Талиптерге жарашалы дешти

Талиптерге уруксат берилсе, алар саясатка келиш үчүн куралын таштай турган түрү барбы?

АКШ менен Британия ооган жериндеги талиптердин ичинде эпке келе тургандарын акырындап саясий турмушка аралаштыруу демилгесин көтөрүп жатышат.
Буга чейин Американын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтан айткан кепти улай, 27-июлда Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Милибанд чындап эле бу демилге талиптердин ыркын кетирип, америкалыктар, НАТО жана ооган аскерлери менен согуштан баш тарттырмак дейт.

“Ооганстандын ичинде саясий абалды жөнгөрүп, анын алкагында ооган консервативдүү улутчулдарын четке чыгарууну, глобалдык деңгээлде жихадга баргандардан калгандарын бөлүп алып, аларга өкмөт менен чатакташкандын оордуна, жергиликтүү деңгээлде саясий турмушка аралашышы үчүн мүмкүнчүлүк берүүнү ийгилик деп эсептейбиз, - деди Милибанд.

Кошмо Штаттардын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук Ооганстандагы саясий турмушка азыр талиптердин катарынан идеологиялык эмес, прагматикалык себептерден улам кеткендер оңой аралашып кете алышат деп эсептейт.

“Талиптердин катарында согушуп жаткандардын 70% молдо Умардын же “Аль-Каиданын” карасанатай принциптери менен идеологиялык жактан байланышкан эмес, - дейт ал. - Булар жөн гана жумушсуз калган дыйкандар жана колуна мылтык алган жаш балдар. Мамкатчы Клинтон менен Милибанд азыр Аль-Каидадан, зордук-зобундан баш тарткандарды оогандардын саясий жашоосуна аралаштыруу үчүн мүмкүнчүлүк берилип жатканын айтып атышат”.

Куралын таштай тургандар менен сүйлөшүүдө тааныш-билиштик менен коррупцияга, корбашчылардын өзүмбилемдик аракеттерине орун берилбеши керектиги белгиленди. Айрым эксперттер муну азыр АКШ менен Британия талиптердин айрым жетекчилери менен жарашалы деген максатта айтып жаткан сунушу дешет.

Аналитиктердин көбү азыр талиптердин арасында дурус акча менен жеке коопсуздугун кепилдеп берсе, чындап эле куралын таштоого даяр тургандар толтура дешет.

Ооганстан боюнча эксперт, Лондондогу Экономика мектебинин өкүлү Антонио Жустоци “согуштан тажаган талиптерге куралды таштоо сунушунда эч кандай жаңы нерсе жок” дейт. “Бирок, менимче, бул ирет анда башкача өңүтү бар, - деп андан ары сөзүн улады. - Жеке менин оюмда, азыркы болуп аткан окуялар чынында тереңирээк мааниге ээ. Азыр бүт аракет талиптердин анабашчыларына, же алардын ичинде Аль-Каида мененби, башка радикал топтор мененби, айтор, жакындыгы барларга сүйлөшүүгө чыгууга аракеттер көрүлүп жаткандай”.

Ал эми Кабулдагы ооган медиа борборун жетектеген саясий комментатор Хажи Саид Дауд “Азыр эларалык коомчулук менен президент Карзай эптеп талиптерди шайлоо өткөнчө атышпай-урушпай турганга көндүрөлү деп жатышат. Анан шайлоодон кийин бир макулдашууга келебиз дешет” деп ойлойт.

Ооган өкмөтү өткөн жумада ооган-түркмөн чекарасына жакын жердеги Багдиш вилоятында атышууларды токтотууга макулдаша алган. Алар 20-августка белгиленген президенттик шайлоо тынч өтсүн деген максатта ушундай кадамга барышты. Мына ушу макулдашуунун арты менен талиптер да шайлоого катыша алышат экен. Мунусу чын болсо, талиптердин күчүн жоготууга жасалган аракет чын эле башталды дешет.