

Жекшембиде Европа биримдиги “Талибан” кыймылын “инклюзивдүү саясий система түзө албагандыгы” үчүн сындады.

“Этникалык жана диний топтор, асыресе хазарлар менен шийилер экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана саясий укуктары тебеленип жатканынан жапа чегүүдө”, - деп билдирди шаркеттин тышкы иштер боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Набила Массрали.

"Талибандын" жетекчилиги "террорчуларга башпаанек бербейбиз" деп убада берген. Бир нече күн мурун “Ал-Каида” террордук уюмунун анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорчу атыккан Айман Завахиринин Кабулда АКШ тарабынан жок кылынышы талибдерге канчалык ишенсе болот деген маселени козгоду.

Кыргызстандын делегациясы талибдердин жогорку өкүлү Молдо Омор Барадар менен жолугушууда. Кабул. 23-сентябрь, 2021-жыл

Өткөн айда “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Ооганстан мындан ары Өзбекстанга жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө коркунуч туудурбайт деп билдирген.

Акыркы төрт айдын ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылганы кабарланган. Кийин талибдер кошуна мамлекеттерди аткылаган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын жарыялашкан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Талибан" башкарган өлкө боюнча Борбор Азия мамлекеттери бирдей жолду тандап, анын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу керектигин Чолпон-Ата саммитинде билдирген.

Кабулда талибдер бийликке келгенден бери Бишкектин расмий өкүлү Ооганстанда алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, гуманитардык жардам жеткирген.

"Талибандын" делегациялары чет өлкөдөгү, анын ичинде Ташкентте өткөн бир катар иш-чараларга катышып келди.