Дүйшөмбүгө кайткан оппозиционер камалды

Шарофиддин Гадоев.

Европада бозгунда жүрүп, өткөн жумада Дүйшөмбүгө "өз эрки менен кайтып келгени" айтылган тажик оппозиционери камакка алынганы кабарланууда.

Амстердам: Тажикстан Гадоев кармалганын ырастады

Нидерланд бийлиги Тажикстан аларга Шарофиддин Гадоев кармалганы тууралуу маалымат беришкенин билдирди.

- Тажик бийлиги Нидерланддын Тышкы иштер министрлигине Гадоев мырза Тажикстанда экенин жана кылмыштуу ишмердиги боюнча кармалганын ырастады. Азыркы учурда Гадоевге кандайдыр бир жардам берүү жолдору караштырылып жатат, - деди 21-февралда “Азаттыктын” тажик кызматына Нидерланддын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Виллеман Вельдман.

Тажик оппозициясы менен укук коргоочулардын тынчсыздануусунан улам Шарофиддин Гадоевдин Дүйшөмбүгө кайтып келиши боюнча Нидерланд бийлиги да иликтөө баштаган. Гадоев Нидерландда туруктуу жашоого уруксат алып, акыркы кезде ушул өлкөдө өмүр кечирип келе жаткан.

Шарофиддин Гадоев Дүйшөмбүгө келгенден киийн. 16-феврал, 2019-жыл

Ал эми буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атын атабаган кызматкери Гадоев кармалганын четке каккан:

- Гадоевдин иши мунапыс берүү өтүнүчүнүн негизинде каралып жатат. Буга, албетте, бир канча күн убакыт кетет. Азыркы учурда Шарофиддин Гадоев кармалган жок. Бирок ал белгилүү бир сааттарда тиешелүү органдарга маектешүүгө келүүгө милдеттүү.

Тажик оппозиционердин энеси Ойшамох Абдуллоеванын 21-февралда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, уулу Шарофиддин Гадоев өлкө түштүгүндөгү Фархор районундагы үйүнө бир түнөгөндөн кийин, 20-февралда кечинде аны кайра алып кетишкен. Ага бийлик өкүлдөрү уулу жакында бошотула турганын айтышкан, бирок азыр анын кайда экенин билбейт.

Абдуллоеванын айтышынча, Гадоев бир канча адамдын коштоосунда үйүнө 19-февралда келген. Ал баласын коштоп келген адамдар ким экенин тааныбасын, бирок алар үйүнө түнөгөнүн кошумчалады. Коштоп келгендер Шарофиддин Гадоевди эртеси алып кеткен.

Гадоевдин өлкөгө келишинин табышмагы

Гадоевдин 15-февралда күтүүсүздөн Дүйшөмбүдө пайда болуп калышы - ал өз каалоосу менен келдиби же мажбурлап алып келиштиби деген карама-каршы пикирлерди жаратты.

Коңшу өлкөнүн бийлиги Шарофиддин Гадоев Тажикстанга 15-февралда өз ыктыяры менен келгенин билдирген.

Бирок анын адвокаты Гадоев Тажикстанга келгенге чейин Орусиянын бийликтери тарабынан Москвада кармалганын билдирүүдө.

- Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жообуна караганда, Шарофиддин Гадоев Интерполдун эки кызыл билдирүүсүнүн негизинде Орусия Федерациясында кармалган, - деди адвокат Виктория Надеждина 20-февралда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна.

Кызыл билдирүү – Интерполдун башка өлкөлөрдүн бийлигинен кылмышка шектүү адамдын турган жерин аныктоо жана камакка алуу тууралуу өтүнүч.

Виктория Надеждинанын айтымында, Интерполго камакка Гадоевди алуу тууралуу өтүнүчтүн бирин Кыргызстан берген. Бирок адвокат Бишкек аны кайсы иш-аракети үчүн издеп жатканын тактаган жок.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Виктория Надеждинанын кайрылуусуна берген жообунда оппозиционер Тажикстанга экстрадиция болгону же болбогону тууралуу айтылган эмес.

Тажикстандын улуттук альянсынын мүчөсү Абдусаттор Бобоев Европадагы тажик оппозициясы Гадоевдин тагдырына камтама болуп жатканын билдирди.

- Биз Шарофиддин Гадоевге тажик өкмөтү кандайдыр бир көйгөй жаратышы мүмкүн, анын ичинде көзүн тазалашы ыктымал деп кооптонуп жатабыз, - деди Бобоев 21-февралда.

