Тажик журналисттерин жүдөткөн кысым

Дүйшөмбү шаарындагы иш-чарадан. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ассоциациясы жакында жыйырма жылдыгын белгиледи. Мааракеге арналган иш-чара Дүйшөмбү шаарында өттү.

Уюм өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байкоо салат, укуктук жактан көмөк көрсөтөт жана журналисттердин укугун коргойт. Жыйырма жылдык мааракеге арналган иш-чарада өлкөдөгү сөз эркиндигинин азыркы абалы, көйгөйлөр тууралуу сөз болду.

Цензура бийликке деле пайда апкелген жок

Иршод Сулаймони былтыр бийликтин кысымы менен жабылып калган "Озодагон" маалымат агенттигинин негиздөөчүсү.

Аталган агенттик өлкөдө болуп жаткан саясий жана башка окуяларды, өзгөчө бийликтеги коррупцияны ачык жана бейтарап чагылдырып келген. Басылма жабылгандан кийин да күч органдары анда иштеген журналисттерди суракка чакырып, басым көрсөтүп келет. Айрым журналисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

Иршод Сулаймони бийликти укпаган башка агенттиктердин кабарчылары да ушундай тагдырга кабылганын айтты:

- Акыркы эки жылда бийликтин кысымы менен жабылган бардык маалымат каражаттары эң курч саясий жана экономикалык маселелерди жазып турушкан. Аларды жаап салгандан кийин булар тууралуу айтылбай калды. Бирок айтпай, козгобой коюудан маселе-көйгөй чечилип кетпейт да. Тескерисинче көбөйүп, коомдо үйүлө берет. Сөз эркиндигин басмырлап, куугунтуктап, маалымат каражаттарын жок кылуу эч кимге пайда алып келген жок. Бийликке да, элге да.

Дагы караңыз Сөз эркиндигин тооруган коркунучтун карааны

Тажикстанда сөз эркиндигине кысым акыркы жылдары күчөгөнүн иш-чаранын катышуучулары да белгилешти. Ага ылайык, иштеп жаткан агенттиктерге катаал цензура киргизилип, алар мурдагыдай курч макалаларды жазбай калышкан. Айрымдарына бул да жардам берген эмес деди Көз карандысыз маалымат каражаттары ассоциациясынын башчысы Нуриддин Каршибоев:

- Азыркы учурдагы эң көйгөйлүү маселе - күч органдарынын Интернет сайттарга мыйзамсыз бөгөт коюп жатканы. "Азия+" же "Авеста" эле эмес, Тажикстандагы альтернативдүү маалымат жазган бардык агенттиктер тоскоолдукка тушугуп жатат.

Маалымат бербеген аткаминер жоопко тартылбайт

Активисттердин айтуусунда, учурда көз карандысыз маалымат каражаттарынын маселелери көп. Журналисттин коопсуздугунан тартып, маалымат алууга чейин чоң көйгөй. Тажикстандын мыйзамдары боюнча, мамлекеттик мекемелер журналисттердин суроосуна отуз күндүн ичинде жооп берүүгө тийиш. Бул аралыкта кандай гана маалымат болбосун маанисин жоготот. Бирок буга да кайыл болгон журналисттерге айрым мекемелер эч кандай маалымат бербей, мыйзам бузган учурлар арбын кездешет.

Дагы караңыз Борбор Азияда медиа маселеси талкууда

Укук коргоочу Шоира Давлатованын айтуусунда, булардын бири да жоопко тартылган эмес:

- Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзам бузууларына журналисттер эмнеге даттанбайт? Анткени алар сот системасына ишенбейт. Мындан тышкары журналисттерде соттошуп жүргөнгө убакыт жок. Себеби, мындай иштер жылдап созулушу мүмкүн. Мыйзамда журналистке маалымат бербегени үчүн аткаминер кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп жазылып турса да, ушу күнгө чейин андай учур каттала элек.

Ошол эле учурда эксперттер сөз эркиндигине кысым, цензура куугунтук күчөгөн сайын көз карандысыз маалымат каражаттарына элдин ишеними артып, бийликке ишеним азаярын белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.