Талас шаарындагы шайлоого даярдык

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган.