Таласта шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

30-ноябрда Таласта шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өттү. Бир мандаттуу Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына каршылар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабековду "добуш сатып алган" деп айыптап, шайлоодон четтетүүнү талап кылышууда. Ал эми Жумабековдун өкүлү айыптоолорду четке кагып, элдин тандоосун сыйлоо керектигин билдирди.