Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөрдүн Чыгыш Гута аймагын 18-февралдан берки бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болду, 1200дөй киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн 58си - балдар.
Бомба түшкөндөн кийин жарадар болгондорду урандылардан алып чыгып жаткан адамдар тартылган тасмаларды 19-20-февраль күндөрү "Рейтер" агенттиги да таратты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дамасктагы өкмөт болсо Чыгыш Гутада согушкерлер гана бутага алынды деп ырастоодо. Өкмөттүк медиа кабарлагандай, ал жердеги согушкерлер да Дамасктын райондорун минометтон аткылаганда бир бала мерт болуп, сегиз киши жаракат алган.
Улуттар уюмунун өкүлдөрү 20-февралда Женевадагы басма сөз жыйында Чыгыш Гутада эл аралык гуманитардык мыйзам одоно бузулуп жатканын эскертишип, тараптардын баарын кырдаалды де-эскалациялоого чакырышты:
- Биз Сириядагы эң оор уруштардын бирине, жарандык инфраструктуранын, анын ичинде медициналык жайлардын кеңири масштабда талкалануусуна күбө болуп жатабыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Гутанын чыгыш бөлүгүндө беш ооруканага сокку урулганы тууралуу маалымат алды, учурунда мунун чын-бышыгын жана кесепеттерин иликтөөдө. Биз мурдагыдай эле Чыгыш Гоутага жаракат алгандар менен жарадарларга жардам берилиши, муктаждарды эвакуациялоого жол ачылуусу үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө чакырабыз, - деди Женевадан Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Кристиан Линдмайер.
2013-жылдан бери өкмөттүн камалоосунда турган, борбор Дамаскка канатташ Чыгыш Гута районунда Улуттар уюмунун эсебинде, 400 миңдей киши жашайт.
19-февралда БУУнун Сирия кризиси боюнча аймактык координатору Паноса Мумциса Чыгыш Гутадагы гуманитардык кырдаал “көзөмөлдөн чыгып бара жатканын” белгилеген.
Сирия оппозициясынын Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып келаткан башкы өкүлдөрүнүн Наср Харири бул аймактын бомбаланышын “аскерий кылмыш” деп атады:
- Гутада болуп жаткандар аскерий кылмыш. Бул нерсе эл аралык мыйзамда айдан-ачык көргөзүлгөнү менен, Сирияда эл аралык мыйзам иштебейт. Химиялык курал колдонулганына, чачырама бомбалар ташталганына, камалоого, режимдин каршылаштарын ачарчылыкта кармоо саясатына карабай эч ким коргоого албаганын Сириянын ичиндеги биздин эл да түшүнө албай турат. Режим эл аралык кызыл чектердин баарын бузду, бирок эч кандай жоопкерчилик жок.
Харири Чыгыш Гутадагы кан төгүүлөр үчүн президент Башар Асадды колдогон Орусиянын аба күчтөрүн жана Ирандын кошуундарын да айыптады.
Бул арада 20-февралда Сириянын өкмөтчүл күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө күрттөр көзөмөлдөгөн Африн анклавына киргени белгилүү болду. Сириялык күрттөрдүн башкы куралдуу бирикмеси - Элдик коргонуу кошуунунун (YPG) билдиргенине караганда, Дамасктагы өкмөт жөнөткөн “аскерий бөлүктөр Сириянын чек араларын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого катышуу” үчүн келген.
Бирок Афринде күрт кошуундарына каршы 20-январдан бери операция өткөрүп жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ түрк аскерлери аларды артиллериядан атып “артка кайтууга мажбурлады” деп ырастады.
Башар Асадды колдогон Орусия соңку окуялардан улам Дамаск менен Анкараны сүйлөшүүгө үндөдү. Ал эми өткөн аптада Анкарада болгон учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түркияны Африн аймагындагы операцияда сабырдуулукка, кырдаалды курчута турган аракеттерден оолак болууга чакырган.
Түркия өз тарабынан АКШ Сирияда күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуунун (YPG) колдогонуна нааразы болуп жүрөт. Вашингтон Сириядагы күрт кошуунун “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө башкы өнөктөш катары караса, Анкара аны Түркиядагы күрт козголоңчуларына байланышы бар “террорчу” топ деп санайт.