Сырттагы калың кар малчылар менен байланышты үздү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдөгү Сырт өрөөнүндөгү калың жааган кар малчыларды түйшүккө салды. Ондогон мал-жандык өлүп, жайлоодогу Кайыңды кыштоосуна жол толук ачыла элек.

Айрым фермерлер табигый кырсыктарда чукул чараларды көрбөйт деп, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке нааразы болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык иш-аракеттер көрүлгөнүн билдирди.