Оппозиционердин эки башка видеосу

Бийлик оппозициялык “Группа-24” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Шарофиддин Гадоев Тажикстанга 15-февралда өз ыктыяры менен келип, Дүйшөмбү эл аралык аба бекетинде милицияга багынып бергенин билдирген. Ошондой эле "күнөөсүн мойнуна алганы үчүн ага мунапыс бериле турганы" да айтылган.

Ошол эле күнү Тажикстандын ички иштер министрлиги тараткан видеодо сүйлөгөн Гадоев “өз эрки менен келгенин, Тажикстандын оппозициясын сындап, башка активисттерди да өзүндөй болуп кайтып келүүгө үндөп, чет жерде жүрүп өз катасын түшүнгөнүн” айткан. Бирок тажик оппозициясы менен укук коргоочулар буга ишенбей жатат.

Анткени Тажикстандын улуттук альянсы оппозициялык кыймылы 19-февралда, Гадоев Орусияга жөнөгөнгө чейин жаздырылган делген башка видеону жарыялады. Анда Гадоев өз эрки менен эч убакта Тажикстанга барбай турганын айтат:

- Бул сапарым учурунда тажик атайын кызматтары мени өлтүрүп же уурдап кетиши мүмкүн. Ошондуктан тажик телеканалында же кайсы бир YouTube каналда мен тууралуу видео жарыяланып калса, ага ишенбеңиз. Анткени ал кыйноо жана басым аркылуу жасалышы мүмкүн. Мен өз каалоом менен Тажикстанга эч качан кайтып барбайм.

Гадоев аны кайсы бир кыймылга, топко же адамдарга каршы сүйлөөгө мажбурлашы мүмкүн экенин да эскерткен. Ал өз сөзүндө башка да тажик оппозиция ишмерлери Орусияга барган кезде өлтүрүлүп, уурдалып, жок кылынганын белгилеген.

- Мен 14-февралда Орусиянын Коопсуздук кеңешиндеги кызмат адамдары менен жолугушуу үчүн... Тажикстанда болуп өткөн айрым маселелерди талкуулоо үчүн, ошондой эле тажик мигранттарынын абалын талкуулоо максатында Орусияга барам.

Гадоевдин Тажикстанга “өз эрки менен кайтып келишинен” бир катар оппозициялык активисттерден тышкары апасы да күмөн санап турат. Ойшамох Абдуллоева уулунун үйүнө кайтып келүү планы болбогонун кабарлады.

Тажик оппозиционери менен 13-14-февралда Москвада жолукканын айткан орусиялык “саясий кеңешчи”, “Саясий жаңжалдарды алдын алуу жана жөнгө салуу институтунун” кызматкери Николай Николаев да Гадоев Тажикстанга баруу тууралуу айтпаганын, анда өзүнүн саясий ишмердигин улантууну планы болгонун билдирди.

Шарофиддин Гадоевдин оппозициялык ишмердиги

Тажикстандын ички иштер министрлиги 15-февралда Шарофиддин Гадоев 2012-жылдан бери издөөдө жүргөнүн, ага “аткезчилик” жана “жасалма документ даярдоо, сатуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

33 жаштагы Шарофиддин Гадоев – 2014-жылы сот тарабынан ишмердигине тыюу салынган “Группа 24” тобунун негиздөөчүсү, ишкер, 2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн Умарали Кувватовдун тууганы жана саясий өнөктөшү.

Умарали Кувватов

Кувватов өлгөндөн кийин чет өлкөдө жашаган Гадоев "Группа 24" уюмун жетектеп келген. Кийинчерээк уюмдун арасына жик кетип, ал “Тажикстандагы реформа жана өнүгүү” деген кыймыл түзгөн. Бул уюм өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири жетектеген Тажикстан улуттук альянсына кошулган.

Бийлик 2015-жылы негизги саясий атаандашы болгон Тажикстан кайра жаралуу партиясын жаап, анын ондогон мүчөсүн жана жактоочусун камакка алганы маалым.

Буга чейин да бир катар оппозициялык саясатчылар жана активисттер Орусиядан кармалып же уурдалып, Тажикстанга алынып келинген.

Оппозициянын жана эл аралык уюмдардын баасында 1992-жылдан бери Эммоали Рахмон башкарып келе жаткан Тажикстанда бийликти сындагандар куугунтукталып, сөз эркиндиги чектелип, адам укуктары бузулган учурлар көп катталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.