Алыскы Аличордун жашоосу
Тажикче тактага жазылган "Куш келипсиздер" деген сөз Аличорго келген конокторду тосуп алат. Жазуунун алдына калпакчан кыргыз менен топучан памирликтин сүрөтү тартылган.
4 миң метр бийиктикте турган Аличор Советтер Союзунда эң бийиктикте турган кыштак болгону менен белгилүү. Ош менен Хорогду туташтырган кан жолдун боюнда жайгашкан.
Күн батып бараткандагы көз ирмем. Жайы кыска, кышы катаал өрөөндө күн көпчүлүк маалда жаркырап тийип турат.
Аличордук үй бүлө. Көпчүлүк үйлөрдүн короо жайы курчалган эмес. Көчмөн турмуштагыдай ээн-эркин жашашат.
Аличордун көпчүлүк тургундары кыргыздар. Айрымдар тажик өкмөтүнүн кысымы сезилерин, жакында эле мектеп директорун иштен бошотуп, анын ордуна памирликти шайлашканына нааразылар бардыгын айтышат.
Аличордун балдары
Жергиликтүү мугалим, мурдагы мектеп директору Замир Назармамбетов айылдагы китепканада.
Замирдин энеси Мейбан байбиче өз үйүндө. Ал бала кезинде большевиктер кантип Памирде көчүп конуп жүрүшкөн жеринен кыштакка отурукташтырганын эскерип калат.
Жергиликтүүлөр топоздун сүтүнөн айран уютуп, каймак жасап, май сызгырышат. Эттен башка тамак-аш Хорог менен Оштон ташылат.
Замирдин жубайы Гүлзат мешке от жагууда. Советтик заманда айылга электр жарыгы жеткени менен жалпы түйүнгө байланбай калган. Азыр болсо генератору барлардын гана үйлөрүндө жарык бар. Көпчүлүк мешке терскен жагып, тамак-аш бышырып, тогуз ай бою жылынып чыгат.
Терскен жүктөгөн машине кыштакка келди. Терскен жыйноо экологияга зыянын тийгизет деп тыюу салынса дагы кыш маалында уруксат берилет.
Жергиликтүү ишкер Тагайбек Патандаев үй бүлөлүк чакан мейманканасынын маңдайында турат. Мейманканадагы конокторго Ирандан, Душанбеден ташылган азык-түлүктөн тамак-аш жасалат.
Белгиялык мотоцикл тепкендер Марко Поло мейманканасында. Тоолуу Бадахшан барган сайын туристтер көп каттаган аймакка айланууда.
Жергиликтүү аялдар туристтер үчүн боз үй тигип даярданууда.
Айчүрөк Көчөрбаева топоздун жүнүнөн шырдак жасап, үй бүлөсүн багат.
Арттагы тоолордо кыргыздар байырлаган Ооганстандын Памир өрөөнү. Көчөнүн аталышы тактада кыргызча жана тажикче жазылган.
Кытайлык оор жүк ташыган машине Аличорго чукул жерде. Кыргызстан оор автоунаа үчүн чек арасын жапкандан кийин Кытайдан чыккан машине Душанбеге Мургаб, Хорог аркылуу узак жол басып жетет.