Тажикстанга футбол ойноп, акча табабыз деген тилек менен Нигериядан келген төрт спортчу же акчадан жок, же футболдон жок, эптеп күн көрүшүүдө.
Ара калган футболисттер азыр аларды Африкадан азгырып келген ортомчу жигит менен соттошууда. Теги ооган ортомчу жигит өзүнө коюлган күнөөлөрдү жалган жалаа катары четке кагып, муну нигериялыктардын куру дооматы дейт.
Нигериялык Жинайд Тажикстанга футболист болуп кесип кылам деген үмүт менен келген. Бирок турмуш 21 жаштагы африкалык жигит мерчемдегендей жана ага ооганстандык ортомчу Абдулманон убада кылгандай болбоду.
Тескерисинче, не төлөгөн акчасынан дайын жок, не футболдон жок, ал азыр Дүйшөмбү шаарында кезерип ачка жүрөт.
“Азыр мен эч нерсе кылбай күн көрүүдөмүн. Мен ачкамын, визам бүттү. Эмне кылайын”, - дейт Жинайд “Азаттыкка” курган маегинде. Аны менен Тажикстанга өзүндөй үч футболист кошо келген.
“Абдулманон Нигериядагы устазыма Тажикстандын футбол командасы оюнчуларды издеп жатканын айтты, – деп улантат Жинайд. - Машыктыруучум биз менен байланышып, Тажикстандан баланчадай сунуш түштү деди. Биз менин устазыма акча төлөдүк. Мен 700 доллар төлөдүм”.
Акыркы үч жылда Тажикстанда футбол ойноп, жан багабыз деп бери дегенде он нигериялык келген. Алардын кээ бири азыр тажик клубдарында ойноп жүрүшөт. Алардын маянасы убада кылынгандан алда канча аз.
Жинайд менен кошо келген үч спортчуну интернет аркылуу таап, азгырып алып келген Абдулманондун үстүнөн тергөө жүрүүдө.
Хамидулло Абдулманон, “Азаттыктын” тажик кызматынын билдиришинче, университетке окууга киргизем жана жумуш таап берем деп отузга жакын нигериялыкты алып келген жана ар биринен университеттин окуусу үчүн орточо 1 жарым миң доллардан өөнөп алган. Ал африкалыктарга "окубасаңар өлкөдөн кууп жиберет" деп түшүндүргөн. “Ошентип мен ата-энеме телефон кагып, сценарий өзгөргөнүн айттым, дейт Жинайд. - Биз бул жакка футболист катары эмес, студент ирети чакырылганыбызды билбептирбиз. Алар бизден окуу үчүн 1 500 доллар сурашты. Акчаны Хамидуллага салып жибергиле дедим”.
Жинайдга Пенжикент шаарынын “Зарафшан” футболдук клубу оболу төрт айлык контракт берген. Бирок нигериялыктар беш ай бою маяна төлөнбөгөндөн улам Тажикстандын футбол федерациясына арызданышат. “Федерация клубдун президентине кат жөнөттү. Ошондон кийин маянаңарды төлөйбүз дешти. Бирок төлөнчү 3200 доллардын ордуна ар бир оюнчуга 300 доллардан гана беришти”, - дейт африкалык жигит.
Тажикстандын футбол федерациясы “Азаттыкка” былтыр нигериялыктардын арызы түшөр замат “Зарафшан” командасына спортчулардын акчасын төлөп бергиле деп милдеттендиргенин тастыктады. Команданын машыктыруучусу Жашид Бахроновдун айтымында, нигериялык футболисттерге маянасы, тамак-аш жана жатак акысы төлөнүп, алар "дооматыбыз жок" деп кол коюп беришкен.
Экинчи доогер Деннис Тагжбок Дүйшөмбүгө былтыр мартта келген. Сегиз ай Фархор районунун “Хосилот” клубунда “бекер” ойнойт жана футбол федерациясына арызданат. Ошондон соң анын Абдулманон менен түзгөн орус тилиндеги келишиминде окуу акысы көрсөтүлүп, эмгек акысы тууралуу эч нерсе айтылбаганын билет.
Ибн Сино атындагы Тажик мамлекеттик медициналык университетинде окуган Абдулманон ага коюлган бардык айыптоолорду четке кагып, мунун баары нигериялыктардын мага каршы кутуму дейт:
- Мен Кализ деген нигериялыкты тааныйм. Ал мага англис тилинен сабак берчү. Мен бул нигериялыктардын баарын Кализдин үйүндө көргөм. Мени алар менен Кализ тааныштырган. Алар бир өлкөдөн болсо, мен башка өлкөдөнмүн. Алар мени алдагылары келет. Алардын визасы бүткөн. Алар башына мүшкүл түшкөндө, ал үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөшсө, Тажик өкмөтү аларга боор ооруп, визаларын узартып берерин жакшы түшүнүшөт.
Бир ай мурда милициянын колуна түшкөн Абдулманон 19-июнда абактан чыкты. Ал тергөө бүткөнчө Тажикстандан чыгып кетпеш керек.