Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

FH: Дүйнөдө демократия артка кетти


 "Freedom House" уюмунун дүйнөдөгү демократиянын абалын көрсөткөн картасы.
"Freedom House" уюмунун дүйнөдөгү демократиянын абалын көрсөткөн картасы.

"Freedom House" уюму (FH) дүйнөдө демократиянын абалы 13 жыл катары менен начарлап баратканын билдирди. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул уюмдун соңку баяндамасында Американын демократиялык институттарына да кысым болуп жатканы белгиленген.

"Freedom House" уюму "Дүйнөдөгү эркиндик - 2019" аттуу жаңы баяндамасында Жер жүзүндөгү демократиянын абалына тынчсыздануусун билдирди.

5-февралда жарыяланган бул баяндамада глобалдык демократиянын абалы 13 жыл катары менен начарлап жатканы айтылат.

Соңку бир жылда саясий укуктар жана жарандык эркиндик чөйрөсүндө дүйнөдөгү 68 өлкөнүн көрсөткүчү начарлаган. Болгону 50 мамлекетте жылыш байкалган.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул уюмдун адистери Орусия, Иран, Азербайжан, Венгрия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы жарандык эркиндиктин абалын сынга алышкан.

"Freedom House" уюму жаңы баяндамасынын мукабасына "Эркиндик" деген сөздү отко жагып, аны тегеректеп турган дүйнөлүк лидерлердин карикатурасын да чыгарды.

Анда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, орус президенти Владимир Путин, Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын катарына АКШнын президенти Дональд Трамп да кошулганын көрүүгө болот.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Себеби "Freedom House" уюму жаңы баяндамасында Трамптын администрациясын "баш калка сурагандардын мыйзамдуу укуктарын негизсиз чектеп, мыйзам үстөмдүгүнө, журналисттерге жана башка демократиянын принциптерине шек келтирип жатат" деп айыптаган:

- Бизди эң көп сот системасын бутага алган чабуулдар, прессаны жаман көрсөтүү аракеттери, коррупция менен кызыкчылыктардын кагылышы, шайлоолорубуздун мыйзамдуулугуна шек келтирген жүрүштөр тынчсыздандырат. Башка өлкөлөр АКШда болуп жаткандарды көрүп, биздин лидерлерибиздин жүрүм-турумун өз пайдасына колдоно алат. Менимче, президенттин дүйнөдөгү эң начар диктаторлордун айрымдарын кубаттаганы ал "демократиянын маанилүү экенине ишенбейт" деген пикир жаратып коюшу мүмкүн, - деп билдирди "Freedom House" уюмунун өкүлү Сара Репуччи.

Баяндамада АКШдагы демократиянын деңгээли Грециядагы, Хорватиядагы жана Монголиядагыдай деп бааланып, Германия менен Британиянын көрсөткүчүнөн кыйла төмөндөгөнү белгиленген. Ак үй Америка өкмөтүнөн каржыланган бул уюмдун жаңы баяндамасы боюнча үн ката элек. Бирок буга чейин Трамптын администрациясынын өкүлдөрү прессанын эркиндигине, демократиялык баалуулуктарга өзгөчө маани беришерин билдиришкен жайы бар.

Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев жана Гурбангулы Бердимухамедов башкарган Борбор Азиядагы үч өлкө жарандык эркиндик эң көп чектелген 13 мамлекеттин катарын толуктады.
Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев жана Гурбангулы Бердимухамедов башкарган Борбор Азиядагы үч өлкө жарандык эркиндик эң көп чектелген 13 мамлекеттин катарын толуктады.

Борбор Азияга келсек, "Freedom House" уюму Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды дүйнөдөгү эркиндик эң көп чектелген 13 өлкөнүн катарына кошкон. "Эркин эмес" деген бул мамлекеттер дүйнөдө демократиянын абалынын 13 жыл катары менен начарлашына салым кошуп жатканы да кошумчаланган. Ошол эле учурда уюм Өзбекстанда жылыш бар экенин белгилеп, бул өлкөдө саясий туткундардын абактан чыгып жатканын кубаттаган.

Адаттагыдай эле региондон жалгыз Кыргызстан гана «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарынан орун алган. Ошол эле учурда Кыргызстанда өкмөттүн экстремизмге каршы мыйзамдарды Интернет сайттарга, видео бөлүшүүчү платформаларга, керек болсо SoundCloud аудио порталына бөгөт коюу үчүн колдонуп жатканын сынга алынган.

"Freedom House" уюму бул жолу дүйнөдөгү 195 мамлекеттеги кырдаалды талдоого алган. Алардын 86сы "эркин", 59у "жарым-жартылай эркин", 50сү "эркин эмес" мамлекеттердин катарын толуктаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG