Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Жакынкы Чыгыштагы согушка Кыргызстандан кеткендер 800 кишиден ашты


Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов согуштук аракеттер жүрүп жаткан Жакынкы Чыгышта, анын ичинде Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 800 адамдан ашканын билдирди. Ал мындай статистиканы Кыргызстандагы диний кырдаалды жана диний чөйрөдөгү долбоордук ишмердүүлүктү талкуулаган Бишкектеги координациялык кеңешмеде билдирди.

Эргешов алардын 188и аялдар экенин, бирок жалпы кеткендердин айрымдары согуш жүрүп жатканын билбей, кээ бирлери алданып кетишкенин кошумчалады.

Бүгүн өткөн жыйында диний чөйрөдө эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын долбоордук ишмердүүлүгү, диний чөйрөдөгү аткарылып жаткан мамлекеттик программалардын стратегиялары, жакынкы мезгилге карата түзүлгөн негизги пландары жана милдеттери талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашаарын кабарлап келген. Атайын кызмат алардын арасында 140ка жакын аял, жүздөй бала да бар экенин ырастаган. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 киши мерт болгону айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG