"Иракта түрмөдө жаткан кызымды көргүм келет"

Ирак сотундагы аялдар

Тажикстандын Зафарабад районунун жашоочусу Хамза Турабек Багдад шаарындагы түрмөдө кармалган кызын көрүп келүүгө камынып жатат. Тажик бийлиги ага өлкөдөн чыгууга уруксат берип, ушул тапта жаңы паспортун күтүп турган кези. Ал Казакстандагы Ирактын элчилигинен виза алып, анан өлкөгө кире алат. Карыя алыска барып-келүүгө аз-маз тыйын да чогултту.

Ирактын соту өткөн айда төрт тажик аялды өмүр бою эркинен ажыраткан. Алардын катарында Зафарабад районунун тургуну, Турабек аксакалдын кызы Надирабегим Хамза да бар. Ал 2015-жылы үч агасы жана апасы менен бирге Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн районго чыгып кеткен.

Турабек Хамза "Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде эки баласы Иракта каза болуп, жубайы менен калган балдарынан дайын жоктугун айтты.

Турабек Хамза

- Акыркы жолу аялым мага 2016-жылдын башында телефон чалган. Ошондон бери алардан такыр кабар жок. Ал эми кызым Надирабегим тирүү экенин жана Ирактын соту тарабынан соттолгондугун жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу гана билдим. Кызым менен бирге соттолгон үч аял “Ислам мамлекети” тобуна кошулган деп айыпталыптыр.

“Алар эмнеге баратканын билишкен”

Ирактык журналист Умар Карим ушул жылдын 24-майында "Азаттыкка" курган маегинде, Багдадда соттолуп жаткан көпчүлүк тажик аялдарын балдары менен көргөнүн айткан.

- Өмүр бою абакка кесилген төрт тажик аял сотто “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн аймакка кирип жатканын алдын ала билишкенин мойнуна алышкан. Ал эми кээ бир аялдар күйөөлөрүнүн басымы алдында келгенин, айрымдары шериктерине алданып калганын айтышкан. Сотто судья алардан Иракка кантип келип калгандыгы тууралуу суроолорду кайталап берди. Экстремисттик жана террористтик аракеттерге аралашкандарга мыйзамда катуу жаза каралган. Күнөөсү далилденсе 15 жылдан өмүр бою абакка кесилип же болбосо өлүмгө өкүм кылынышы мүмкүн.

Акыркы үч айдан бери Багдаддын борбордук сотунда терроризмге байланыштуу кылмыш иштери боюнча 25 тажикстандык жаранга өкүм чыкан. Алардын басымдуусу аялдар. Ошол эле учурда Иракта чет элдик атуулдардын ишин караган өзүнчө сот бар. Бирок алар караган иштери боюнча маалымат жарыялашпайт дейт журналист Умар Карим:

- Иракта соттолуп жаткан тажик аялдарынын көпчүлүгү алсыз жана ишенчээк келишет. Анан да сотто аларга укуктук жактан жардам берген жактоочулар, орус тилдүү котормочулар жокко эсе. Мисалы, Орусиянын жарандарынын соттук иштеринде дайыма жактоочулар менен котормочулар камсыздалат, соттук териштирүүлөр да ар тараптуу жүргүзүлөт.

Надирабегим Хамза 2013-жылы Тажикстандын Зафарабад районундагы педагогикалык коллежди аяктаган. Атасы кызынын "башталгыч класстардын мугалими болом" деп кыялданып жүргөнүн эстеди.

- Кызымдын колунан баары келген уз болчу. Алгач ал тигүүчүлүк курсун аяктап, улуттук жана европалык кийим тигүү боюнча модельер адистигин алган. Анын бардык кыялдары турмушка чыккан соң бузулуп кетти. Күйөөсү менен бирге Орусияга иштегени кетип, өнөрүнүн баары унутулуп калды. Балам Асылбек менен кызым Надирабегим өз каалоосу менен Иракка барышкан жок, алданып калышты. Алар менин сөзүмду угуп, жаман ойлору жок эле. Мен азыр абдан өкүнүп жатам.

Тажик жарандары Ирак менен Сирияга 2013-жылдан тарта, тактап айтканда, «Ислам мамлекети» террордук тобу жанданганда кете башташкан.

Коңшу өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматында, учурда миңден ашык тажикстандыктар террористтик топтордун катарында жүрсө, алардын 400ү аялдар менен балдар. Ирактын байыркы шаарлары Ракка менен Мосулда экстремисттик уюм халифат орнотконун жарыялаган соң кеткендердин агымы күчөгөн.

2015-2016-жылдары террористтик топторго каршы эл аралык коалиция менен өкмөттүк күчтөр операцияларын ишке ашыра баштаганда көпчүлүк аялдар менен балдар террорчулардын колунда калган. Сириядагы күрт кошуундарынын маалыматы боюнча 50дөй тажик аял балдары менен алардын көзөмөлүндө. Жакынкы күндөрү алар өз өлкөсүнө жөнөтүлөт.

2016-жылга чейин Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарында согушкан тажик жарандары жакындары менен телефон аркылуу тоскоолдуксуз байланышып турушкан. Эми андай байланышка чектөө киргизилгенден кийин, аялдардын жана балдардын так саны белгисиз.

Ушул жылдын апрель айында Иракта жетим калган төрт тажик бала өз мекенине жеткирилген. Балдарды Тажикстанга алып келүүгө коңшу өлкөнүн Тышкы иштер иштер министрлигине ЮНИСЕФ менен Кызыл чырым уюму көмөктөшкөн. Дүйшөмбү Ирак менен Сирияда соттолгон аялдарды кайтарып келүүнүн аракетин азырынча көрө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.