Имам-молдолордон сынакты Дин иштери боюнча комитеттин жана Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү алган. Өлкөдөгү жума намазы окулган ири мечиттерде 265 имам кызмат кылат. Аттестациядан өтпөй калгандардын саны азырынча так айтыла элек.
Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө
Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө
Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.
Тажикстанда имам-хатибдерди аттестациялоо тогуз жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркысы өткөн жылдын соңунда жүргүзүлүп, январдын башында жыйынтыктары айтылган. Жакында дагы чакан мечиттерди башкарган үч миң молдо сынактан өтүүгө даярданууда.
Аттестациядан өтпөй калган имамдар диний ишмердүүлүктөн акыйкатсыз четтетилгенине арызданып келишет.
Олимназар Файзиев 25 жыл Пенджикент районундагы Ёри айылындагы мечитте имам болуп турган. Ал комиссиянын бардык суроолоруна жооп бергенине карабай, жогорку билиминин жоктугунан жана мечитте жуунуп-тазалануучу жайды тартипке салбагандыктан кызматынан четтетилип калганын айтат.
Файзиев дин жаатында жогорку билим албаганы менен мечиттеги ишмердүүлүгүн шариаттын талаптары боюнча жүргүзүп келгенин белгилейт.
- Мен мечитке даараткана кургам. Ага ысык суу киргизгем. Жакында жаңы имарат курайын деп жаткам. Мурунтан эч ким арызданган эмес, - дейт Файзиев.
Ошол эле маалда Пенджикент районундагы дин иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Саидбек Шодиев Ёри айылынын имам-хатиби сынакта көпчүлүк суроого туура жооп бере албагандыктан, жумушунан четтетилгенин билдирген.
- Мен дин бөлүмүн бир жылдан ашык башкарып келем. Имам-хатиб мечит үчүн эч нерсе кылбады. Мечиттин алдында гүл отургузуп, жаңы даараткана курса деле болмок, - деген Шодиев.
Мамлекеттик кызматкердин айтымында, имам-молдолордун иши намаз окуу жана үгүт иштери менен гана чектелбеши керек. Алар диний жайдагы тиричилик шартын дагы жакшыртууга милдеттүү.
Хатлон облусундагы Шахритус райондук мечитинин имам-хатиби Хисомиддин Муродов дин кызматкерлери мечитти жакшыртууга убакыт жана каражат бөлүшү керек дегенге кошулат.
2014-жылдан бери Тажикстанда өкмөт дин кызматкерлерине айына 800 сомони (100 АКШ доллары) өлчөмдө айлык акы төлөп келет. Ал эми мечитти кароого кеткен каражат элден түшкөн кайрымдуулук жана садаганын эсебинен алынат.
Матуридий ишениминин тамыры
Тажик бийлиги салафизмди жана башка агымдарды ээрчиген тажикстандыктардын саны көбөйө баштаганда диний тармакты катуу көзөмөлгө алган. Мисалы, ислам дининдеги салафия агымына Тажикстанда 2009-жылдан бери тыюу салынган. Президент Эмомали Рахмон өзү бир нече жолу элди бир гана исламдын сунни багытындагы Имам Абуханифанын жолун (ханафи мазхабын) жолдоого чакырган.
Ошондой эле акыркы эки жылда чет өлкөдө билим алып, Тажикстанда тыюу салынган партияларга жана диний агымдарга кошулуп кеткен бир нече имам-молдо сот жообуна тартылган. Былтыр жайда Бободжон Гафуров райондук соту Согди шаарынын мечитинин жети кызматкерин абакка кескен. Алар Тажикстанда тыюу салынган “Мусулман агайындары” уюмунун идеяларын жайылткан деп айыпталган.
Ал эми АКШнын дүйнө жүзүндөгү диний ишенимдер боюнча комиссиясы Тажикстанды диний ишеним эркиндиги боюнча “өзгөчө кооптуу өлкө” деп тааныган. Докладдын авторлору Тажикстанда диний негизде адамдарды куугунтуктоо уланууда, ал эми дин боюнча мыйзам мусулмандардын укуктарын чектеп келет деп белгилешкен.
Өткөн жылы Тажикстанда экстремисттик көз караштар менен күрөшүүнү себеп кылып, бардык мечиттерге видео камералар жана металл издөөчү жабдыктар орнотулган. Тажикстанда 35 жашка чыга элек адамдар Меккеге ажылыкка бара албайт. Мечиттеги имамдардын диний ишмердүүлүгүн, имамдардын ишке алынышын, үгүт иштеринин жүргүзүлүшүн өкмөттүн Дин иштери боюнча комитети толук көзөмөлдөйт.