"Бирөөнүн 30 кою өлдү". Жайлоодогу малды кырган жайкы кар

Сырт өрөөнү. 2-июнь, 2022-жыл.

Сырт өрөөнүндө 29-майдан баштап жааган калың кар малчыларды түйшүккө салды. Калың түшкөн кардан айрым жайлоолорго барчу жолдордон өтүү кыйындап, үч-төрт күндөн бери Кайыңды аймагындагы малчылар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы фермер Орунбек Мааданбеков учурда өлгөн малдын чыгымын тактап жатышканын айтты.

"Кырылган малдын саны азырынча белгисиз"

- Чукул кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-июнда парламентте Сырт өрөөнүндөгү абал жөнүндө акыркы маалыматты берип, анда Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан миңге жакын кой-эчки, 200дөй бодо мал, жылкы өлгөнүн айтты. Азыр абал кандай, буга чейин сүйлөшкөндө Сырт өрөөнүнүн эки аймагына жол ачыла электигин айтып жаттыңыз эле.

- Азыркы аракетибиз малчыларга жетип, алардын абалын, аманчылыгын билүү. Короонун тегерегинде өлгөн койдун эсебин тактап жатабыз. Эки аймактан тең чыгымды тактоого мүмкүн болбой жатат. Анткени байланыш жок. Көп эле өлүп жатат, анын баары эртең такталса керек. Мен 17 жылдан бери ошол жерде мал багам. Кайыңдынын төрүндө алты үй-бүлө бар. Алардан кабар ала албай жатабыз. Бери жактагы алты үй-бүлөгө балдар жолугуп келиптир. Ал жерде бир короодон ондон 40ка чейин кой өлгөн экен. Ал эми канча бодо, жылкы өлгөнү белгисиз.

Сырттагы кар малчыны да, өкмөттү да кыйнады

- Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө канча аймагында малчылар жайлайт? Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн кыскача айта кетсеңиз.

- Ал жер беш аймакка бөлүнөт. Ашуудан түшкөндө эле Оттук, андан кийин Эчкили-Таш, Көөлүү, Эңилчек жана Кайыңды. Кышы-жайы ошол жерде 79 үй-бүлө мал багат. 28инен 31-майга чейин аба ырайы бузулуп, айрым жерде бир метрден өйдө кар жаады. Бийлик кичине иш жүргүзүп, учурда үч аймакка жол ачылды. Азыр Эчкили-Таш менен Кайыңдыдагы отуз малчы эмне болгону жөнүндө маалымат жок.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик улам-улам маалымат берип, жолду тазалоого аракет кылып, малчылар тоют жөнөтүп жатканы жөнүндө кабар берүүдө. ӨКМдин маалыматында буга чейин миң түк чөп жөнөтүлгөн, дагы жөнөтүлөрү айтылды. Ушундай табият кырсыктарынан көп чыгымга учурабашы үчүн малчылар жана жергиликтүү бийлик кандай аракет кылышы керек?

- Ысык-Көл обулсунда ӨКМдин бөлүмү бар. Ак-Суу району Баткен, Чаткал сыяктуу эле шарты каттаал, Кытай менен чектешип турабыз. Мен ӨКМдин бул жактагы короосунда үч сааттай жүрдүм, 20дай кызматкер бар экен бирок, жакшы техникасы жок. Кампасында алты тонна күйүүчү майы бар экен. Техника болбогондон кийин мындай кырдаалда ыкчам аракет кылуу кыйын. Төрт жакшы техника алып коюп койсо болмок да. Буга акылдын деле кереги жок. Өзгөчө кырдаалда жардам бербеген мекеменин эмне кереги бар?

ӨКМ тараткан сүрөт.

- Учурда ӨКМ 12 оор техника Сырт өрөөнүндөгү жолдорду, ашууларды тазалап жатканын билдирди. Жети-Өгүз районундагы малчылар жөнүндө кабарыңыз барбы?

- Жети-Өгүз районунун абалы деле жакшы эмес. Бирок бизге караганда жергиликтүү бийлиги уюшкандык менен иш алып барат, Кумтөр болгонуна байланыштуу жолдору жакшы. Кар жаагандан баштап бардык жетекчилер ошол жерде болгонун тааныштарым айтышты. Бизде аким эмгек өргүүсүнө кетип, губернатор “Алтын балалыкты” ачып жүрүп алды окшойт. Иш кеч башталды.

- Малчылар бир топ эле чыгым тартты да. Ал жактагы элдин киреше булагынын бир бөлүгү мал чарбасы эмеспи...

- Эми бул жерде бир маселе бар. Ошол жерде жайдыр-кыштыр жайлаган мендей фермерге эч нерсе эмес. Малыбыз кудайга шүгүр. Негизгиси апрель айында элдин малын алып көчүп баргандарга кыйын болду. Бирөөнүн 30, бирөөнүн 10 кою өлдү. Алар кыркынды эрте баштаган. Алыскы жайытты пландаштыра элек болчу. Карапайым элдин азыноолак кою кырылып калбаса экен. Мамлекет калыстык кылып ошолорду карап койсо болмок. Малчылардын короосунда элдин миңден кою бар. Алар эч нерсе кыла албай эле отурат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик Сырт өрөөнүндөгү маалыматтарды тынбай берүүдө. Алар малчылардан кабар алганы, жолду тазалаганы жана тоют жеткиргени жөнүндө сүрөт, видеолорду чыгарууда.

Министрликтин маалыматында калың жааган кардан кийин Ак-Суу районунда 378 кой-эчки, 142 бодо мал, 22 жылкы өлгөн. Жети-Өгүз районунда малчылар 610 кой, 13 топоз, үч жылкыдан кол жууган.

Кыргызстанда жай айында калың кар жаап, мал кырылган учур акыркы жолу 2013-жылы катталган. ӨКМ анда Ысык-Көл облусунда 300дөн ашык кой кырылып, эки жылкы жана алты уй өлгөнүн билдирген. Нарында 270тен ашык кой жана эки кулун тоңуп өлгөн. Кара-Кужур, Солтон-Сары жайлоолорундагы малчылар анда жайыттагы карды кол менен күрөөгө аргасыз болушкан.