"Президенттин уулун колдоого мажбурлашты"

Тажик президенти Эмомали Рахмон жана уулу Рустами, 2018-жылдын август айы.

Тажик бийлиги тарабынан уурдалып, кыйноого алынганын айткан оппозициялык активист Шарофиддин Гадоев Нидерланддан үн катты. Ал бийлик өкүлдөрү ага 2020-жылга белгиленген шайлоодо президент Эмомали Рахмондун уулун колдойсуң деген талап койгонун айтты.

Тажикстандык активист, "Группа 24" оппозициялык уюмунун мүчөсү Шарофиддин Гадоев соңку жыйырма күн ичинде башынан өткөргөн окуяларын Амстердамда журналисттерге айтып берди.

Европада бозгунда жүргөн Гадоев 15-февралда Дүйшөмбүдө күтүүсүз пайда болуп, коомчулукта таңдануу жараткан. Тажик бийлиги ал «өз эрки менен кайтып келгенин» билдирген.

Тажик оппозиционери 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарына учуп келген. Ал 7-мартта "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Тажикстандын коопсуздук күчтөрү аны Орусиядан уурдап, Тажикстанга алып барышканын, жолдо жана мекенине жеткенде кыйноого кабылганын кайталады.

Ал бийлик андан Европадагы "Тажикстандын экономикалык реформалар кыймылы" жана "Группа-24" тобу сыяктуу оппозициялык уюмдардын өкүлдөрүн артка кайтарууга көмөктөшүү жана президенттин уулуна колдоо көрсөтүү талабын койгонун айтты:

- Алардын планы боюнча "Группа-24" тобунун Тажикстанга кайтып келген 17 мурдагы мүчөсүнөн турган команданы жетектешим зарыл эле. Алар 2020-жылы Рустами Эмомали шайлоого катышарын, биз аны колдошубуз керектигин айтышты. Мени шайлоодо оюнчук катары колдонуп, оппозиция өз ыктыяры менен өлкөгө кайтып жатканын, шайлоо эркин өтүп жатканын көрсөткүсү келишкен.

Шарофиддин Гадоев менен "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы Хирамон Бакозода, Амстердам, 7-март 2019-жыл.

Оппозиционер бийликке "кызматташам" деп айтууга туура келгенин, бул өзү туш болгон кырдаал тууралуу Европадагы кесиптештерин кабардар кылуунун жалгыз ыкмасы болгонун белгиледи.

Ошондой эле мекенине «өз эрким менен кайтып келдим» деген алгачкы билдирүүнү тажик бийлигинин кысымы алдында жасоого мажбур болгонун кошумчалады.

Расмий Дүйшөмбү бозгунда жүрүп, кайдан-жайдан пайда болгон оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Гадоевдин айтымында, өзүнүн уурдалышына жана күч менен Дүйшөмбүгө экстрадицияланышына байланыштуу Нидарландда иликтөө башталды. Активист Москвада аны уурдоону уюштурганы үчүн орус бийлигин сотко берүүгө камынып жатканын, ошондой эле тажик тараптын соңку аракеттерин эл аралык коомчулук айыпташы зарылдыгын билдирди.

- Бул маселе эл аралык деңгээлде көтөрүлүшү керек. Мен мындай кырдаалдан кутулуп кеткен жалгыз эле адаммын. Ондогон кишилер саясий көз караштарынан улам түрмөдө отурушат. Алар бошотулушу керек.

Гадоев энеси жана эжелери менен, Дүйшөмбү, 2-март, 2019-жыл.

Гадоев Тажикстандан 2012-жылы чыгып кетип, акыркы жылдарда Нидерландда башпаанек алып, жашап жүргөн. Тажикстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө өтүшү керек.

Өлкөнүн мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул шайлоого президент Эмомали Рахмон да, анын уулу Рустами да катыша алат.

Гадоев мүчө болгон "Группа 24" уюмун тажик бийлиги 2014-жылы "экстремисттик" уюм деп тааныган. Буга аталган топтун Дүйшөмбү баштаган бир катар шаарларда элди өкмөткө каршы акцияларды чыгууга чакырганы себеп болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.