Тажик изилдөөчү тыңчы деп шектелүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-июнда Тоолуу Бадахшандын Хорог шаарында кармалган изилдөөчү Александр Содиковго “чет өлкөнүн кызыкчылыгына тыңчылык кылган” деген айып тагылды. Канадада туруктуу жашаган 31 жаштагы Содиков Тажикстандын жараны. Ал Канаданын Торонто жана Британиянын Эксетер университеттеринде жүргүзгөн илимий иштеринин алкагында Борбор Азияга келгенин айтат. Хорогдун жергиликтүү телеканалынын Содиков тууралуу видеосунан үзүндү.